Иштамберди кени калдыктарды сактоодогу кемчиликтери үчүн убактылуу жабылды

Жалал-Абад облусундагы Иштамберди алтын кенин текшерүүгө алган атайын комиссия фабриканын ишин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды. «Фулл Голд Майнинг» компаниясына караштуу алтын өндүрүүчү завод калдык сактоочу жайдагы кемчиликтерин жойгондон кийин ишин улантат.

Ала-Бука районундагы Иштамберди алтын казуучу кенинин иши калдык сактоо жайында техникалык талаптар аткарылбагандыгынын айынан убактылуу токтотулганын «Клоопко» райондун акими Эмилбек Абдыкадыров маалымдады.

«Компаниянын өндүрүштүк калдыктарды сактоочу жайында техникалык нормалар сакталбагандыгы аныкталып, фабрика убактылуу жабылды. Атайын комиссия 13-июнда 10 пункттан турган акт түзүп, кемчиликтерди жоюуга убакыт берди», — деди Абдыкадыров.

Анын айтымында, актка жумушчулардын жатакана, ашкана жана жуунуучу жайындагы социалдык шарттарын жакшыртып берүү талабы да коюлган.

Мамэкотехинспекциянын Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору боюнча башкармалыгынын башчысы Авасбек Мизамбеков Иштамберди кенинин калдык сактоочу жайындагы кемчиликтер үчүн 210 миң сом айып салынганын «Клоопко» билдирди.

«Буга чейин жалпы эсепте 7-8 жолу эскертүү берилип, ар кандай өлчөмдө штраф салынган. 12-июндагы нааразычылыктан кийин дагы 210 миң сом айып салынып, учурда штрафтын өлчөмү 500 миң сомго чукулдады. Кемчиликтер жоюлгандан кийин ишкана кайрадан текшерүүгө алынат», — деди Мизамбеков.

Мизамбеков кошумчалагандай, компания 10 пункттан турган эскертүүнү «кааласа беш күндө, кааласа бир айдын ичинде жоё алат».

Чаткал районунун Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылынын 150гө чукул тургуну 12-июнда Иштамберди алтын кенин иштетүүдөн улам экологиялык зыянды текшерүүнү талап кылып, митинг уюштурушкан. Андан сырткары, митингчилер өндүрүш калдыктарын башка жакка чыгарууну да талап кылышкан.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев 13-июнь күнү жергиликтүүлөр менен жолугушуп, натыйжада териштирүү үчүн эл ичинен жана өкмөт мүчөлөрүнөн турган атайын комиссия түзүлгөн.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков «Клоопко» билдиргендей, Иштамберди кени боюнча митингге чыккандар камакка алынган эмес. Митингде агрессивдүүлүк көрсөткөн 20дай тургунга милиция бөлүмүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 15-июнда кайра коё берилген.  

Иштамберди алтын өндүрүүчү кен кытайлык «Фулл Голд Майнинг» фирмасына караштуу. Компания Ала-Бука районундагы ишмердүүлүгүн 2012-жылдан бери жүргүзүп келет.


ТЕМА БОЮНЧА: