Биз Жогорку Кеңештин депутаттарынын өз аты менен добуш берүүлөрүнүн жыйынтыктарынын 1183 протоколун талдап чыктык, ал төмөнкүдөй:

Биздин талдоо 2016-жылдын 15-июнунан тартып 2018-жылдын 15-марта дейре убакытты камтыды. Биз болгону мыйзам долбоорлору жана бардык окуулардагы кодекстердин долбоорлору үчүн добуш берүүлөрдүн жыйынтыктарын тандап алдык.

Добуш берүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча биз талдоого алынган мезгил үчүн жыйындардын санын жана жыйындардын ар бириндеги мыйзам долбоорлору үчүн добуш берүүлөрдүн бөлүштүрүлүшүн идентификациялай алдык. Жалпысынан биз 102 жыйынды камтый алдык, ал эми бул мезгилдерде каралып аткан мыйзам долбоорлорунун санынын динамикасы төмөндөгүдөй:

«Макул», «каршы» деп добуш бергендердин жана келбегендердин санынын негизиндеги жалпы маалыматка таянып, ар бир фракция жана депутаттар боюнча өз алдынча конформизмдин көрсөткүчүн чыгардык.

Натыйжада биз конформизмдин интенсивдүүлүгүнүн көрсөткүчүн сууруп чыктык. Ал фракциялар боюнча добуш берүүлөрдүн жыйынтыктары «макул», «каршы» деп добуш бергендердин, келбегендердин жана бардык мыйзам долбооруна добуш бербегендердин негизинде эсептелип чыгарылды. Эсептердеги жаңылыштык бир пайыздан ашпайт.

Фракциялар ичинде добуштарды бөлүштүрүү жана алардын конформизминин интенсивдүүлүгү төмөндөгүдөй: