Ми-8 тик учагы. Иллюстративдүү сүрөт.

Мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбердиев Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп турган кезде Кыргызстандын бардык төрт аскерий тик учагын Сомалидеги согуш үчүн Угандага ижарага берүүнү буйрук кылганын билдирди. Атамбаев жетектеп жаткан КСДПнын басма сөз кызматы бул билдирүүнү «фейк» деп эсептейт.

Талаш кантип чыкты?

«Ата Мекен» оппозициялык фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев 14-июнда, парламент жыйынында Кыргызстандын тик учактары Угандага ижарага берилүү алдында турганын билдирди. Анын айтуусунда, тик учактар Сомалидеги аскерий аракеттерге колдонулмакчы.

«Биздин болгону алты тик учагыбыз бар. Экөө иштебейт, экөөнү Америкадан, дагы экөөнү Орусиядан жардамга алганбыз. Ошол төрт тик учакты Уганданын фирмасы аркылуу согуш болуп аткан Сомалиге ижарага бермек болуп турат. Кыргызстанга бир тыйын акча түшпөйт, бүт эсептин баары Дубайга түшмөк болот. Мындан биздин дүйнөлүк беделибизге доо кетти, согуш болуп аткан өлкөгө жардам берип атабыз. Экинчиден биз аны Орусиядан жардамга алганбыз, аны үчүнчү тарапка берүүгө акыбыз жок», — деди Иманалиев.

Депутат өз билдирүүсү жөнүндө «Клооптун» кабарчысына «жыйында бардыгын айттым» деп билдирип, комментарий берүүдөн баш тартты. Ал эми Башкы штаб депутаттын тик учактар башка өлкөгө ижарага бериле турганы боюнча айткандарын четке какты.

Ошентсе да ЖМК учактарды өткөрүп берүү жөнүндө 2014-жылы түзүлүп, экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан кол коюлган буйрукту жарыялаган.

«Атамбаевдин буйругу»

«Азаттык» үналгысы жана «Коммерсантъ» басылмасы 2014-жылдагы буйрукту жарыялашты. Ага ылайык, Угандага Ми-24В жана эки Ми-8МТВ тик учактары өткөрүлүп берилиши керек болгон. Документте ал кезде Кыргызстандын президенттик кызматын ээлеп турган Алмазбек Атамбаевдин колу турат.

Кыргызстандын мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин айтымында, ал келишим жөнүндө кол коюлгандан кийин жарым жыл өткөн соң билген. Ал келишимдин аткарылышына жолтоо кылып, ошонун айынан ага коррупция боюнча кине тагылып, кызматынан алынган.

«Менин суроомдун негизинде Башкы прокуратура Аскер прокуратурасына бардыгын текшерүүнү тапшырып, Аскер прокуратурасы өз корутундусун чыгарган. Албетте алар макулдашуунун аракетин токтотуу керектигин айтышкан, анткени ал мыйзам бузуулар менен түзүлгөн. Ошентип тик учактар өлкөдө калган. Мени болсо ошондон кийин ээлеген кызматыман четтетишкен», — деди Кудайбердиев.

«Коммерсантъ» гезитиндеги макаланын автору жана экс-депутат Кабай Карабеков ырастагандай, Аскер прокуратуранын корутундусуна карабастан, Сапар Исаков Башкы штабдан президенттин буйругуна баш ийүүнү талап кылган. Ал учурда Исаков президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болгон.

«Коммерсантъ» 2015-жылы 4-августта Башкы штабдын начальнигинин атына жазылган катка таянып, Уганда тик учактар үчүн акчаны Дубайдагы Sky Tech Trading Services FZE компаниясынын Emirates Bankтагы алыш-бериш эсебине которушу керек болгонун жазууда.

Макулдашуунун суммасы белгисиз, бирок эгерде келишим аткарылбай калган болсо кыргыз тарап 30 млн доллардан кол жууп калмак.

Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө боюнча борбордун (OCCRP) маалымат базасынан Sky Tech Trading Services FZE компаниясын издөө эч кандай жыйынтык берген жок. Ал эми компаниянын барагында көрсөтүлгөн телефон номер араб издегичинде жооп бербей жатат.

Атамбаев айыптоолорго кандай реакция кылды?

Экс-президент Атамбаев өз дарегине айтылып аткан айыптоолорго комментарий берген жок. Бирок КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева бул айыптоолорду «фейк» деп атады.

«Бул кезектеги фейк жаңылык. Ал маселени Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Иманалиев айткан. Башкы штаб ага жооп иретинде "эч кандай келишим жок, эч бир тик учак өлкөнүн чет жакасына учуп кеткен эмес, бүткүл авиапарк дайыма токтогон аэродромдордо турат" деп билдирген», — деди ал.

Кыргыз мыйзамдары боюнча, эгерде бийлик кылмыш ишин демилгелеп жатса да, алар Атамбаевди экс-президенттин кол тийбестигинин айынан жоопкерчиликке тарта алышпайт.

Бирок июнда парламенттин депутаттары Кыргызстандын экс-президенттерине каршы кылмыш иштерин козгоо механизми жазылган мыйзам долбоорун сунушташкан.

Атамбаевдин үзөңгүлөштөрүнө каршы кылмыш иштер

Кыргыз тик учактарын Угандага ижарага берүү маселеси Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү кылмыш иштерге фигурант болуп калган шартта көтөрүлдү.

Тик учактардын ижарага берилиши боюнча макулдашууга катышышы ыктымал делген экс-премьер-министр Сапар Исаков азыр кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта жатат.

Андан сырткары, ЖЭБди жаңыртуу ишине байланыштуу мурагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев да кармалып, ага Кыргызстан үчүн пайдасыз келишим түзүү боюнча айып тагылууда.

Акыркы жылдары Бишкек мэринин, бажы кызматынын, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун жана Улуттук банктын төрагалык кызматтарын аркалаган Атамбаевдин дагы бир үзөңгүлөшү Кубанычбек Кулматов да кармалган. Ал калаанын мэри болуп турган кезде Кытайдын TBEA компаниясынын грантын «мыйзамсыз пайдаланган» деп айыпталууда.

Ал эми 13-июнда УКМКга сурак берүүгө Бишкектин учурдагы мэри Албек Ибраимов чакырылган. Ал 2012-жылы өзү жетектеген ТНК «Дастан» ишканасындагы ишенип берилген өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү коротуу иши боюнча күбө катары суралууда. УКМК келишимдин айынан тийген зыянды 470 миң долларга баалаган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн тарапкерлерине тагылып жаткан айыптарды Сапар Исаков бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан кетирген Раимбек Матраимовдун «достору тарабынан болуп аткан» «аңчылык» деп атаган.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөшү жана ал анын дайындап кеткен адамы деп саналчу. Ошентсе да алардын мамилелери 2018-жылы сууп кеткен.

Учурдагы жана мурдагы президенттер ич ара кандайдыр бир тиреш болуп атканын четке кагышууда. Бирок Жээнбековдун бийликке келиши менен жогорку кызматта отурган Атамбаевдин тарапкерлеринин бардыгы кызматтарынан кетирилген. Азырынча Атамбаевдин жогорку кызматта отурган жалгыз тарапкери — Бишкектин мэри Ибраимов гана ордун сактап турат.