Жантөрө Сатыбалдиев жылуулук борборун жаңыртуудагы «коррупция» үчүн айыпталды

Жантөрө Сатыбалдиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевге Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңыртуудагы «коррупция» жана «кылмышка шериктеш болуу»  иши боюнча айып такты. Сатыбалдиев тергөө аяктаганга чейин тергөө изоляторуна камалды.

Маалымат 21-июнда саат 10:25те жаңыртылды

УКМК 20-июнда экс-премьерге Бишкек ЖЭБди жаңыртуудагы «кылмышка шериктеш болуу» жана «коррупция» боюнча айып такты.

Буга чейин Сатыбалдиев 18-июндан баштап убактылуу кармоо изоляторунда камакта болчу.

Жантөрө Сатыбалдиев 2012-2014-жылдары Кыргызстандын премьер-министри болгон. Ал өкмөт башчы болуп турган кезде Бишкек ЖЭБДи жаңыртууга 386 млн доллар берген Кытайдын «Эксимбанкы» менен насыя келишимине кол койгон. Натыйжада Кыргызстан Кытайга дээрлик жарым миллиард доллар кайтарып бериши керек.

Бийлик жылуулук борборун жаңыртууга кеткен чыгымды 2018-жылдын январында болгон авариядан кийин изилдей баштаган. Авария шаардагы суук аба ырайына туш келип, бишкектиктерди дээрлик бир апта жылуулуксуз калтырган.

Аталган борборду жаңыртууга кеткен насыянын сарамжалдуу пайдаланылышын изилдөө боюнча депутаттык комиссия өз корутундусунда жаңыртуу маалында сатылып алынган жабдуулардын баасы «кымбаттатылганын» көрсөткөн.

Атайын кызмат ЖЭБге байлыныштуу иштер боюнча бир нече жогорку кызматтагы аткаминерди тергөө изоляторуна камакка алган. Мисалы, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков июнь айынын башында камакка алынган. Ага ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция боюнча айып тагылууда.

Кийинчерээк УКМК парламенттин депутаты жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди кармаган. Ал натыйжада ЖЭБде жаңыртуу ишин аткарган Кытайдын TBEA компаниясы менен пайдасыз келишим түзгөн деп айыпталууда.