Сот тергөө изолятордон которулам деген Артыкбаевге баш тартты

Бишкек шаардык соту парламенттин депутаты жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди тергөө аяктаганга чейин изолятордо калтырды.

Сот Артыкбаевдин баш корго чарасын жеңилдетүүдөн баш тартты. Мурдагы энергетика министри Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келишим түзүү боюнча айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө изоляторуна камакка алынган.

Саясатчынын адвокаты Айжан Орозакунова сотто Артыкбаев «ден соолугу начардыгынан» улам тергөө абагында кармалбашы керектигин суранганын «Клооптун» кабарчысына билдирди.

Орозакунованын айтымында, Артыкбаевде июндун башында камакка алынгандан кийин курчуп кеткен өнөкөт дарты бар болчу. Адвокат өзүндө тергөө изоляторунун фельдшеринин медициналык күбөлөндүрмөсү бар экенин айтууда.

«Шаардык сотко мен аталган көчүрмөнүн түп нускасын коштум, ал жерде тез жардамдын келиши да, фельдшер тарабынын текшерүүсү да катталган», — деди ал. Адвокаттын айтымында, Артыкбаев үчүн тергөө изоляторуна эки жолу тез жардам чакырылган.

Атайын кызмат Артыкбаевди июнь айынын башында энергетика министри болуп турган кезинде Бишкек ЖЭБди жаңыртуу боюнча Кытайдын TBEA компаниясы менен пайдасыз келишим түзүү айыбы боюнча кармалган.

Артыкбаев — Бишкек жылуулук борборун жаңыртуунун айынан учурдагы же мурдагы жогорку кызматтагы аткаминерлерге каршы кылмыш иши козголгондордун бири.

ЖЭБ иши боюнча башка фигуранттардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, Улуттук энергетикалык холдингдин мурдагы төрагасы Айбек Калиев, андан сырткары «Түндүкэлектр» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов бар.


ТЕМА БОЮНЧА: