Мамлекеттик сатып алуулар департаменти бюджеттик каражаттарга өтүп аткан тендерлерди жигердүү текшериши керек. Бирок аларда кызматкерлердин саны жетишсиз болгондуктан сайттагы он миңдеген жарыяларды текшере албайт.

Жыл сайын Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар порталында он миңдеген жарыялар жайгаштырылыт. 2017-жылы алардын саны суммасы 72,5 млрд сомду түзгөн 105,5 миңге чукул болчу — бул акчанын бардыгы эл аралык донорлор жана мамлекет тарабынан ведомстволордун муктаждыктарына бөлүнгөн.

«Клооптун» журналисттери бийлик тендерлерди текшербегенин аныктады, ошентсе да алар муну мамлекеттик сатып алуулар департаменти жөнүндө жобого ылайык кылышы керек. Бул маморган тендерлерге мониторинг кылып, алар канчалык мыйзамдуу өткөндүгүн изилдеш кажет.

Маектешүү учурунда департаменттин директорунун орун басарлык кызматын ээлеген Сүйүнтбек Мусуралиев «Клооптун» кабарчыларын тендерлерди кызматкерлердин ичинен эч ким текшербесин айтты.

«Мурдагы жылы болгону 60 миңдин тегерегинде гана конкурс болгон. Аларды мониторинг кылуу өзүңөр түшүнөсүңөр да — бул физикалык жактан мүмкүн эмес, туурабы? […] Эртең менен кечкиге чейин буга мониторинг кылуу — бул, ишенсеңер, абдан оор», — деди ал.

Мусуралиев текшерүүлөрдүн жоктугу кызматкерлердин жокутугу менен байланыштуу дейт. Департаментте 20 адам иштейт жана бардык тендерлерди текшерүү үчүн алар жетишсиз.

«Таза мониторинг — бул департаменттеги төрт адам, ошентсе да алар силердин  [журналисттик] сурамдарга, укук коргоо органдарынын сурамдарына жооп берүү менен колдору бошобойт», — дейт ал.

Мусуралиевдин айтымында, мамлекеттик сатып алууларга мониторинг жүргүзүү жана эреже бузууларды анкытоо менен журналисттер жана активисттер иштеши керек.

«Ошон үчүн ал (портал) ачык, силер сыяктуу журналисттер, мисалы, реакция кылып, мындайды териштире башташыңар керек. Мурда бул деле жок болчу да, туурабы? — дейт Мусариев. — Мына силер аныктайсыңар, а биз системада бул менен кантип күрөшүп, алдын алуу керектигин ойлонобуз. Көбүнчө биздин фугкция ушундай».

Мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы арыз таштоо бөлүмү.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында арыздануу системасы бар. Аларды департамент өзү эмес, акысыз иштеген мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистерден, юристтерден жана жарандык активисттерден турган ведомстволор аралык комиссия караштырып иштетет. Мамлекеттик сатып алуулар департаменти бул комиссиянын чечимин карап, чара көрө алат, бирок ал муну кылууга милдеттүү эмес.

Мусуралиев эреже бузууларга каршы күрөштү 2016-жылдагы «коррупциялык латын арибиндеги» мисал менен түшүндүрдү. Анда «Клооптун» журналисттери айрым маморгандар мамсатыпалуулар сайтындагы өз жарыяларын кирил тамгалары менен бирдей эле латын тамгаларына алмаштыруу менен катып жүрүшкөнүн аныкташкан. Бул порталдагы жарыяларды издөө бөлүмүндө алдын ала кантип терүү керек экенин билишкен жалданмачылар гана таба ала тургандыгына алып келген.

Анын айтымында, ошол ызы-чуудан кийин мамлекеттик сатып алуулар департаменти система «коррупциялык латын тамгасы» бар өтүнмөлөрдү таанып, аларды сайтка жайгаштыруугу бөгөт койгудай кылып койгон.

Бирок ал өтүнмөлөрдүн мазмунун программалык жөнгө салуу мүмкүн эместигин кошумчалады.

