Ошто июнь окуясында каза болгондор эскерилүүдө. Сүрөт: Багдагүл Матжакыпова/Kloop.kg

Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон улуттар аралык кагылышууга быйыл сегиз жыл толду. Ага карата 10-июнь күнү Ош шаарында бийлик өкүлдөрүнүн, маркумдардын жакындарынын катышуусу менен «Эненин көз жашы» монументинде эскерүү иш-чарасы өттү.

Эскерүү иш-чарасына биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана маркумдардын жакындары болуп 300гө жакын киши катышты. Анда куран окутулуп, аягында монументтин жанындагы «Тынчтык коңгуроосу» кагылды.

Расмий маалыматтар боюнча, июнь окуясында 400дөн ашуун киши каза болуп, 1500дөн ашык киши түрдүү жаракаттарды алышкан. Расмий эмес маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 2000 кишиден ашкан.

Кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы жаңжал 2010-жылдын 10-июнунда башталып, 3 күнгө созулган. Кырдаал 14-июнь күнү эртең менен турукташа баштаган.