Зейнеп Базарбаева 20 жылдан бери жылкы багып келет. Бул убакыт аралыгында коңшу өлкөлөргө чейин анын атагы чыгып, асыл тукум жылкыларын сатып алып кеткен чет элдик улакчылар да бар. Саяпкерлик кылган Зейнеп апа кантип бул өнөрдү аркалап кеткени жана кесибинин оош-кыйышы туурасында «Клооптун» кабарчысына айтып берди.

Мал чарбачылыкка бел байлап, анын арты менен балдарын окутуп, билгенин жаш фермерлерге үйрөткөн Зейнеп Базарбаева азыр 65 жашта. Ал Оштогу Өзгөн районунун Мырзаке айылында туулуп өскөн. Бир кездерде шаардагы турмушунан жана кызматынан баш тартып, жылкы багуу үчүн баса берген айылы — ушул Мырзаке.

Зейнеп Базарбаева өзү баяндайт.

Кичинемден эркектин жумушун жасап чоңойдум

Атамдын тиленип жүрүп 53 жашта көргөн тун наристесимин. Менден кийинки бир туугандарым кичинекей болгондуктан балалыктан эркектин жумушун жасадым. Атам сакалы жайкалган аксакал эле, оордугу түшпөсүн деп колдон ишин алып, малын кайтарып, атына чөп салып, суугарып жүрүп өстүм.

Ошол себептенби, апама караганда атама жакын болчумун. Жайкысын чөбүн жыйнашсам, кээде атамын мылтыгын көтөрүп, тайганды ээрчиткен бойдон чогуу ууга чыкчубуз. Жылкы жөнүндөгү элестетүүм атамын чыгармаларды баяндап бергенинен калыптанган. Ат менен учууга да, каалаган жериңе жетсең да болот экен деп ишенчүмүн.

Мектепти аяктагандан кийин училищеде бухгалтердик кесипке окудум. Союз ураган маал эле, төрт жылдай бала бакчада кесибим боюнча иштеп жүрүп, анан соода тармагына ыктап кеттим. Ишкердиктин арты менен Казакстан, Орусия, Түркия мамлекеттерине чейин бардым. 1996-жылы Арабияга ажы сапары менен барганымда суу жана топуракты сатып алышканын, таштын үстүнө курманы эккенин көргөндө, Кыргызстаныбыз бейиш экен деп ыйлагым келди!

Тизеден былкылдаган топурагыбыз, шаркыраган таза суубуз турса, эмне үчүн ошол шартты пайдаланбайбыз деп ойлодум. Келээрим менен шаардагы cоодамды тун уулума өткөрүп берип, өзүм айылды көздөй баса бердим.

Карасам тоо-жайыттар бош, мал айдаган киши жок. Баарын байкаган соң, ферма кылайын дедим да, Мырзаке айылындагы эски сүт фермасынын имаратын сатып алдым. Имарат жабылып, каралбай калган экен.

Жылкы ферманы банктан насыя алып баштадым

Алгач уй, жылкы жана кой багылган ферманы банктан насыяга акча алып түптөдүм. Көпчүлүгү кредитти алып, мал кылып койсом эле болду деп ойлошот. Менин  ийгилигимдин сыры — киреше менен чыгашаны кылдат эсептегенимде болду окшойт.

Кыл куйрукту жакшы көргөнүм үчүн андан ары жылкыны көбөйтүүнү чечтим. Учурда жылкынын саны 175ке чукулдады. Алардын көбү асыл тукум. Арасынан дагы да өзгөчөлөнүп, суурулуп чыккандары да болот. Кандай ат чыгаары кулун кезинен билинет — дене мүчөсү келишкен болот. Мындай талапка анчалык дал келбеген жылкыларды деле таптап алуу мүмкүн.

Жылкынын негизги азыгы жем, беде жана эспарцет чөбү. Жылына 40 тонна арпа, 10 тонна сулуу, 4 миң боо беде, 2 миң таңгак эспарцет сатып алам. Кышкысын арпага сулууну аралаштырып берем, анткени кулундун түсү жаркырап, көрктүү болот.

Ат күнүгө үч маал чөп, бир маал жем жейт. Калган учурда Кара-Шоро, Сурташ, Чытты деген жайлоолордо оттошот. Болгону кышкысын 2-3 ай жем менен багылат.

Булар деле тирүү жандык, кулундардан баштап бээ-айгырларга чейин көз салып, маанайына, абалына көңүл бөлүп, тамактанышын көзөмөлдөйбүз. Тайлар ооруп-сыркабай чоңоюшу үчүн жылына эки ирет ветеринардын кароосунан өткөрөбүз.

Кардарларыма чалып, жылкыларымы сурап турам

Бара-бара жылкынын сапатына, эттүү же сүттүү экенине көңүл бөлө баштадык. Келген кардарлар ар кандай асыйдагы атты союшка, ат чабышка же байгеге коюу үчүн алып кетишет. Кардарларымын арасында Жалал-Абад, Баткен облусундагылар, ошондой эле Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандагылар да бар.

Жылына кеминде 30 жылкы сатсам, кардарларыма телефон чалып, жылкыларымдан кабар алып турам. Жаштайынан жем-чөбүн камдап, өзүң өстүргөндүгүң үчүн жылкылар дүйнөңдүн бир бөлүгүндөй болуп калат экен.

Жаныбарларымдын ар бирине мүнөзүнө жараша ысым ыйгарып алгам. Мисалы бир атты күчтүү болгондугунан улам БТР деп атайм. Мындан сырткары Цезарь, Буян жана Сарышка деген жылкыларым бар.

