Сүрөт: Эл аралык «Манас» аэропорту

Бишкектен аэропортко жана аэропорттон кайра шаарга күнү-түнү каттаган шаттл-бастарга ишке берилген күндөн көп узабай эле тыюу салынды. Транспорт министрлиги жүргүнчү ташыган компаниянын уруксат документтери жок деп ырастоодо, ал эми компания Транспорт министрлиги каттам ишке киргенге чейин Бишкек мэриясы жана Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен бирге анын ишин жактырган деп айтууда.

Эмне болду?

«Манас» аэропорту жай мезгилинин башында күнү-түнү Бишкекке каттаган экспресс кичи автобустарды ишке берген — ЖМК «аэроэкспресстер» жөнүндө 11-июнда билдирген. Шаттл-басстар туристтер менен кыргызстандыктарды аэропорттон Бишкекке чейин жана Бишкектен кайра аэропортко чейин 120 сомго жеткирип турчу.

Көп өтпөй эле 13-июнда жүргүнчү ташыган компания лицензиялык жана транспорттук мыйзамдардагы эреже бузууну жоюу тууралуу эскертүү алып, экспресс кичи автобустардын ишине бир нече себептердин айынан тыюу салынган.

Транспорт министрлиги жүргүнчү ташыган компания өзүнүн шаттл-бастары жүргөн каттамынын схемасын бекитпей койгон деп ырастоодо;

Чүй облустук автотранспорт башкармалыгында «аэроэкспресстер» №380 кичи автобусунун маршрутун кайталайт жана бул айдоочулардын ортосунда «чуулу жагдайларды жаратууда» деп айтышууда.

Ал эми Бишкектин Шаардык транспорт башкармалыгы шаттл-бастар шаардык катттамга уруксат алышы керек болчу деп эсептейт.

Бишкектен аэропортко

Аэропорттон Бишкекке жана кайра Бишкектен аэропортко чейин жүргөн «аэроэкспрессти» «Эл аралык "Манаса" аэропорту» менен «Дас-Транс» компаниясы ишке берген. Кичи автобустардын кызматын бишкектиктер жана туриттер колдонот деп пландалган.

120 сом акы төлөп аэропорттон Бишкекке жана Бишкектен кайра аэропортко чейин жетип алууга мүмкүн болчу. Алар ар жарым саат сайын жүрүп турган.

Мындан тышкары, «Манас» аэропортуна чейин жана кайра шаарга кайтуу үчүн такси кызматтары менен 500 сомго же андан жогору акчага, ошондой эле, 40 сом төлөп №380 маршруттук такси менен барып келсе болот. Ал Бишкектин батышындагы Жаш гвардия бульварынан чыгып, 18 жолу токтойт — соңку аялдамасы аэпорорт.

«Дас-Транс» компаниясынын жетекчиси Нурбек Турсунбаевдин айтымында, шаттл-бастарды ишке берүүгө чейин ал Транспорт министрлигине кайрылып, ал жерден «демилгени колдоп беребиз» деп убада кылышкан. Андан кийин Транспорт министрлиги Бишкек мэриясынан жаңы маршрут ачууга көмөк көрсөтүүнү суранган.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги да «аэроэкспресстердин» ишине оң баа берген.

Жүргүнчү ташыган компанияга карата доомат

Транпорт министрлигинин басма сөз кызматы шаттл-бастардын ишине салынган тыюуну «Дас-Транс» компаниясы жүргүнчүлөрдү каттамдын схемасын бекитпей туруп эле ташый баштаган, демек жүргүнчү ташуу «мыйзамсыз жүргүзүлүүдө» деп түшүндүрдү.

«Жолдор жана транспорт министрлиги Бишкектен "Манас" аэропортуна чейин жүргүнчүлөрдү заманбап жана ыңгайлуу кичи автобустар менен ташуу жөнүндө демилге жакшы экенин дагы бир ирет тастыктайт, бирок ар бир маршруттун ачылышы Кыргызстандын учурдагы ченемдик-укуктук актыларына тийиштүү коштолушу керек», — деп түшүндүрүштү басма сөз кызматтан.

Министрликтин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов Автомобиль жана суу транспорт агенттиги аталган компанияга жүргүнчүлөрдү ташуу жана тейлөө документтерин тариздөө керектиги боюнча эскертме бергенин «Клоопко» айтып берди.

«Башында документтерди жасап, андан соң гана жолго чыгыш керектиги жөнүндө эскертмеге карабастан, алар азыр баары бир эле иштеп атышат. Кандай десем...Транспорт министрлиги буга көз жумуп койду, бирок алар документтерин ырасташы керек», — деди ал.

Досумбетовдун айтымында, айдоочулар эмгек жана эс алуу убактысы да таризделиши керектелген иш тартиби, жол барагы жана каттамдым схемалары жок эле иштеп жатышат.

Андан тышкары, жүргүнчү таашуларды уюштуруп берүү эрежелери боюнча, буйрутма ташуулар жүргүнчүлөрдүн туристтик фирмалар менен бекитилген тизмеси менен гана аткарылышы керек, бирок компанияда ал тизме жок, анткени аэроэкспресстер жүргүнчүлөрдү аэропрттун алдынан салып кете беришет.

«Дас-Транс» компаниясынын башчысы Нурбек Турсунбаев эмне үчүн анын компаниясына эскертүүнү Чүй облусунун транспорт инспекциясы жазып бергенин түшүнбөй жатат, себеп дегенде компаниянын шаттл-бастары Чүй облусунун аймагына токтошпойт.

Ал Чүйдүн транспорт инспекциясына анын компаниясынын үстүнөн арызды №380 маршруттук таксинин айдоочулары беришкенин түшүндүрүүдө.