ИИМ: Бурулайга кол салуу учурунда милиционер «алаксып» кеткен

Бурулайды акыркы сапарга узатуу зыйнатында коюлган сүрөт/Turmush.

ИИМдин Ички коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Өмүрали Сегизбаев билдиргендей, 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызы отурган бөлмөгө аны ала качууга аракет кылган адам кирип жаткан учурда Жайыл РИИБнин кызматкери алаксып кеткен. Бул шалаакы мамиленин айынан Буралай ала качкан адамдын колунан каза тапкан.

Сегизбаев бул туурасында 8-июнда ИИМдин Коомдук кеңешинин жыйынында маалымдады. «Мындай болуп кетээрин эч ким күткөн эмес. Кызматкерлер алар (ала качкан адам менен Бурулай) өз ара келишип алышат деп ойлошкон», — деп түшүндүрдү ал.

Андан сырткары, ал Бурулай бычакталган жердеги Жайыл РИИБнин кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын кошумчалады.

Мурдараак ИИМ Бурулайдын өлүмүнөн кийин Жайыл РИИБнен беш милиционер кызматынан бошотулуп, дагы сегиз кызматкер ээлеген кызматтарынан түшүрүлгөнүн кабарлаган.

Милициянын дагы үч начальниги катаал сөгүш алып, ал эми укук коргоо кызматкерлеринин жетөөсүнө алардын кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө тартиптик жазасы жарыяланды — алар бир жыл ичинде кызматтарынан төмөндөө же бошотулуу коркунучунда болушат.

Жалпысынан иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча 23 милиционер жазага тартылган.

Милиция бөлүмүндөгү өлүм

Милиция 28-майда адам уурдоо жөнүндө келип түшкөн маалыматтан кийин Сосновка айлынын постунда эки эркек киши менен бир кызды кармап, Жайыл РИИБине жеткирген.

Милиционерлер кармалагандар боюнча документтерди тариздеп жатканда, кыз жарандарды кабыл алуу бөлмөсүндө болгон. Кызды ала качууга аракет кылган киши ал жерге кирип барып, эшикти бекитип алып, кызга бир нече жолу бычак шилтеген, андан соң өзүнө да бычак сайган.

Кыз алган жараттарынан улам жандандыруу бөлүмүндө көз жумуп, ал эми ала качкан балага операция жасалган. Кармалгандардын экинчиси Жайыл районунун тергөөчүлөрүнө өткөрүлүп берилген.

Кызга бычак сайган балага «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш козголгон. Милиция кызматтык иликтөө баштап, ал эми райондук прокуратура өз милдеттерине шалаакылык мамиле жасаган милиционерлерге кылмыш ишин козгогон.


ТЕМА БОЮНЧА: