Сүрөт: Сэм Бараталиев

«Ардагерлер 365» коому Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерди. Активисттер 22-июнга караган түнү Бишкектин Жеңиш аянтында шамдардын жардамы менен «Эсибизде» деп жазылган 1400дөн ашуун шам жагышты.

«Ардагерлер 365» коому 2016-жылдан бери 22-июнда «Эскерүү шамы» акциясын өткөрүп келет. Ал 1941-жылы 22-июнда фашисттик Германиянын СССРге кол салуусунан башталган Экинчи Дүйнөлүк согуштун бир бөлүгү, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналган.

Уюштуруучулардын айтымында, акцияга 300гө чукул адам катышкан. «"Эскерүү шамын" жагуу — бул биздин Мекен үчүн курман болгондордун элесине бийик сый-урмат көрсөтүү», — деп айтышты уюштуруучулар.

Алуу Ата Мекендик согушка Кыргыз ССРинин 365 миңге жакын тургуну катышкан. Ар кандай маалыматтарга ылайык, алардын ичинен дээрлик 100 миңи согуш талаасында набыт болгон.

Экинчи дүйнөлүк согуштун өзү 1939-жылы 1-сентябрда башталып, 1945-жылы 2-сентябрда аяктаган. Негизинен мурдагы СССР өлкөлөрү согушка байланыштуу башка күндөрдү белгилешет: мисалы, 9-май — «Советтер Союзунун нацисттик Германияны жеңишине арналган майрам».

«Ардагерлер 365» — бул Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине жардам берген кайрымдуулук уюм. Көбүнесе активисттер пенсионерлерге бир гана майрам күндөрү эмес, дайыма туруктуу жардам берүүгө үндөшөт. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, 2018-жылдын май айына карата Кыргызстанда 475 ардагер калган.