Баткендик депутат бир килограмм героин менен кармалды

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын (БЗМЖККК) жумушчулары Баткен шаардык кеңешинин депутатынын үйүнөн 960 грамм героин табышты.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери 24-июнда Исфанада Баткен шаардык кеңешинин депутатынын үйүн тинтүү учурунда салмагы 960 грамм героин салынган баштык табышканын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«У.М. аттуунун жашаган жерине тинтүү жүргүзүү учурунда көмүр сактаган жайынан 960 грамм салмактагы баштыкка салынган уксус жыттуу өзгөчө жыты бар зат (болжол менен "героин") табылып алынган», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

БЗМЖКККнын маалыматына ылайык, депутат буга чейин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар делип милициянын атайын каттосунда турган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери бул кылмышка тийиштиги бар делгендердин башкаларын издөөнү улантып жатат.

Бул мамлекеттик кызматкерлер ири өлчөмдө героин заттары менен кармалган алгачкы эле учур эмес. 2017-жылы мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлкеттик комитеттин учурдагы жана мурдагы кызматкерлеринен 7,5 килограмм героин алынган. Анда «калыс иликтөө» жүргүзүү үчүн бул иш ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилип, кармалгандардын ысымдары ачыкка чыгарылган эмес.