Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевдин иши кайра кароодон баш тартты

Кыргызстандын башкы прокуратурасы «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгуудан баш тартты. Жогорку сот 2017-жылы ноябрда Текебаевди орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар өлчөмүндө пара алуу боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Партиянын юристи Таалайкүл Токтакунова «Клооптун» кабарчысына башкы прокуратура соттолгон саясатчынын ишин кайра кароодон 11-июнда баш тартканын кабарлады.

«Биз бул чечимге макул эмеспиз жана аны сотто даттанабыз», — деди ал.

Азыр Өмүрбек Текебаев камакта отурат. Кыргызстандын Жогорку соту 2017-жылы ноябрда Өмүрбек Текебаевди 2010-жылы орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар өлчөмүндө пара алуу боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ошол кезде Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары болуп турган Текебаев акчаны алгандан кийин Маевскийге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга шарт түзүп бериши керек болчу. Текебаевди орусиялык ишкер менен Маевскийдин Кыргызстандагы ишенимдүү адамы Алексей Модин тааныштырган.

Саясатчы мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен сегиз жылга кесилген. Бирок мунапыс колдонулгандан кийин Текебаевдин абак мөөнөтү төрт жарым жылга чейин кыскартылган.


ТЕМА БОЮНЧА: