Шаардык сот Сапар Исаковду тергөө бүткөнчө камакта калтырды

Исаковдун тарапташтары Бишкек шаардык сотунда. Сүрөт: Алишер Болотбек уулу/«Азаттык».

Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду тергөө аяктаганга чейин камакта калтырды. Ага Бишкек жылуулук борборун жаңыртуудагы коррупция ишине байланыштуу айып тагылган.

Шаардык сот Биринчи май райондук сотунун мурдагы чечимин күчундө калтырды — Исаков тергөө аяктаганга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында болот. Исаковду жактаган тарап судьялардан аны үй камагына бошотууну суранган.

Шаардык соттун отуруму 13-июнда жабык тартипте өттү. Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов бул чечимди даттанаарын айтты.

«Албетте биз арыз беребиз. Биз мыйзамдын бардык акылга сыйып-сыйбаган мүмкүнчүлүктөрүн түгөтөбүз. Биз жөн гана көрсөтмөлөр аткарылып атканын көрүп атабыз», — деди ал.

Исаков өзү мурдараак бул «толук адилетсиз» иш экенин айткан.

УКМК Сапар Исаковго 29-майда айып таккан. Тергөөнүн версиясы боюнча, Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган кезде, Бишкек ЖЭБди жаңыртуу үчүн жалданмачыны тандоодо, «чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын сүрөмөлөгөн». Ал кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы жалданмачы болуп калган.

Исаковдун аракетери, атайын кызмат эсептегендей, мамлекетке «өзгөчө ири өлчөмдө» зыян тийгизген. Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңыртууга Кыргызстан Кытайдан алынган 386 млн долларды сарптаган.

Исаков өзү козголгон кылмыш ишин «таптакыр чектен чыгуу» деп атаган.

«Биз эми адвокаттар менен тыгыз иштеп, күнөөсүз экенибизди далилдейбиз. Бул таптакыр чектен чыгуу, мен нес болуп турам», — деген ал журналисттерге 29-майда УКМКдагы сурактан чыккандан кийин.

Шектүүгө айланган мурдагы өкмөт башчы

Исаков 2017-жылдын августунан тарта 2018-жылдын апрелине чейин премьер-министрлик кызматты ээлеген — бул жогорку кызматка ал Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда келген.

Исаков өкмөт башчылык кызматта турганда Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аягына чыгып, өткөн жылдын октябрь айында Сооронбай Жээнбеков өлкө башчылыгына шайланган.

Жаңырган жылдын январында Жээнбеков коррупция менен күрөшүүнү күчөтөөрү тууралуу билдирип, ошол эле айдан тарта анын мурдагы президент Атамбаев жана анын өкмөттөгү адамдары, анын ичинде Исаков менен пикир келишпестиктери пайда боло баштаган.

Исаковдун айланасындагы кырдаал январь айындагы Бишкек ЖЭБинде болгон авариядан кийин ырбап кеткен. Анткени Жылуулук борборунда Кытайдын 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыясына оңдолгонуна карабастан кыштын суук күндөрү авария болуп, бишкектиктер бир жумага жакын жылуулуксуз калышкан.

Апрелде парламент Исаковдун өкмөтүн ишеним көрсөтпөө вотуму аркылуу отставкага кетирген — бул Кыргызстандын тарыхындагы өкмөттү мындай жол менен кетирген алгачкы учур.


ТЕМА БОЮНЧА: