Ош шаарынын активисттери ала качууга каршы жөө жүрүшкө чыгышып, аны милиция бөлүмүндө ала качкан баланын колунан бычакталып каза тапкан Бурулайдын өлүмүнө арнашты.

Активисттер 14-июнда шаардын борбордук бөлүгүндөгү Алымбек датка эс алуу багында чогулушту. Алар андан ары үч километрдей аралыкты жөө басып өтүшүп, Ленин көчөсүндөгү Курманжан Датканын эстелигине чейин барышты.

Жүрүштүн катышуучулары «Аял укугу — адам укугу», «Бурулайдын иши адилеттүү каралышын талап кылабыз», «Ала качуу салт эмес — кылмыш» деген ураан-чакырыктарды айтып чыгышты.

Уюштуруучулардын айтымында, жөө жүрүштүн максаты — кыз-келиндерге жана аялдарга карата жайылган зордук зомбулукка, гендердик саясаттын натыйжасыз жүргүзүлгөнүнө коомчулуктун көңүлүн буруу.

«Аялды ала качып жатышат, алар үй-бүлөдө деле зомбулук көрүшөт. Иш жүзүндө мындай көйгөйлөр коомчулук тарабынан көз жаздымда калат. Өлкөдө жакшы мыйзамдарыбыз бар болсо да, алар иштебей жатпайбы», — деди катышуучулардын бири Айнагүл Аматбекова.

Шаардын кээ бир тургундары таң калуу менен «Эмне болуп жатат?» деп суроо узатышса, башкалары «Жигит болгондон кийин сүйүп үйлөнүш керек» деп жатышты.

Жөө жүрүш андан ары Навои паркында уланып, сейил бактан чыккандан кийин Бакыт үйү аркылуу кайрадан Алымбек датка эс алуу багында жыйынтыкталды. Жөө жүрүшкө калаанын ала качууга көңүл кош карабаган тургундары жана «Жаңы толкун» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышты.

Ала качууга каршы иш-чаралар

Буга чейин, 6-июнь күнү, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жогорку окуу жайлардын студенттери ала качууга жана эрте турмушка чыгууга каршы флешмоб өткөрүшүп, ага 1000ден ашуун студент катышкан.

Ошону менен катар эле коомдук желелерде Бурулайдын элесине арналган көркөм тасма жарыяланды. Аны Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы бөлүмү сунуштады. Тасма «Башканын кызы деген жок» аталып, аны режиссёр Азим Азимов тарткан.

Ошондой эле БУУнун Кыргызстандагы агенттиктери билдирүү таратып, эл аралык уюмдун түзүмдөрү, Кыргызстандын бийлигин никеге туруу максатында кыздардын уурдалышын (ала качууну) болтурбоо үчүн кошумча чараларды көрүүгө чакырышкан.

Бурулайдын өлүмү

Ушул жылдын 28-майында Бишкектин 20 жаштагы тургуну Бурулай милиция бөлүмүндө өзүн ала качкан баланын колунан бычакталып, каза тапкан. Кызга бычак сайган балага «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, Бурулай Турдаалы кызы отурган бөлмөгө аны ала качууга аракет кылган адам кирип жаткан учурда Жайыл РИИБнин кызматкери алаксып кеткен. Бул шалаакы мамиленин айынан Буралай ала качкан адамдын колунан каза тапкан.

ИИМ Бурулайдын өлүмүнөн кийин ар кайсы макамдагы 23 милиционер жаза алган — кээ бирине сөгүш жарыяланса, айрымдары тартип жазасына тартылган жана кызмат макамы төмөндөгөн.

Сүрөттөрдүн автору: Майрамбек Таалайбек уулу