Быйыл айт намаз Ош шаарындагы борбордук аянтта эмес, «Сулайман Тоо» мечитинде окулду. Бүгүнкү күндө калаанын аянтында кытай компаниясы өз каражатына оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Мечиттин ичи-тышы намазга келгендерге толуп, алардын саны, мэриянын маалыматы боюнча, он миңге жеткен.

Майрамдык намаз башталаардан мурун Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев тургундарга паракорчулук ислам дининде катуу жазаланаарын эскертти.

«Элдин акысы өтө жаман. Ошон үчүн бири-бирибиздин акыбызды жегенибиз — бул күнөө. Эч ким бири-биринин акысын жебесин», — деди Сарыбаев өзүнүн жарым саатка созулган диний үгүтү учурунда.

«Сулайман Тоо» мечитиндеги айт намазга шаар мэри Айтмамат Кадырбаев жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов катышты. Ал эми коопсуздукту 20дай милиционер, өрт өчүргүч жана тез жардам кызматы көзөмөлдөп турду.

Намаз имамдын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сөзүнөн кийин саат 07:30 чамасында башталды.

Ушундай эле айт намаз калаа боюнча «Сулайман Тоодон» сырткары дагы 35 мечитте окулду.

Быйылкы жылы садака, мурдагы жылдагыдай эле, киши башына 30 сомду түздү. Ал үчүн мечиттин ар кайсы жеринде садака кутучалары орнотулду.

Буга чейин калаадагылар айт намазды окуу үчүн Ош шаарынын борбордук аянтына чогулушчу. Бир ай мурда, 11-майда, Кытайдын «Чайна Роад» компаниясы өз каражатына аянтты оңдоо иштерин баштап, ал бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

«Сулайман Тоо» мечити шаардагы жана эл аралык мусулман уюмдарынын топтогон каражатына 2008-жылы салына баштап, 2012-жылы колдонууга берилген. Ибадаткананын ичинде жана сыртына бир убакытта 20 миңдей киши батат.

Авторлошу: Айдана Марс кызы
Сүрөттөрдүн автору: Дастан Үмөтбай уулу