Иллюстративдүү сүрөт/Tass

Кыргызстандын өкмөтү коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө кайтарылган акчалар үчүн атайын эсеп ачты. Бул эсепти борбордук казыналык башкарат.

Атайын эсеп ачуу керектиги жөнүндө президент Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын май айында эле айтып, бир айдан соң 22-июнда өкмөт анын ачылышы жөнүндө билдирген.

Ал эмне үчүн керек? Атайын эсеп ачуу — бул 2017-жылы ноябрда президенттик кызматка келген Сооронбай Жээнбеков жарыялаган коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кадамдардын бири.

Бул эсепке коррупциялык иштер жана кызматтык кылмыштар боюнча кайтарылган акчалар түшүп турат, андан соң өкмөт аларды өзүнүн муктажыдыгына жараша бөлүштүрөт.

Каражаттарды бөлүштүрүүнүн критерийлери жөнүндө азырынча маалымат аз, бирок өкмөт акчалар «коомчулуктун актуалдуу муктаждыктарына» кетет деп убада кылууда.

Коррупцияга каршы күрөш кандай жүрүп атат? Кыргызстандын бийлиги бир нече коррупциялык иштерди териштирип жатат. Азырынча алар кандай гана болбосун Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңыртууга байланышы бар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөштөрүнө козголгон. Мисалы, коррупциялык иштер мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевге каршы козголгон.

Бир жагынан жарандык коомдун бир бөлүгү мурдагы аткаминерлер менен саясатчыларга каршы иштерди колдосо, башка жагынан бул нерседен Кыргызстандын жаңы жетекчилиги бийликтен кол жууп калгандарды куугунтуктай баштады делген саясий мүнөздү көрүп атат.

Бирок ЖЭБди жаңыртуу жөнүндө иш үстүбүздөгү жылдын январындагы авариядан кийин көңүл бурулуп калган коррупцияга байланыштуу жалгыз эле иш эмес, андай иштерден дагы төртөө бар:

1. Июль айынын башында Каржы полициясы Бажы кызматынын төрага орун басары Замирбек Ниязалиевди кармаган. Ага ыйгарым укуктарынан кыянат пайдалануу жана зыяндын жалпы өлчөмү 166 млн сомду түзгөн Кытайдан келген товарларды мыйзамсыз тариздөө боюнча айып тагылган.

2. Июнь айынын ортосунда Башкы прокуратура Чолпон-Ата ат майданынын курулушун баасы кымбаттатылганын айынан кылмыш ишин козгогон. Бул ат майдан атайын Дүйнөлүк көчмөндөр оюну үчүн даярдалган. Зыян 202 млн сомго бааланган.

3. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) майдын аягында ТНК «Дастан» ишканасында 470 миң доллар коротулганы боюнча иш козгогон. Мурда бул ишкананы Бишкектин учурдагы мэри Албек Ибраимов жетектеген. Тергөөнүн версиясы боюнча, 2012-жылы компания 533 миң долларга буюмдарды жеткирүү боюнча келишим түзгөн, бирок иш жүзүндө анын баасы 63 миң долларды түзгөн.

4. Зыяндын өлчөмү боюнча ири коррупциялык иштердин бири — бул жогорку кызматтагы аткаминерлер тартылган Кошумча нарк салыгын (КНС) кайтаруу боюнча алдамчылык иш. Атайын кызмат келтирилген зыянды 1,15 млрд сомго баалаган, азырынча анын ичинен бюджетке 95 млн сому кайтарылган.