Жаналиевдин авторлугундагы Алмазбек Атамбаевдин портрети. Сүрөт: 24.kg

String art стилинде иштеген кыргыз сүрөтчүсү Азамат Жаналиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун үстүнөн Улутуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) арыз берди. Сүрөтчүнүн айтымында, Илмиянов андан экс-президенттин портретин сатып алып, акчаны толугу менен төлөп бербей койгон.

Жаналиев өз арызында Илмиянов андан портретти 2017-жылы 10 миң долларга сатып алганын, бирок болгону 2500 миң доллар гана төлөп бергенин жазган. Сүрөтчү өз акчасын жарым жыл өтсө да ала электигин айтууда.

Андан сырткары, Жаналиевдин айтымында, Илмиянов ага дагы үч портрет үчүн акча карыз.

Ал ошол эле 2017-жылы Атамбаевдин экс-кеңешчиси анын сүрөттөрүн Дубайдын арабиялык башкаруу династиясынын мүчөсү канзада Хамдамга сатып жибергенин ырастоодо. Сүрөтчү бул портреттердин ар бирин 15 миң доллардан баалаган, бирок Илмиянов ага ошо бойдон төлөп берген эмес.

Сүртчү зыяндын жалпы өлчөмүн 52 миң долларга баалаган.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Жаналиев чын эле арыз бергенин жана атайын кызмат аны карай турганын «Азаттык» үналгысынын журналистине айткан.

КСДП портреттен баш тартат

Атамбаев башкарып жаткан Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынан (КСДП) сүрөтчү портретти Илмияновго 2500 миң долларга сатканын кабарлады.

«Буга күбө болгондор бар. Азамат Жаналиев эми алган 2500 долларын кайтарып берсин, портрет авторго ошол замат кайтарылып берилет. Андан тышкары, ага ошого эле окшош, мурда “акчага белек” катары таңуулаган экинчи портрети да кошумча кайтарылат"», — деп билдирген КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева.

Ал Жаналиев башында Атамбаевдин портретин Илмияновго белек кылганын, бирок кийинчерээк «белегин»  сатып алууну «кайра-кайра суранып» тажатканын кошумчалаган. Жолдубаеванын айтымында, Жаналиев менен Илмияновдун ортосунда портретти сатып алуунун шарттары жөнүндө оозеки же кат түрүндө эч кандай келишим болбогонун жана сүрөтчү төлөнүп берилген 2500 миң долларга ыраазы болгон.

Жолдубаева сүрөтчүнү «жалган маалымат үчүн» кылмыш жоопкерчилиги менен коркутту. Анын айтымында, Илмиянов сүрөттөрдү канзада Хамдамга берип, же саткан эмес, болгону алар жөнүндө Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчилигинин кызматкерлерине маалымдаган.

Азамат Жаналиев (ортодо) 2017-жылы Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулгага анын портретин белек кылып атат.

Жаналиев: КСДП калп айтат

Жаналиев Жолдубаеванын айткандарын «калп» деп атады. Анын айтымында, Илмиянов андан Атамбаевдин портретин сурап алып, кийинчерээк башка портреттерди канзада Хамдамга акысыз берип салган.

«Эмнеге Дубайдагы сүрөттөрүмдү Икрамжан Илмиянов берип салат? Кандай акысы бар? Же эмне ал принцтин өкүлүбү? Кана адилеттүүлүк! Мен эмне асмандан түшкөн акчаны сурап жатамбы? Мен маңдай терим менен тапкан акчамды сурап жатам! Бергиле элдин башын айлантпай!», — деп жазган сүрөтчү.

Азамат Жаналиев деген ким?

Азамат Жаналиев — string art стилинде иштеген кыргыз сүрөтчүсү. Бул тактайга кагылган мыктарга жиптерди байлоонун жардамы менен портрет жаратуунун ыкмасы. Жаналиевдин эмгектеринин арасында Орусиянын, Казакстандын, Монголиянын жана Түркиянын президенттеринин портеттери бар.

Азамат Жаналиевдин авторлугундагы Орусиянын президенти Владимир Путиндин жаш кезиндеги портрети.

Мындан тышкары, Жаналиев 2018-жылы апрелде Ала-Тоо аянтындагы Кыргызстандын байрагын катуу шамал учуруп кеткенде ал өзүнүн кичинекей желеги менен түнү бою жаан алдында турганы менен белгилүү.

Ошон үчүн коомдук тармактардын көпчүлүк колдонуучулары аны баатыр деп атап, бийликтен ага «Манас» орденин берүүнү суранышкан. Бул окуядан кийин депутат Жыргалбек Турускулов сүрөтчүнү азембелек жана китеп менен сыйлаган, ал эми Бишкек шаардык кеңешинен Жаналиев ыраазычылык кат алган.