AP Band тобунун мүчөлөрү азыр ушундай куракта. 2000-жылдары алар ар башка топто – AP Clan жана Wild G’s ырдашчу. «Клооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

«Акапелла», «312», МС Мара жана AP Clan — 2000-жылдын ортолорунда алар көнүмүш кыргыз поп музыкасынан айрымаланып, кыргыз тилинде алгачкылардан болуп реп аткарып чыккан жылдыздары болушкан. Метин Жумагулов алар кантип рэпке келип, он жылдан ашуун убакыт өткөн соң эмне кылып атышканын билип келди

«Ырдап жүргөнүбүздө клубдар жык-жыйма толуп калчу. Блютуз пайда болуп, жарылуу болду — бардыгы тректерди бири-бирине өткөрө башташты. Биз үчүн ал бул нерсени олуттуу алып кетүү керектигин билдирген белги болду», — деп эстеди AP Clan тобунун мурдагы мүчөсү Рашид Сарбагышев.

2000-жылдын ортолорунда Бишкекте хип-хоп маданияты  популярдуулуктун туу чокусунда болчу: жергиликтүү рэп аткаруучуларынын ырлары ар бир телефондон жаңырып турган. Кечээги эле бишкектик жөнөкөй балдар рэперлерге, чыныгы жергиликтүү жылдыз жана жаштар үчүн ролдук моделдерге айланышкан. Алар өлкө боюнча гастролго чыгып, коңшу Казакстанга да чакырууларды алып турушкан.

Рэп жамааттыгы бир эмес бир нече жолу Спорт ордосуна күйөрман толтурушуп, ал эми орун жетпей калгандар аларды туруп алып угушчу.

Бир нече жылдан кийин бул толкун басаңдай баштады. Рэперлердин көпчүлүгү музыкалык эмес адистиктерди тандап кетишкен. Музыка чөйрөсүндө ошол кездеги ондогон жылдыздардын арасынан саналуулары гана калды.

Жаштардын мурдагы кумирлери өсүп, топ-менежер, банкир жана маркетолог болуп кетишкен.

Марат Төралиев. «Клооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

МСден каржы кызматкерине

Марат Төралиев Амстердамда жашап, иштеп жатканына бир жылга чукулдады. Ал «Билайн» мобилдик операторунун каржычысы жана маянасы да көп.

Бирок ал 10 жылдай мурда МС Мара деген ысым менен белгилүү болчу. Ал Ысык-Көлдөгү эс алуу (MC Мара жана «312» — «Ари-Ури») жөнүндө тамашалуу жана сүйүү (MC Мара жана MKD — «Рядом») жөнүндө романтикалуу ырларды ырдачу. Төралиев байма-бай өлкөнүн башкы КТР (азыркы КТРК) телеканалында хит-параддарда көрүнүп турчу.

Марат кыргыз рэперлеринин «экинчи толкунунан» чыккан. Ал эми биринчи топтогулар — олуттуу текст менен чыккан AP Clan жана Kiggaz сыяктуу топтор эле. «Экинчи толкундагылар» болсо тамашалуу текст жана серенадаларды алып келишкен.

«Эч кимибиздин музыкалык билимибиз жок болчу. Биз нота жана семлдер менен музыка жасоочу Fruity Loops программасын колдончубуз. Ал программа Fruity Loopsтун жаңы чыгып аткан версиясы болуп, дээрлик баардык ырларды үн чыгарып жаздырчубуз. Өзүбүз эле үйрөнчүбүз, ошондуктан тректер сапатсыз эле. Ал кезде көп нерсени билчү эмеспиз да», — деп эстейт Төралиев.

Үналгылар 2003-жылы AP Clan менен Kiggazдын ырларын бере баштаганда, Төралиев «экинчи толкундун» «Акапелла» жана «312» топторунан да озуп, өз тректерин жаздырган.

Төралиевдин айтымында, чыгармачылыктагы ийгиликтери аны кыздардын арасында абдан популярдуу кылып, балдар болсо ага чогуу эс алууну сунушташчу.

Университетти аяктагандан кийин Төралиев музыка жаатындагы чыгармачылыгын таштоону чечип, АКШга кетип калган.

«Биз ар бирибиз (рэперлер) бирден альбом чыгарып, анан чыгармачылыктан кетебиз деп сүйлөшкөнүз. Университетти аяктаар алдында дал ошондой болуп, эл алдына чыгып ырдоону токтоттук. Ага бир нече факторлор себеп болду: алардын бири өз ара келишим. Мен Кошмо штаттарга кеттим, ошол эле "312" тобундагы досторум да АКШ келип, баары ошону менен аяктады», — деди Төралиев.

Кийин ал программисттик адистикти аркалап, Улуу Британияда «Кока-Кола» компаниясында иштеп, окуп да жүргөн.

«Мени азыр деле өзүм менен куракташ адамдар таанып, эстеп калышат. Мисалы, мен жумушта жогорку кызматты ээлеп турам, анан мага келип "Сиз рэпер болчусуз да" деп айтып калышат. Компанияда адамдар менен көп таанышууга туура келет, ошондуктанбы таанып кала беришет. Учурда өзүмдү рэпер катары эмес, каржычы катары тааныткым келсе да, мени баарыбир МС Мара деп эсептешет», — дейт ал.

Дастан Аракеев. «Клооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

Серенада авторунан маркетологго

Дастан Аракеевдин маркетинг багытында иштеп жатканына көп болду, бул тармакты ал 10 жыл мурда тандап алган. Дастан университетти жарнамалык менежмент адистиги боюнча бүтүрүп, кийинчерээк жеке графикалык жана веб-дизайн студиясын ачкан.

Бирок 2000-жылдардын ортосунда анын жашоосу башкача болчу. Анткени, ал «312» деп аталган рэп тобунун мүчөсү эле.

Учурда аталган топтун башка мүчөлөрү да музыка жаатында иштешпейт. Аракеевдин агасы Элдан өзүнүн инвестициялык компаниясын ачса, ал эми бөлөсү Бакыт кыймылсыз мүлк менен иштейт.

«312» өзүнүн эң популярдуу «Ари-Ури» ырын МС Мара менен биргеликте жаздырган. Бул топко ошол жылдардагы популярдуу ыр, гитара менен Бишкектин «Каныкейлерине» арнап ырдалган «To My Angel» чыгармасы да таандык.

«Биринчи ыр жөн эле жерден жаралып калды. Анда биз биринчи курсту аяктап жаткан маал болчу. Жайында эмне жөнүндө жазса болот деп ойлонуп, албетте, Ысык-Көл жөнүндө ыр чыгаруу керек деп чечкенбиз. Ошентип анан Ысык-Көл жөнүндөгү "Ари-Ури" ыры жаралып калды. Чыгармабыз элге жага баштаганда баарынан да драйв жана кубанууну сезип аттык. Кумарланып, кызыгып, чыгармачылыктын үстүндө дагы да көбүрөөк иштегибиз келип...», — деп эстеди Дастан.

«312» тобу өзүнүн алгачкы ырларын батирде, компьютердик программалардын жардамында жаздырчу. Андан кийин алар ижарага студия алуу үчүн чөнтөк чыгымдарынан акча жыйнай башташкан.

«Ата-энем [менин рэп окуп атканымды] биринчи жолу укканда кубанышкан жок. Биздин үй-бүлөдө ырчылар болгон эмес, а сен музыкант болгуң келип атат, кийин үй-бүлөңдү кантип багасың дешкен. Популярдуу ырыбыз концерт жана гастролдорго чейин уланып, андан соң жакындарымын ойлору өзгөрдү. Менимче ырларыбыз аларга да жагып калса керек», — дейт Аракеев.

Ал 2007-жылы, рэптин популярдуулугу басаңдай баштаганда топтун башка мүчөлөрү жана МС Мара менен бирге АКШга кетип калган. Эки жылдан соң Дастан Кыргызстанга кайтып, веб-дизайнга кызыгуусу аркылуу маркетолог болуп иштей баштаган.

Бирок ал музыканы биротоло таштай алган жок. Аракеев да Марат Төралиев сыяктуу эле музыкага жакын болгондуктан анда-санда тректерди жаздырып турат.

Аракеев «312» тобунун көп ырларын азыр укканда кулакты тундураарын мойнуна алды. Ошол ырлардын «сапаттуурак» болушун каалайт экенин да жашырган жок.

Бакыт Туратбеков. «Клооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

«Чочошкасы чоң балакайдан» банк кызматкерине айлануу

Бакыт Туратбеков Бишкектин банктарынын биринде казыналык бөлүмдө иштейт. Анын айтымында, башында эле ал банк тармагына кызыгып, Кыргыз-Орус-Славян университетинин (КОСУ) экономикалык факультетин бүтүргөн.

«Жумушум динамикалуу, ошондуктан жагат», — деп түшүндүрдү ал.

Бакыт жумушу жөнүндө айткысы келбегени менен, бир кездеги музыка дүйнөсүнөн тапкан мурдагы кесиптештери жөнүндө айтып берди: Акмаль отелде, ал эми Султан ТИМдин консулдук кызмат департаментинде иштейт.

Алардын 2000-жылдардагы эң популярдуу рэп топторундагы ырчылар экенин азыр дээрлик эч нерсе деле байкатып койбойт. «Акапелланын» ырларында кай бир учурда күмөндүү тамашалар да көп кошулган. Аларда Наргизанын аты «күрөң аюу» менен уйкаштырылып, түнкүсүн «инкубчуларды» кездештирүү кооптуу экени айтылган. «Инкубчулар» деп Бишкектин көчөлөрүндөгү спорт интернатынын окуучулары аталчу.

Эң эле таанымал ыр «чочошкасы чоң балакай» жөнүндө баяндап берчү.

«Акапелланын» «Подожди» жана «Достучаться до небес» деген сыяктуу олуттуу да ырлары бар болчу, ал эми рэп тобунун клиптери телевидениеден көрсөтүлчү.

Анын айтымында, 2004-жылы «Акапелла» жетишкен атактуулук топтун мүчөлөрү үчүн күтүүсүз болгон. Алар ырларынын кафелерде, клубдарда коюлуп, көчөдө ырдалып калаарын ойлошкон эмес. Балдар жөн гана чогулуп, жаздырган ырларын бири-бирине угузуп, кубанычын бөлүшүшчү.

Бирок алар популярдуулуктун туу чокусунда турса да музыка жаатында олуттуу иштеп кетүүнү каалашкан эмес.

«Беш коллективди бириктирип, шарт коюуну каалаган учур да болгон: же биз ырдайбыз, же эч ким ырдабайт деп. Киреше бирдей бөлүнгөнгө чейин барып калган. Биз үчүн бул кызыксыз эле, ар кимибиз өз чөйрөбүз менен чыгып, көз карандысыз болууну самайт элек», — дейт Бакыт.

Туратбеков 2007-жылы рэптин популярдуулугу жоголо баштаганын «ар бир экинчи адам рэпке кирип, реперлердин көбөйүп кеткени» менен түшүндүрдү.

Бакыт Туратбеков «Акапелланын» ырларын, топтун популярдуу болуп турган учурун жылмаюу менен эстейт.

«Азыр эми биз жараткан ырларды угуп калганда эмнени эстейм? Ичимен "Биз муну кыла алдык" деп гана айтам».

Мирлан Шанканов. «Клооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

«Кыргыз Ниггаздарынан» ишкерликке

Мирлан Шанканов ММА (эрежесиз эр таймаш) мушкерлерин даярдоонун үстүндө иштейт. Анын Бишкекте жеке иши бар: мушкерлер клубу жана фитнес борбор.

Шанканов 2000-жылдары Kiggaz тобунда рэп окучу. Алардын аткаруусундагы ырлар ири концерттик залдарды толтуруп турган. Азыр ал музыкага кайтууну каалабайт. «Убакыт өткөн сайын куса болосуң, жакшы жылдар өттү. Азыр бардыгыбыз жолугуп калганда, ал учурду жылуу сезимдер менен эстеп калабыз», — деп жылмайды Шанканов.

Kiggaz расмий альбом чыгарган биринчи кыргыз хип-хоп долбоору болуп саналат. Алар репти орус жана кыргыз тилдеринде бирдей окушчу. Алардын биринчи бейрасмий альбому — аткаруучулар өз тексттерин чоочун музыканын коштоосунда ырдаган микстейп болгон.

«Балдарды кызыгуулары табыштырды, ар жекшемби күндөрү жолугушуу болуп турчу. ЦУМдун жанына 15-20 адам чогулуп, бумбокс алып, рэпти коюп алып, троллейбустун ичинде баарлашып, кассеталар менен алмашчубуз», — дейт Шанканов.

Рэп тобу өз музыкасын максималдуу түрдө сапаттуу кылыш үчүн ырларын студияда жаздырып турган.

«Ырларды студияда жаздырганыбыз үчүн жолдуу болдук. Биз расмий альбом чыгаргандардын жалгыз жана биринчилерибиз деп айтсак болот. Бизден мурда AP Clan чыга баштап, алардын тректери үналгыларда жаңыра баштады. Андан кийин эле алгачкы тректи жаздырып чыгара калдык. Бардык хит параддардын сап башындагы бештикте биз турчубуз», — деп эстейт мурдагы рэпер.

