УКМК Кубанычбек Кулматовдун кош жарандыгын тапты

Кубанычбек Кулматов

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «документтерди жасалмалоо» жана «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелеринин негизинде Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго каршы кылмыш ишин козгоду. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, саясатчыда эки өлкөнүн, Кыргызстандын жана Орусиянын жарандыгы бар.

Кулматов 1995-жылы СССРдин жаранынын паспорту жоголгондугу жөнүндө арызы боюнча Орус Федерациясынын жарандыгын алганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Бирок бир жылдан соң ал жараксыз болуп калган документтерди мыйзамсыз колдонуп, кыргыз паспортун да алган.

Атайын кызмат ырастагандай, Кулматов 2001, 2003 жана 2013-жылдары өз паспортун бир нече алмаштырган. Бишкектин экс-мэрине каршы «документтерди жасалмалоо» жана «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Кылмыш-жаза кодексине ылайык, «документтерди жасалмалоо» беренеси боюнча кылмыштын эскирүү мөөнөтү 7 жылды түзөт. Эгерде Кулматов орус паспортун 2013-жылы алмаштырган болсо, анда аны жоопкерчиликке тартууга мүмкүн.

Юрист Эдил Эралиевдин айтымында, «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен.

Мурдараак Бишкек шаардык соту 18-июнда Кулматовду ага каршы козголгон кылмыш иштин айынан 28-июнга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырган. Кулматовдун адвокаты ал жаңы кылмыш иши жөнүндө эч нерсе билбесин айткан.

Кулматовдун иши

Кулматов 5-июнда коррупция боюнча айыпталып камакка алынган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2014-жылы Бишкек мэри болуп туруп Кытайдын TBEA компаниясынын 2 млн доллар грантын мыйзамсыз пайдаланган. Бул компания Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жаңыртуу иштерин аткарган.

Каражат Кыргызстандын аймактарында эки мектепти курууга багытталган, бирок Кулматов, тергөөнүн версиясы боюнча, акчаны Бишкектен алыс эмес жердеги Калыс-Ордо конушунда мектеп курууга жумшаган.

Кулматов өзү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагыларга «саясий куугунтук» жүрүп атат деп билдирген.

«Менин жеке пикирим — бул саясий иш. Силер Жогорку Кеңеште, шаар мэриясында мага карата эмне болуп жатканын өзүңөр көрүп атасыңар», - деген ал.

ТЕМА БОЮНЧА: