Коомдук тармактарда Кыргызстан ИДП боюнча жакыр өлкөлөрдүн ичинен 10-орунда турган Focus Economics уюмунун инфографикасы тарап жатат. Чындыгында бул андай эмес. Эмне үчүн экенин түшүндүрөбүз.

Focus Economics уюмунун инфографикасы төмөндөгүдөй:

Focus Economicsстин рейтинги. Уюм Кыргызстандын англисче аталышында «y» тамгасын калтырып кеткен.

Уюм 2018-жылга карата калктын жан башына туура келген ИДПнын божомолунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстанды 10-орунга жайгаштырган.

Эмне үчүн бул рейтинг күмөндүү? Анткени инфографиканы түзүүдө Focus Economics дүйнөдө бардык эмес, болгону 127 өлкөнүн гана көрсөткүчтөрүн эсепке алган.

Мисалы, бул топ-10го Түштүк Судан, Бурунди, Малави, Борбордук Африка Республикасы (БАР), Мадагаскар жана Ооганстан кирген эмес — андан тышкары, бул калктын жан башына ИДПсы Кыргызстанга салыштырмалуу аз деп саналган өлкөлөрдүн толук тизмеси эмес.

Демек мындай учурда Кыргызстанды дүйнөнүн 10 кедей өлкөсүнүн тизмегине киргизүү — тураа эмес.

Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) 193 өлкө үчүн 2018-жылга карата божомолуна ылайык, Кыргызстан дүйнөдөгү кедей мамлекеттердин ичинен Focus Economicsтин инфографикасында көрсөтүлгөндөй 10-орунунда эмес 31-орунунда турат.

Focus Economicsтин рейтингинде Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн абалы да окшош — чындыгында калктын жан башына туура келген ИДП боюнча позициясы дүйнөлүк рейтингде жакшыраак болушу керек. Мисалы, Тажикстан ЭВФтин рейтингинде 20-орунда, ал эми Өзбекстан кедей өлкөлөрдүн ичинде 33-орунда турат.

ЭВФтин маалыматына ылайык, 10 кедей өлкөнүн тизмеси төмөндөгүдөй:

ЭВФтин маалымытына ылайык, Кыргызстан кедей өлкөлөрдүн ондугуна КИРБЕЙТ.

Калктын жан башына туура келген ИДПнын көлөмү учурдагы АКШ доллар баасында, 2018-жылга карата божомол.

Source: World Economic Outlook Database, IMF Get the data

Контекст: Кыргызстандын чынында 10 жакыр өлкөнүн катарына кирбегени, албетте, өлкө бай экендигинен кабар бербейт. Focus Economicsтин ИДП боюнча бааларынын өзү ЭВФтин божомолдоруна окшош. Маселенин өзөгү — дүйнөнүн башка өлкөлөрүн эсепке албаган рейтингди түзгөнүндө.

Авторлор: Савия Хасанова, Эльдияр Арыкбаев.