Топ бир гана Кыргызстанда эмес, КМШ мамлекеттеринде да белгилүү болууну каалаган. Кайсы бир деңгээлде алар бул максатына жетишкен. Kiggazдын мүчөлөрүнүн эскерүүлөрү боюнча, «Малява» ырын Орусияда, ал эми экинчи альбомун Казакстанда угушчу.

«Экинчи альбом көбүнесе коммерциялык багытта болгон. Бир ар бир тексттин үстүндө дыкат иштечүбүз: кантип сиңирүү керек, кандайча ырдаш керек, кайсы аудиторияны камтыш зарыл», — деп эстеди Шанканов.

Рэпердин өзүнө топтун алгачкы чыгармалары көбүрөөк жагат. Анын айтымында, ал ырлар «жүрөккө жакын, ачуу жана тайманбас».

AP Band тобу. Солдон оңго — Рашид Сарбагышев, Камил Усупбаев жана Бахтияр Турдубеков. «Клооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

Кландан бандага

Рашид Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) мурдагы имаратынын алдында (эски аянт) түтүн булутунда турат. Ал учурда Камиль машина менен түнкү Бишкекте келе жаткан болот. Ошол эле учурда Бахтияр шаардын борборунун бир бөлүгүндө тайманбай камераны тиктейт. Мунун бардыгы караңгы жана сапаттуу көрүнөт.

Бул AP Band тобунан «Город Б» тобунун ырына клип.

AP Clan тобунун мүчөсү катары белгилүү Рашид Сарбагышев 90-жылдардын аягында эле рэп ырдай баштаган. Жергиликтүү рэперлер дайыма 8-кичи райондо жайгашкан «Паладин» клубуна чогулуп турушчу.

«Ал жерге мен досторум менен дискотекага барып, биринчи жолу жандуу рэп жана рэп баттлдарына күбө болгом. AP Clanга чейин башка рэп топтору да бар болчу, толгон-токой рэп топтору көмүскөдө жүрүшчү. Кеңири публика хип-хоп маданиятын билчү эмес», — деди Рашид.

Балдардын 70-мектепте «жаздыруу студиясы» да бар болчу. Ар бир трек магнитофонго жаздырылчу. Бир кассетага фонограмма коюлуп, ал эми экинчисине «министун» үстүнө үн жаздырылчу. Албетте, кийин ырды өзгөртүүгө мүмкүн болбой калат эле.

«Бир учурларда биз рэп маданиятында жалгыз экенибизди түшүнүп калдык. Ошондо 2001-жылдын аягы ыктай өз кланыбызды түзүп, аны Asian Power (Азиат күчү — кыскача АР) деп атап койдук», — деп түшүндүрдү Рашид топтун аталышын.

Ал музыка чөйрөсүндө жүргөнүмдү жада калса ата-энем билчү эмес, менин аткаруумдагы ыр үналгыда жаңырып атканын угуп калганга чейин ишенбей жүрүшкөн деп эстеди. «Мен [жакшы] кийинип, колума акча көтөрүп жүрсөм уурулук кылып жүрөт деп ойлоп алышкан», — деп күлдү ал.

Рэп тобу жабылып калгандан кийин Сарбагышев 2008-жылы Ооганстанга кетип, эки жылдан соң келген. Кайтып келгенден кийин ал топту кайра чогултууну чечкен. AP Bandге (жаңы топ) өзүнөн тышкары Камиль Усупбаев жана Бахтияр Турдубеков да кирген.

***

2018-жылы Кыргызстанда рэп кайрадан популярдуу боло баштады. AP Bandден тышкары «ТроеРазных» жана «Заманбап» деген аталыштагы таанымал топтор бар. Анын мүчөлөрү: Баястан, Бегиш жана Каспер. Алар кыргыз тилинде рэп аткарышат.

Азыркы кыргыз рэперлеринин клиптери сапаттуу, алардын клиптери кээде орус телеканалдарында да көрсөтүлүп калат. Алар баттл уюштуруп, КТРК жана үналгынын жардамысыз эле популярдуулукка ээ болуп келишет.

Бирок YouTubeга киргизилген 2000-жылдардын ырлары дагы деле комментарий чогултууда:

«Силер кайда жүрөсүңөр?»;

«Жаңы ырлар качан чыгат?»;

«Силер мыктысыңар»;

«Кусалык»;

«Мен азыр деле бардык сөздөрдү жатка билем».

Редакторлор: Айдай Иргебаева, Дмитрий Мотинов, Бектур Искендер