Орусиянын «Диссернет» уюму Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) мугалими Турдукан Жумабекованын диссертациясын текшерди. Эксперттердин айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгы аларды таң калтырган, анткени мугалимдин 133 бетти түзгөн диссертациясынын 129 бетинен плагиат табылган.

Турдукан Жумабекова КУУнун жөн гана жупуну мугалими эмес.

Ал бир гана КУУнун Соттук экспертиза кафедрасында сабак бербестен, Окумуштуулардын жана мугалимдердин эл аралык ассоциациясынын мүчөсү, андан сырткары, Орусиянын табият таануу академиясынын корреспондент мүчөсү болуп саналат. Жумабекова жөнүндө жада калса Орусиянын «Белгилүү окумуштуулары» энциклопедиясында макала жарык көргөн.

Ал эмгек жолун милиция кызматкери болуп баштаган. Ал эми 1998-жылы илимге келип, кыргызстандын жогорку окуу жайларында сабак берип жүрүп, монография жана окуу куралдары сыяктуу жүздөн ашуун эмгектерди басып чыгарган.

2007-жылы Жумабекова Курманбек Бакиевдин «Ак Жол» партиясынан парламенттин IV чакырылышына депутат болуп келген. Эл өкүлүнүн кызматында Жумабекованы тарыхый баалуулуктар, улуттук каада-салтты өнүктүрүү жана балдарды патриоттукка тарбиялоо сыяктуу маселелер көп түйшөлткөн.

Жумабекова үчүн патриотизм — куру сөз эмес. Бир кездерде ал кыргыздар гана боз үйдү, ак калпакты жана бозону эзелки улуттук баалуулук катары эсептей алат деп айткан.

Жумабекова парламентте. Сүрөт: «Кыргыз Туусу»

Ал парламентте иштеп жүрүп КУУда «Кыргыз Республикасынын сот өндүрүшүндө камакка алуу баш коргоо чарасынын пайда болушу жана өнүгүшү» темасы боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. «Диссернет» бул документтен плагиаты жок бүтүндөй төрт (!) барак тапкан. Ал эми калган 129 бет толугу менен же жарым-жартылай чоочун бирөөнүн ишинен көчүрүлүп алынган.

Жумабекованын ишиндеги көчүрмөлөр

«Диссернеттин» аныкташынча, Жумабекова орусиялык үч окумуштуунун эмгегинен көчүрүп алган. Негизги бөлүгү (15-беттен баштап 92-бетке чейин жана 120-беттен 127-бетке дейре) Санкт-Петербургдун ИИМ университетинин мугалими Элдар Кутуевден алынган.

Көчүрмөнүн мисалы:

Жумабекова Т.А. (2009), 36-бет:

«Проведенное нами социологическое исследование показало, что 12,5% подозреваемых и обвиняемых содержались в камерах, в которых помимо опрошенного находились до десяти человек; 38,2% – в камерах с численностью заключенных от 11 до 20 человек; 25% – в камерах с численностью заключенных от 21 до 30 человек; 16,3% – в камерах с численностью заключенных от 31 до 40 человек; 8% – в камерах с численностью заключенных более 40 человек. Лишь 8,2% лиц содержались на площади не менее 2,5 квадратных метра, которая соответствовала ранее существовавшим нормам, в сухих камерах с естественным и электрическим освещением».

Кутуев Э.К. (1999), 138-бет:

«Проведенное нами социологическое исследование показало, что 12,5% подозреваемых, обвиняемых и подсудимых содержались в камерах, в которых помимо опрошенного находились до десяти человек; 38,2% – в камерах с численностью заключенных от 11 до 20 человек; 25% – в камерах с численностью заключенных от 21 до 30 человек; 16,3% – в камерах с численностью заключенных от 31 до 40 человек; 8% – в камерах с численностью заключенных более 40 человек. Лишь 8,2% лиц содержались на площади не менее 2,5 кв. м в сухих камерах с естественным и электрическим освещением, которая соответствовала ранее существовавшим нормам».

Таң калычтуу (чындыгында таң калып кереги жок), бирок Жумабекованын 2003-2009-жылдары Кыргызстандын тергөө изоляторлорунда «жүргүзгөн» сурамжылоосунун жыйынтыгы Кутуев 1995-1999-жылдары Санкт-Петербургдун жана Уфанын тергөө изоляторлорунда жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыктарына опокшош болуп турат.

Жумабекованын илимий ишинин дагы бир бөлүгү Москва жана Санкт-Петербург шаарларынын профессорунан алынган. Бул иштин бардыгы Жумабекова диссертациясын жактаганга чейин бир нече жыл мурда, тактап айтканда 1999 жана 2003-жылдардын орто чендеринде жазылган.

Ал эми окумуштуу диссертациясын «кимдир бирөөнүн буйругу» менен иликтеп атат деп ишенет.

«Мен алданып калбайм. Сманалиев Канатбек Мойнокович илимий жетекчим болчу. Диссертация ошонун жардамы менен жазылган. Дээрлик ар бир параграф жазылган, эч кандай плагиат жок болчу! Силер окумуштуу эмессиңер, ошон үчүн талашпагыла. Саламатта калгыла», — деп маектешүүнү токтотту Турдукан Абдыкарыевна.

«Диссернеттегилер» эмне деп жатышат?

Уюмдагылар Жумабекованын диссертациясында плагиат бар деп ишендирүүдө. Экспертизага карата комментарийде эки тексттин окшоштугу «экспертти бир нече мүнөткө нес кылып койду» деп айтылат.

Жогоруда көрсөтүлгөн Жумабекова менен Кутевдин тексттерин салыштырып окуп көрүү жетиштүү эле болот. Ал өз диссертациясында иликтөөнүн аймагы менен жылын эле өзгөртүп койгону эле болбосо, натыйжалары менен сандык маалыматтар түп нускада көрсөтүлгөндөгүдөй эле калган.

«Эксперт диссертацияны изилдеп жатып Кыргызстан менен Орусиянын жана эки мамлекеттин башка министрликтеринин окшоштугу менен тууганчылыгына абдан таң калган», — деп айтылат экспертизанын комментарийинде.

«Диссернеттен» белгилешкендей, Жумабекова диссертациясын жазууда Элдар Кутуевдин жана башка окумуштуулардын эмгектерине шилтеме берген эмес, ошондой эле, анын Кутуев менен биргеликте жасаган эмгеги да жок.

«Диссернет» деген эмне?

Бул 2013-жылдан бери диссертациялардагы плагиаттарды текшерип келе жаткан Орусиядагы ыктыярчылар уюму.

«Диссернеттин» текшерүүлөрүнөн кийин Орусияда 200гө чукул адам илимий даражаларынан кол жууп калган. Алардын катарында Орусиянын Мамдумасынын депутаты Ришат Абубакиров жана Москва шаардык думасынын төрагасы Михаил Платонов болгон.

«Диссернет» кандай иштейт жана эмне үчүн ал кыргызстандыктардын диссертацияларына кызыгып калганы жөнүндө бул жерден окуңуз

Азыркы күнгө чейин «Диссернет» 30дай кыргыз окумуштуусунун ишинен плагиат тапкан. Алардын ичинен эң эле көрүнүктүү аткаминер, азырынча, Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков.

«Клооп» Исаковдун ишиндеги плагиат жөнүндө материал чыгаргандан кийин ал Жогорку аттестациялык комиссияга кайрылып, илимий даражадан ажыратууну өтүнүп арыз жазган.

Исаковдун диссертациясындагы плагиат жөнүндө кененирээк бул жерден окуңуз