«Клооп Медиада» вакансия

Учурда «Клооп Медиада» котормочу үчүн бир жумуш оруну бар. Талаптар менен таанышып, эгерде вакансия сизге ылайык келсе, онлайн билдирмени толтуруп жөнөтүңүз. Билдирме 20-июль саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Эмне кылыш керек болот?

Котормочу Kloop.kg сайтына чыккан материалдарды орус тилинен кыргызчага которот. Күнүнө мындай материалдардын саны 4-5ти түзүшү мүмкүн. Керек болгон учурда кыргыз тилинде алынган интервьюларды жана даярдалган материалдарды орусчага которуп берет.

Милдеттери кандай?

  1. Орусчадан кыргыз тилине тексттерди сабаттуу которуп сайтка чыгарат
  2. Кыргыз тилиндеги материалдарды коомдук желелерде таратат
  3. Кыргызча даярдалган материалдарды орус тилине которуп берет
  4. Өз алдынча жана команда менен иштей алат
  5. 24/7 байланышта болууга макул

Айлыгы канча? Маектешүүнүн натыйжасында макулдашылат.

Жумуш орду: Бишкек шаарындагы «Клооп Медианын» офиси

Билдирме кабыл алуу аягына чыкты.