Депутаттар атайын кызматтардын ишин көзөмөлгө ала турган комитет түзүүнү сунушташууда. Юрист Нурбек Токтакунов бул атайын кызматтардын ишинин ачык-айкындыгы менен парламентаризмди өнүктүрүү үчүн керек деп эсептейт. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрага орун басары коомчулук мындай көзөмөл үчүн жетиле элек деп ишенет.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Исхак Масалиев жана «Ата Мекен» партиясынан Наталья Никитенко парламентке атайын кызматты көзөмөлгө алууга мүмкүндүк берген мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты.

Алар парламентте Улуттук коопсуздукту камсыздоо органдарынын ишмердигин көзөмөлдөө жана коопсуздук боюнча комитет түзүнүү сунушташууда.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери кыргыз бийлиги атайын кызматтарды оппозиционерлерди аңдуу үчүн колдонушкан, ал эми жаңы комитет аларды «демократиялык көзөмөл үчүн ачык-айкын» кылууга шарт түзөт деп эсептешет.

Масалиевдин айтымында, атайын кызматтар мамлекеттик жашыруун сырлар менен иштегендиктен аларга парламенттик көзөмөл керек — мындай жагдайда коомчулук аларды парламент менен өз ара аракеттенүү аркылуу көзөмөлдөөгө катыша алат.

Мыйзам долбооруна ылайык, жаңы комитет парламенттеги азыркы Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетти алмаштырат.

Жаңы комитетке кандай ыйгарым укуктар берилмекчи?

Эгерде мыйзам кабыл алынса, анда жаңы комитет төмөнкү ыйгарымдарга ээ болот:

• Атайын кызматтардын отчёттору менен баяндамаларын алууга укуктуу болот;

• Атайын кызматтардын жумушчуларын түшүндүрмө берүү үчүн чакырып, жоопкер ведомстволордун башчылары менен жолугуша алат;

• Пландык жана пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзүп, атайын кызматтардын иш бөлмөлөрүнө кире алат;

• Атайын кызматтардын ишин жөнгө салган документтер менен мыйзамдардын сакталышын текшере алат;

• Атайын кызматтардын ишмердиги же алардын адекваттуулугуна тийиштүү ички саясатты кайра карап чыга алат;

• Коопсуздук органдарынын ишин иликтей алат;

• Улуттук коопсуздук органдарынын финансылык ишмердигин текшерип, чыгымдардын натыйжалуулугун талдай алат.

Атайын кызматтар эмне кылышы керектелип калат?

Эгерде мыйзам долбоору өтүп калса, атайын кызматтар төмөндөгүлөрдү аткарышы керектелет:

• Алар пландап же текшерүүгө алганы жаткан комитетке операция жөнүндө кабарлашы керек;

• Парламетке талап кылынып жаткан ар бир маалыматты же документти бериши керек;

• Комитетке алар атайын кызматтар тарабынан көрүлгөн же көрүлө элек укук ченемдеринен чыккан аракеттер жөнүндө билдирип турушу керек.

Нурбек Токтакунов: «Бул дүйнөлүк практика»

Адвокат Нурбек Токтакунов сунушталып аткан мыйзам долбоорун кабыл алуу керек деп эсептейт, себеп дегенде Кыргызстанга атайын кызматтардын үстүнөн көзөмөл керек.

«Улуттук коопсуздук органдарынын үстүнөн дал ошо парламенттик көзөмөл турганы бул дүйнөлүк практика. Британияда бардыгы Улуу Даражалуунун кызматында деп айтышат — муну баары жөн эле сөздөр. Чындыгында ал жакта бардыгын парламент көзөмөлдөйт. Башка Европа өлкөлөрүндө да жана [АКШ] да ушундай. Бул өлкөлөрдүн бардыгын […] коопсуздукту тоготпой жатат деп зекиген таптакыр болбойт», — деди ал «Клооптун» кабарчысына курган маегинде.

Токтакуновдун айтымында, атайын кызматтардын ыйгарым укуктары көп жана алардын жумушу коомчулук менен прессанын көңүлүн аз бурдурат — мындай шарттар ар бир кызматты бузат деп эсептейт адвокат.

Андан тышкары, Токтакуновдун айтымында, жаңы комитет Жогорку Кеңештин депутаттары президенттерге ыктап көнүп алган шартта парламентти күчтөндүрөт.

Артур Медетбеков: «Парламент жетиле элек»

УКМКнын мурдагы төрага орун басары Артур Медетбеков Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети КМШ өлкөлөрүндө эң эле ачык-айкын атайын кызмат деп эсептейт. Ал президентке отчеттуу, анын ишинин артынан Башкы прокуратура көзөмөл кылат, андан тышкары, ал дайыма парламенттин тармактык комитетинде отчёт берип турат.

Медетбековдун пикири боюнча, мамлекет тарабынан болуп аткан мындай көзөмөл жетиштүү, ал эми терең көз салуу үчүн парламент жана коомчулук «жогору моралдык жоопкерчиликке жете элек жана жетиле элек дагы».

«Эң башкысы — ал үчүн эл өкүлдөрүнүн жана депутаттыка талапкерлердин бардыгы үчүн тестирлөө киргизүү керек», — деди ал депутаттарда кош жарандуулук бар жана алардын көпчүлүгүндө өз учурларында «тигил же бул экономикалык катачылыктар болгонун», андан тышкары, дагы башкалары криминалдык түзүмдөргө байланыштуу деп кошумчалап.

«Эгерде атайын кызматтар ар бир маселе бонча эле парламенттин алдында отчёт бере берсе, анда бардык маалымат диний террористтик уюмдарды кошуп, бардыгына жеткиликтүү болуп калат. Тактап айтканда, коопсуздук жумуш бир гана жашыруун тартипте жүрүп аткан кезде камсыздалат. Ал эми бардыгы билип турса, анда кайдагы коопсуздук жөнүндө кеп кылабыз?», — деп эсептейт ал.

Авторлошу: Айдай Эркебаева