Канатбек Исаев сот имаратынан чыгып жатат. Сүрөт: Бермет Исаева

Бишкек шаардык соту депутат Канатбек Исаевди үй камагына чыгарды. Ал «башаламандыктарды даярдоо» боюнча айыпталып, УКМКнын тергөө изоляторунда дээрлик 10 ай отурду.

Бишкек шаардык сотунун чечими жөнүндө 18-июлда белгилүү болду. Исаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө изоляторуна 2017-жылдын сентябрында камалып, ал жакта депутат дээрлик 10 ай отурду.

Депутат 2017-жылдын 30-сентябрында кармалган. Ал ошондо президенттик шайлоодо талапкер Өмүрбек Бабанов утулуп калса, «башаламандыктарды уюштурууга даярданып атат» деп айыпталган. Бабанов президенттикке келген бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон.

Исаев бардык айыптарды четке кагып, өзүн күнөөсүз деп атаган, ал эми шайлоодо утулуп калып, өлкөдөн чыгып кеткен Бабанов Исаевди мени колдоп жатканы үчүн кармашкан деп билдирген.

Ошондой эле, Канатбек Исаев 2010-жылы Токмокто муницпиалдык жерди мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча дагы бир кылмыш ишинин фигуранты болуп жаткан. Ал күнөөлүү деп табылып, 12 жылга кесилген, бирок Бишкек шаардык соту 2018-жылы июнда депутатка карата тергөөнү мөөнөтү өтүп кеткендигинен улам токтоткон.

ТЕМА БОЮНЧА