УКМК экс-премьер министр Темир Сариевди суракка чакырды

Мурдагы премьер министр Темир Сариев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы премьер-министр Темир Сариевди Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңыртуудагы коррупция иши боюнча суракка чакырды.

Экс-премьер суракка күбө катары чакырылганын «Клооптун» кабарчысына УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Темир Сариев 2015-жылдын ноябрынан тарта 2016-жылдын апрель айына дейре өкмөт башчылык кызматты аркалаган. Сариев учурунда Кытайдын TBEA компаниясы тарабынан ЖЭБди жаңыртуу иши өтүп жаткан.

Жылуулук борборун жаңыртуу иши үч жылга 2014-жылдан баштап, 2017-жылга чейин жүрүп, ага 386 млн доллар кеткен. Бул акчаны Кыргызстан Кытайдын «Эксимбанкынан» насыя катары алган. Бийлик ЖЭБди жаңыртууга кеткен чыгымды станцияда болгон авариядан кийин изилдей баштаган.

Бишкек ЖЭБдеги авария 2018-жылы 26-январда болуп, ал шаарда ызгаар суук башталган учурга туш келип, бишкектиктерди дээрлик бир апта жылуулуксуз калтырган.

Депутаттык комиссия 2018-жылы майда ЖЭБди жаңыртуу үчүн жабдуулардын баасы кымбаттатылган, ал эми кытай тарап коротулган 386 млн доллар жөнүндө деталдуу отчет берген эмес деген тыянак чыгарган.

УКМК ЖЭБди жаңыртуудагы коррупцияга айыпталган бир нече аткаминерди кармаган. Мисалы, атайын кызмат экс-премьер Сапар Исаковду жана Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы Айбек Калиевди кармаган.