Эми Бишкектен «Манас» аэропортуна чейин жана кайра шаарга эки маршрут боюнча ар жарым саат сайын каттаган экспресс кичи автобустар менен жетсе болот. Мындай каттамдын баасы 120 сомду түзөт.

Бул эмне үчүн маанилүү? Мурда «Манас» аэропортуна чейин жана кайра шаарга кайтуу үчүн такси кызматтары менен гана 500 сом же андан жогору акча төлөп барып келүү мүмкүн болчу. Аэропортко чейин барып келүүнүн дагы бир амалы бар болчу — ал жол боюнда аба майданды көздөй каттаган маршруттук таксини тосуу.

Эл аралык «Манас» аэропорту экспресс кичи автобустардын аяккы аялдамасы катары 12-кичи район менен Көк-Жар конушун бекиткен. Кичи автобустар каттамдын аралыгы жарым саат менен күнү-түнү иштеп, анын баасы 120 сом турат.

План: «Манас» аэропорту
План: «Манас» аэропорту

Аэропорттун басма сөз кызматы жүргүнчүлөрдү кондиционер жана сыналгы менен жабдылган «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобустар ташып атканын маалымдады.

Андан тышкары аэропорттон жакын арада Ысык-Көлдүн жээгиндеги Бостери айлынан аэропортко чейин аэроэкспресс ишке киргизилээрин кабарлады.