Баткен облусундагы бала бакча. Сүрөт: Эльёр Нематов/ЮНИСЕФ

Мамлекет 2010-жылдан тарта 90-жылдарда менчиктештирилген бала бакчаларды өзүнө кайтара баштаган. Андан бери Бишкекте 11 имарат муниципиалдык менчикке кайтарылган. Ошол эле учурда шаарда баары бир бала бакча жетишсиз — 4 миңден ашуун бала өз кезегин күтүп турат.

Бул эмне үчүн маанилүү? Кыргызстанда бала бакчалардын саны жетишсиз. Статистика боюнча, беш баланын ичинен бирөөсүнүн гана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барууга мүмкүндүгү бар. Мамлекет акырындык менен бала бакчалардын имараттарын өз менчигине кайтарып, бул көйгөйдү чечүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Бишкектик Кызжибек Сыргаеванын эки баласы бар. Алар Башкы штабга караштуу бала бакчага барышат, бирок ага чейин алар бир нече жыл кезекте турушкан. Сыргаева мамлекеттик бала бакчалар ашыкча толуп калгандыктан, алардын тобунда 40тан бала болушу мүмкүн экенин айдууда.

«Менин улуу балам эки жашка чыкканда аны бала бакчага жаздырайын деп, эки жыл күткөнбүз. Кезекте эки жыл туруп, балам төрткө чыкканда соң гана бала бакчага бара баштады. Өз кызымды мен кош бойлуу кезимде эле кезекке каттатып койгондуктан ал бир жылдан кийин бакчага баруу укугуна ээ болгон», — дейт Сыргаева.

Азыр Кыргызстанда 1000ге чукул мектепке чейинки билим берүү мекемеси иштейт, бирок статистика өлкөдө беш баланын ичинен бирөөсүнүн гана мектепке чейинки билим алууга мүмкүндүгү бар экенин көрсөтүп турат.

2010-жылы өлкө боюнча 1000ден ашуун бала бакчанын ичинен жарымынан бир аз көбү гана өз багыты менен иштеп жатканын белгилүү болгон. Ошондо Кыргызстандын өкмөтү 90-жылдары мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчаларды мамлекеттик менчикке кайтарууну чечкен.

Мамлекет 2018-жылы өз менчигине өлкө боюнча, 172 бала бакчаны кайтарган, бирок алардын ичинен азырынча 50 бакча иштебей турат. Калган бакчаларда же оңдоп-түзөө иштери жүрүп атат, же бийлик ага каражат издөөдө.

Бишкекте мамлекеттик бала бакчалар эки-үч эселеп толуп калган. Мисалы, 210 орунга ылайыкталган №47 бакчада 500дөн ашуун бала окуйт, ошол эле учурда дагы 200 бала кезек күтүп турат. Билим берүү министрлиги Бишкекте 4000 ашуун бала бакчага кирүү үчүн өз кезегин күтүп жатканын айтууда.

Кайтарылгандар жана жаңы бакчалар

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун басма сөз кызматы билдиргендей, ал Бишкек мэриясынын менчигине 11 бала бакчаны кайтарган жана алардын бардыгы өз багыты боюнча иштеп жатат.

Бул бала бакчаларда кайтарылганга дейре эмне болгон жана кайтыруу иши кандай ишке ашкан?

Айрым имараттар 90-жылдары эле жеке адамдарга сатылып кеткен. Мындай учурларда райондук прокуратура сот аркылуу ал сатык иштерин жараксыз деп таануу чечимдерин алууга чуркап, ошондон кийин бакчалар мамлекетке кайтарылган. Ушундай жол менен «Кызыл куруучу» кичи районундагы бакча кайтарылган — ага чейин бул имараттын ичинде арак-шарап продукциялары үчүн капкактар жасалчу.

Башка учурларда бала бакчалардын имараттарынын ичинде мамлекеттик органдар жайгашып, Бишкек мэриясы алардан орун жайды бошотууну талап кылышкан. Мисалы, 2015-жылга чейин №78 бала бакчада Биринчи май районунун соицалдык өнүктүрүү башкармалыгы иштеп турган.

Бишкек мэри Албек Ибраимовдун айтымында, 2018-жылы шаар бийлиги дагы үч бакчаны кайтарууну пландоодо. Андан сырткары, мэрия Бишкектеги конуштарда жаңы бакчаларды куруп, жаңы жеке менчик бакчалардын ачылышын кубаттоо менен аларды айрым салыктардан бошотушкан.

Бишкекте азыр 116 жеке менчик бала бакча иштейт.