Жалал-Абад: Иштамберди кенинин зыяндуулугун комиссия текшере баштады

Ала-Бука районундагы Иштамберди тилкесинде алтын өндүргөн кытайлык ишканадан уулуу зат чыгып-чыкпаганы текшериле баштады. Ал үчүн элден жана өкмөттөн турган атайын комиссия түзүлдү.

Иштамберди кенинин ишмердүүлүгүн талкуулоо үчүн Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев 13-июнь күнү тургундар менен жолукту. Бул тууралуу Ала-Бука районунун акими Эмилбек Абдыкадыров «Клоопко» маалымдады.

«Өкмөт өкүлдөрү Кытайдын алтын өндүргөн компаниясынын ишине нааразы эл менен жолугушту. Төрт саатка созулган чогулушта өкмөт өкүлдөрүнөн жана эл тараптан комиссия түзүлдү. Жыйынтыгында "Фулл Голд Майнинг" фирмасынан уулуу заттардын калдыктары сыртка чыгып-чыкпаганын текшерилүүгө алынмай болду», — деди Абдыкадыров.

Аким комиссия лабораториялык текшерүүлөргө жиберүү үчүн жеринде үлгү алынып жатканын айтты. Ал эми комиссиянын корутундусу качан чыгаарын Абдыкадыров тактаган жок.

Жалал-Абад облустук администрациясынын басма сөз катчысы Назима Алмазбекова «Клоопко» маалымдагандай, алтын кенинен 25 км алыстыкта жашаган тургундар кытай фирмасы мыйзамсыз иштеп жатканын айтышып, экологиялык зыяндарын текшерүүнү жана элге кун төлөп берүүнү, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну, калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылып жатышат.

Чаткал районундагы Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарынын 150гө чукул тургуну 12-июнь күнү Кытайдын «Фулл Голд Майнинг» фирмасынын ишмердүүлүгүн токтотуу талабы менен митингге чыгышкан.  

Чогулгандар машиналар менен цехтин аймагына кирип барып, кытайлык кызматкерлердин тез арада чыгып кетиши керектигин айтышкан. Өкмөт өкүлү жергиликтүүлөр менен жолугушуу өткөрүп, 13-июнга чогулуш белгиленген соң тарап кетишкен.

Кыдайдын «Фулл Голд Майнинг» компаниясы Иштамберди кенинде 2012-жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзүп келет.


ТЕМА БОЮНЧА: