Билек күчүн сыноо үчүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан Ош шаарындагы ачык чемпионатка 40тан ашуун спортчу келген.

Таймаш 60, 75 килограммга чейинки жана 90 килограммдан оор салмактагы спортчулар арасында үч тур менен өттү. Ар бир категорияда ондон ашуун спортчу катышты.

Мелдешке келген көрөрмандар да билек күчүн сынап көрүштү.
Балбандардын колдоруна күч келгенде манжалар эптүү кармана албай, колдор ажырап кете берет. Ошол учурда эки балбандын колу атайын жип менен байланып күрөш улантылат.

Алгач 60 килограммга чейинкилер күч сынашып, 1-орунду Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарынан келген 17 жаштагы Өткүр Аскат уулу ээледи.

Ал эми 75 килограммга чейинкилер арасында да Жалал-Абаддын тургуну биринчиликти багынтты. Аксы районунун 28 жаштагы тургуну Абубакир Ташбулатов атаандаштарынын баарынын билектерин басты.

90 килограммдан жогорку салмактагы спортчулар арасында күч сынашкан Ош шаарынан 32 жаштагы тургуну Абдыгапар Бобулов менен Кара-Суу районунан 21 жаштагы тургуну Жоомарт Тойчуев тең чыгышып, экөө тең жеңүүчү аталды.

Күрөшүү учурунда балбандар буттарын каалагандай тиреп, такап, тээп алса болот. Бирок дененин белден өйдөңкү бөлүгү түз болушу шарт.

Мындан сырткары сологойлор да өзүнчө кол күрөштүрүп, бирок салмактарына карап бөлүнүшкөн жок. Анда Өзгөн районунун жашоочусу 26 жаштагы Бакыт Сали уулу биринчиликти багындырды.

Алдыңкы үч орунга жеткен жоон билектер медаль, акчалай сыйлык жана белектер менен сыйланышты.

Ош облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын машыктыруучусу Абдыгапар Бобуловдун айтуусунда, сынактын башкы максаты — кол күрөштү жайылтуу.

«Быйыл Ош облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгында атайын спорттун кол күрөш бөлүмү түзүлдү. Мелдешти бул жолкусунда атайын демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өткөрдүк. Мындан кийин да жергиликтүү бийлик тарабынан кароого алынып, өткөрүлүп турат деп үмүттөнөбүз», — деди Бобулов.

Катышуучулардын айтуусунда, алар кол күрөш сынагына катышуу үчүн турникке тартынып жана оор темирлерди көтөрүп машыгышат.

Сүрөттөрдүн автору: Гүлнур Араббай кызы