Цезарь аттуу жылкыбыз сегиз үйүргө тең ээлик кылчу. Айгырды үч жылда  алмаштырып турбаса, ургаачылары жетилип калат да. Цезарды алмаштыруу мезгили жеткенде союп жиберүүгө колубуз барбады, саттык. Жаңы ээсине узатып жатканда, кызым экөөбүз тең ыйладык.

Цезарга карап «13 жыл колумда жүрдүң, мындан ары кудай, сени кандай адамдарга, кандай тагдырга туш кылбасын, багыңды ачсын. Барган жериңди көгөрт, көбөйт» деп шыбырадым. «Менин колумда өткөргөн жылдарыңа, кечирген жашооңо ыраазы бол. Мен сага ыраазымын!» деп батамды берип узаттым.

Жыл сайын жай мезгилинде жылкыларым оттогон жайлоого барып, алар менен дидарлашып кайтам. Ар барганда көтөрө алышымча туз салып алам. Алып барган тузумду тегиз таштардын үстүнө жайып берем. Аттарынан айтып чакырсам, тим эле колот-колоттон учуп чыгып келишет.

Жеп жатып кайра-кайра моролоп карашат. Жазда туулган кулундары тааныбайт да мени. Алар ормоюп, элеңдеп эле калышат. Мээрим төгө сүйлөшүп, эми күздө көрүшөбүз деп кайра кайтам.

Өткөнкү жылы тузду бийикке көтөрө албай, куру кол чыктым эле. Жылкыларымды атынан атасам, энесине талпынган баладай алдыма чуркап келишти. Колумду карап, «куру кол келдиңби» дегендей ормоюшат. Ушундай жаман болдум дейсиң… Аларга «Капа болбогула, көтөрө албадым» деп көпкө чейин сүйлөштүк. Кайтаар маалда «дайыма туз берчү эле го, бул ирет эмне болду» дегендей кыйла жерге  чейин мени ээрчип барышты.

Жылкы жаныбарынын тили эле жок. Калган бүт кылганыңды, ага кам көргөнүңдү, мээрим төккөнүңдү сезишет.

Аялдарга саяпкерлик жарашат

Эч ким дыйкан, фермер же саяпкер болуп төрөлбөйт. Тамчыдан көл куралгандай эле, мээнет кылууну, иштеген тармагыңда тажрыйбага ээ болууну турмуш өзү белек кылат. Кудай аялга да, эркекке да бирдей эле эки кол, эки бут берген. Аял кишининин эркекке караганда бир аз алсыздыгын, күчсүздүгүн эске албаганда, бул ишти деле эки тарап тең бирдей жасаса болот. Алың, күчүң бар болсо саяпкерлик кылуу аял кишиге деле жарашат.

Төрт жыл мурун кызым экөөбүз Бишкектен келе жатканбыз. Айдоочу жакшы жигит экен, келгенче өткөн-кеткендерден ой бөлүшүп, баарлашып келдик. Жерлигимди айтсам, «Өзгөндө жылкы таптаган Зейнеп эже деген аял бар экен. Тааныбайсызбы?» деп сурап калды. Чочуп кеттим. Ошол аял менмин деп жибермек белем. «Айта берчи балам, таанып калаармын» деп койдум.

Анан «Ноокатка Цезарь деген айгырынын баласын алдык эле» деп айта баштады. Ат жакшы чыкканын, улактын алды болуп жатканын айтты. Аябай толкундандым, сен жөнүңдө бирөө жакшы сөз айтып жатса башкача болот экенсиң.

Мал багууну баштагандан бери эле өзүмдүн неберелерим, туугандарым жылкыларыма саяпкерлик кылып, көк бөрүгө минип жүрүшөт. Улакка көбүнчө Данчак, Кара Байыр, Жаңы кыргыз тукумундагы жылкылар чабылат. Себеби мындай жылкылар эстүү, күчтүү жана дене мүчөсү да келишкен болот. Менден сатып алып кетишкен жылкылар килем, акчалай сыйлык, командалык оюндарда автомобиль жеңген учурлары да бар.

Шаарда калсам батирге кысылып, пенсияга жашамакмын

Жакында тажрыйбамды арттыруу үчүн Израилге барып келдим. Ал жактагы фермалар, түзүлгөн шарттар менен таанышып, ат багуу жаатында билимимди арттырдым. Барган жеримде жаш фермерлерге өз билгенимди бөлүшүп кайтам.

Бизди мезгил өзү окутту, тарбиялады. Баарын тамчыдан курадык десем болот. Чарбамда бүгүнкү күндө жылкылар гана эмес, уй, төө, павлин, кекилик, тоок жана башка канаттуулар да бар. Убагында шаардагы үйүмдү таштап, кыштакка көчүп келгениме өкүнбөйм. Болбосо калаанын бир батиринде кысылып, пенсия акыма жашап жүрмөкмүн да.

Шаардан айылга келгенде эми кантем деп ойлогом. Үстүмдө ачык асман, жегеним эт, ичкеним сүт, таза аба, дагы эмне керек? Айылга деле келип шарт түзүп алып жашаса болот. Элдерди айыл жергесине келип жашоого чакырат элем. Эң жакшысы — айыл.

Балдарымдын баарын окутуп жогорку билимдүү кылдым. Экинчи кызым Маргуба жолумду улайт деп үмүттөнөм. Учурда кызым үй-бүлөсү менен чарбага көчүп келип, фермерликтин сырларын үйрөнүүдө.

Келечекте жылкыларымды дүйнөлүк аренага алып чыгып, аттарга таандык бийлөө, чуркоо өнөрлөрүн үйрөткүм келет.

Авторлошу: Нурсултан Төрөев