«РусГидро» Жогорку Нарын ГЭС долбоорунун айынан Кыргызстан менен соттошот

Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу. Сүрөт: Игорь Агеенко/Sputnik

Орусиянын «РусГидро» компаниясы Кыргызстандын өкмөтүнөн 37 млн долларды кайтарыш үчүн Гаагадагы эл аралык сотко арыз берүүнүн алдында турат. Бул акчаны «РусГидро» Кыргызстан келишимди үзгөнгө чейин Жогорку Нарын ГЭС каскаддарынын курулушуна жумшаган.

Орусиянын «РусГидро» компаниясынын башчысы Николай Шульгинов кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүдөн «оң» жыйынтык күтпөсүн РИА Новости басылмасынын журналисттерине билдирген. Анын айтымында, алар Гаагадагы эл аралык арбитраж сотуна 37 млн долларды кайтаруу боюнча арыз берүүгө даярданып атышат.  

Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы материалды чыгараар алдында комментарийлер үчүн жеткиликсиз болду.

Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу 2012-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы макулдашуудан кийин башталган. Андан соң 2016-жылы келишимди кыргыз бийлиги бир тараптуу жокко чыгарган.

Ошол кездеги Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын декабрында өзүнүн басма сөз жыйынында орус тарап каатчылыктын айынан «Камбар-Ата-1» жана Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу боюнча долбоорлорун аягына чыгара албайт деп билдирген.

Макулдашууга ылайык, курулуш жөнүндө келишим бир тараптуу жокко чыгарылгандан кийин Кыргызстан курулушка коротулуп кеткен 37 млн долларды «РусГидро» компаниясына төлөп бериши керек.

Кыргыз өкмөтү 2017-жылдын ортосунда Кыргызстандын Орусиянын алдындагы карызын төлөп берчү Чехиянын Liglass Trading компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу боюнча келишим түзгөн.

Бирок 2017-жылдын сентябрында кыргыз бийлиги алар өз убактысында Кыргызстандын «РусГидро» компаниясынын алдындагы карызын төлөп бербей койгондугунун айынан чехиялык компания менен кызматташуудан баш тарткан.

Азыр Кыргызстандын өкмөтү Жогорку Нарын ГЭС каскаддарынын курулушун улантуу үчүн жаңы инвесторлорду издеп жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: