Дарья Удалованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

Кечкисин Бишкектин айрым дарыканаларынын эшиктеринде «Тамызгыч жок» деп жазылган кагаздар илинип калат. Чындыгында алар бар, болгону дарыкана кызматкерлери аны саткылары келбейт.

Каармандардын ысымдары өзгөртүлдү.

27 жаштагы Саулеге тамчылаткыч алуу үчүн дарыканага барып, укмуштуудай мээримдүү эне көрүнүп, ымыркайынын «мурдуна дары тамызыш» керек экендиги жөнүндө окуяларды оюнан чыгарууга туура келет.

«Менде эмчектеги бала бар деп ойлоп калышы үчүн атайылап эле упчу жана аралашмалар бөлүмүнө барам. Дарыкана кызматкери менен баланын курсагын кандай тойгузуу керектигине байланыштуу ар кандай нерселер жөнүндө бир аз кеңешип, андан кийин тамчылаткыч сурасам дайыма эле сатып жиберишет», — дейт ал.

Чындыгында Сауледе эч кандай бала жок, ал эми ымыркай жөнүндө окуяларды дарыканачыларга тамызгычты сатып алып, марихуана чегүү үчүн айтып берет. Анын айтымында, кыздарды марихуана чегет деп көп деле ойлошпойт, ошондуктан ага тамчылаткычты балдарга караганда кечкисин сатып алууга оңой.

«Бир жолу мен досумду күтүп отуруп, чекким келип, андан жолдо келе жатып тамызгыч ала кел деп сурандым. Ал менин үйүмдүн жанындагы үч дарыканага кирип, натыйжада куйгуч жок экен деп келди. Анан досума 15 мүнөт мурда тамызгыч жок деп айтышкан ошол эле дарыканага барсам мага жөн эле сатышты», — дейт Сауле.

Негизинен тамчылаткычты 18ден 25 жашка чейинки балдарга сатышпайт, аны сатып алыш үчүн дарыканачынын «фейскөзөмөлүнөн» (айрым талаптарга туура келбегендик — ред.) өтүш керек. Мисалы, дайыма скейтборд тээп жүргөн 24 жаштагы Кайрат орто бойлуу бала. Ал кээде жада калса күндүзү да тамызгыч сатып ала албай калат.

«Бул мыйзам ченемдүү деле эмес, айрымдары сатышат: бешөөнүн ичинен [дарыканачынын] экөөсү сатып жиберээри анык. Алардын өздөнүнүн фейскөзөмөлү бар — эгерде сен туура келсең анда сага эч кыйынчылыгы жок эле сатышат. Эгерде сен алардын талаптарына туура келбей калсаң, анда бүттү. Мисалы, эгерде мен эртең ак көйнөк жана галстукчан кирсем, анда мага сатып жибериши толук мүмкүн», — дейт ал.

Бишкектин дарыканаларынын бириндеги кулактандыруу. Сүрөт: Kloop.kg

Дарыканачылардын өздөрү тамчылаткычтарды марихуананын колдонулушуна кызыктырбоо үчүн сатууну каалашпагындыгын айтышууда. Көбүнесе тамкылаткычты фармацевтикалык түйүндөрдө иштебеген чакан дарыканалар сатуудан баш тартышат. Мындай дарыканалардын биринде түнкүсүн тамызгыч сатып алса болоорун, бирок ал үчүн кардар аны өз дайындоосу боюнча колдоно тургандыгын далилдеши керектигин түшүндүрүштү.

«Биз сатабыз. Анткени аларга балким кичинекей балага дары тамчылатуу үчүн керектелип калат. Бул учурда сатабыз. Алар (кардарлар) өз аялдарына чалып, [беркилери] тамызгыч керек деп айтып калышат. Мен иштеп турганда алар дайыма чалышат», — дейт дарыкана кызматкери.

Кайрат тамызгычтарды сатпоо натыйжасыз чара деп эсептейт, анткени марихуананы башка ыкмалар менен деле чексе болот.

«Алар эмне менен гана күрөшүшпөсүн баары бир майнап чыкпайт. Тамызгычтан тышкары, чегүүнүн башка толгон-токой ыкмасы бар — бул марихуана аз калганда ыңгайлуу. Үнөмдүү болуп калат», — деп эсептейт ал.

Кайраттын айтымында, айрым дарыканачылар милиция менен кызматташышы ыктымал. Анын пикири боюнча, дарыканачылар жаш балдарга тамчылаткыч саткандан кийин тааныш милиция кызматкерлерине [марихуана] чегиши ыктымал болгон балдар жөнүндө билдирип коюшу мүмкүн.

«Менин досум бир жолу балдар менен дарыканадан тамызгыч сатып алган. Алар дарыканадан чыгып, бир аз басаары менен дароо эле [милиционерлер] кармап алышкан. Алардын жанында [марихуана] бар болчу. Ошентип алардан акча да өндүрүп алышкан. Бул менттер үчүн оңой пайда», — деп эсептейт Кайрат.

Дарья Удалованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

Адеп-ахлак же эки жүздүүлүк

Негизинен дарыканачылар тамызгычтарды адеп-ахлак баалуулуктарынын айынан сатуудан баш тартышат. Анткени алар жаштарды марихуана чегүүдөн коргоону каалашат. Бирок Бишкектин тургуну Албинанын айтымында, дарыканачылар олуттуу дары-дармектерди дарыгердин көрсөтмөсү жок болсо деле сатып жиберүү менен көбүнесе өз ишенимдерине каршы иштерди кылышат.

Албина соңку бир нече жылдан бери депрессияга каршы препараттарды колдонот. Анын айрымдары туура эмес колдонууда абдан кооптуу жана адамга баңгизат сыяктуу начар таасир тийгизиши мүмкүн. Анын айтымында, бул дары-дармектерди ага дайыма дарыгердин көрсөтмөсүн сурабастан эле сатып жиберишет.

Ал күндөрдүн биринде препарат сатып алып жатканда «Тамызгыч сатпайбыз» деп жазылып турганын көрүп, эмне үчүн деп кызыгып сураган. Дарыканачы агрессивдүү түрдө жооп берип, себебин түшүндүрбөй эле андан кетип калууну суранган.

«Ошол эле учурда ал мага рецепт менен берилиши керек болгон антидепрессантарды саткан. Мага жада калса эч нерсе ойдон чыгарып айтууга туура келбейт. Мен жөн гана рецепти үйдө унутуп коюпмун десем эле мага сатып жиберишти», — деди Албина.

Ал адамдардын айрымдары марихуана чеккенинин айынан эле тамчылаткыч сатуудан баш тартууну эки жүздүүлүк деп эсептейт.

«Сенин бардык моралдык сапаттарыңдын баасы бар. Эгерде менин дарыларым аскорбин кислотасынын баасында жана ошолордой эле рецепт боюнча болсо, анда аларды мага сатпай коюшу анык, андан тышкары, рецепт да талап кылышмак. Же болбосо тамызгычтын баасы 500 сом болсо, анда алар жалаң эле тамчылаткыч сатып же болбосо дарыканалардын эшигине "Тамчылаткыч гана сатылат" деп илип алышмак», — деди Албина.

Саламаттык сактоо министрлиги жана баңгизат көзөмөлү тамчылаткыч сатууну чектебейт

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) өкүлү Айдар Шигаевдин айтымында, ал иштеген мекеме рецепт боюнча берилген препараттардын рецепти жок сатылышына каршы да күрөшөт, бирок ал дарыканаларга тамчылаткыч сатууга тыюу сала албайт.

«Биздин ишмердик эки бөлүктөн турат: биринчиси — бул баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш жана экинчиси — бул баңгизаттардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө, тактап айтканда, формалдуу түрдө баңгизаттарга караштуу каражаттарды көзөмөлдөө, бирок алар ооруну басаңдаткан дары-дармектер деп саналат. Ошондуктан биз эмне болбосун же кандай болбосун тескеп же тыюу салганга укугубуз жок», — деди Шигаев.

Саламаттык сактоо министрлигинин (ССМ) басма сөз кызматынын консультанты Елена Баялинова «Клоопко» курган маегинде «ССМдин дарыканаларга тамызгыч сатпагыла деп тескеме бергени жөнүндө укпаганын» айтты.

«Тамчылаткычтар жок делип атканы аларды марихуана чегиш үчүн сатып алып жатышат деген кандайдыр бир божомолдорго гана байланыштуу. Башка иликтөөлөр жок да, сандар, кандайдыр бир фактылар, талдоо, эч нерсе жок. ССМ кантип тамчылаткыч сатпагыла деп буйрук бермек эле? Анткени алар элге оорулардын профилактикасы үчүн керектелип калышы мүмкүн да», — деп эсептейт ал.

Тамызгыч аркылуу тамеки чегүүнү көрсөтүп турган Бишкектик сүрөтчү Тарас Пизанын чыгармасы дээрлик бир жыл Tuman барында илинип турган. Андан кийин сүрөт жеке коллекция жыйнагына сатылган.

Бирок мезгилдик аллергия менен жабыркап келе жаткан 22 жаштагы Аскат башкача ойдо. Күндөрдүн биринде ал кечинде мурдуна дары тамызуу үчүн тамчылаткыч издеп дарыканага барат, бирок ал жерден ага аны сатуудан баш тартып коюшан:

«Жанымда дары болгону менен, куйгучу жок эле. Мен аны дарыкана кызматкерине көрсөтүп, тамызгыч эмне үчүн керек экенин түшүндүрүүгө аракет кылдым. Бирок алар белгиленген сааттарда, менимче, түн жарымдан кийин тамызгыч сатылбайт деп айтышты. Ошол эле учурда мени жаман көргөндөй карашты», — деди ал.