«Клооптун» журналисттери чынында эле 2016-жылдан кийин жайгаштырылган коррупциялык латын тамгасы бар жарыяларды таба алышкан жок. Бирок азырынча бул чындап эле мамлекеттик сатып алуулар департаментинин эмгегиби же жокпу түшүнүү мүмкүн эмес. Балким «коррупциялык латын тамгасы» жөнүндө иликтөөдөн кийин мамлекеттик ишканалар өзү аны колдонбой калышкандыр.

Эрежеси бузулган тендерлер

Тендердик өтүнмөлөрдү тешкерүүнүн жоктугу коррупциялык схемалардын келип чыгышы жана мамлекеттик каражаттардын максатысыз чыгымдалышы менен коркунучтуу.

Мисалы, 2018-жылы февралда «Клооптун» журналисттери Билим берүү министрлиги формулаларда каталары менен басып чыгарылган физика боюнча окуу куралдарына 92,5 миң сом коротконун аныкташкан.

Журналисттер бул окуяны изилдей башташкандан кийин Билим берүү министрлиги басмакананы окуу куралдарын кайрадан басып чыгарууга милдеттендирген. Андан бери беш ай убакыт өттү — бул убакыт аралыгында басмакана окуу куралдарын кайра басып чыгарган, бирок аларда кайрадан каталар табылган. Эми окуу куралдарын кайра баштан басып чыгаруу керек.

Ушул жана дагы башка бир нече окуу куралын басып чыгарууга тендерди «Эдем-принт» басмаканасы жеңип алган, бирок ал конкурстун квалификациялык талаптарынын бирине жооп берген эмес. Анда акыркы эки жылда суммасы 3,8 млн сомдон кем эмес акчага түзүлгөн жок дегенде үч келишим жок болуп чыккан.

Ызы-чуудан кийин бир нече ай өткөн соң Билим берүү министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кадыркулов алардын тендердик комиссиясы ката кетиргенин, ал эле эмес тендерге ылайык келбеген компаниянын катышуусуна жол бергенин, андан тышкары ага суммасы 1,5 млрд сомдон ашуун акчаны түзгөн бардык лоттордун жарымын (28 лоттун ичинен 14үн) жеңип алууга мүмкүндүк бергенин мойнуна алды.

«Алар [комиссия] башка минималдык баанын жолу менен кетишти. Мына көрдүңөрбү, бул тажрыйбанын жоктугу, мына бул ошонусу менен жаман, — дейт ал. — "Буклеттер" менен "Жыл санакты" ар бир эле чакан басмакана же жеке адам принтер сатып алып чыгара алат. Ал эми китеп чыгаруу — бул өзүнө бир нече циклди камтыган олуттуу технологиялык процесс».

Мамлекеттик сатып алуулар порталы — бул Кыргызстандын өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) биргелешкен долбоору. Ал расмий 2014-жылы иштей баштаган. Аны иштеп чыгууга жана тейлөөгө 900 миң АКШ доллары сарпталган — бул акчаны АӨБ бөлүп берген.

Башка өлкөлөрдө мамлекеттик сатып алууларга мониторинг жүргүзүү ар кандай көзөмөлгө алынат. Мисалы, АКШда тендерлердин үстүнөн бүтүндөй эки орган көз салат: Федералдык сатып алуу саясат башкармалыгы бардык федералдык сатып алууларды мониторинг кылат, ал эми Федералдык сатып алууларды жөнгө салуу боюнча кеңеш тендер министрликтерде кандай өтүп жаткандыгын көзөмөлдөйт.

Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдө мамлекеттик сатып алууларга мониторинг кылуу системасы Американын мисалы боюнча түзүлгөн жана ал ЕБ өлкөлөрүнүн улуттук мыйзамдарынан да артык атайын мыйзамдар боюнча иштейт.

Бул өлкөлөрдө мониторинг эки модель боюнча иштейт: борборлоштурулган жана бөлүштүрүлгөн. Анда бардык сатып алуулар атайын бир маморганга жыйналат. Бөлүштүрүлгөн системада ар бир ведомстводо мамлекеттик сатып алуулар менен иштеген департамент бар. Айрым өлкөлөрдө айкалыштырылган модель колдонулат.

ТЕМА БОЮНЧА: