Дарья Удалованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

Гүлнара (аты өзгөртүлдү) билим берүү тармагында 35 жыл иштеген. Бул жылы ал пенсияга чыгып, эми мамлекет ага айына үч миң сомдон бир аз көбүүрөк акча төлөп турат.

Ал пенсиясынын үчтөн бирин, миң сомго чейин, коммуналдык кызмат акыларына, ал эми кышкысын андан да көп, эки миң сом, кетээрин айтат. Ошондуктан ал иштегенге аргасыз. Гүлнара Бишкектин окуу жайларынын биринде сабак берет, иштебей койсо ал өзүнө кам көрө албай калат.

«Үч миң сомго жан багуу мүмкүн эмес. Ошондуктан мен жада калса жумушумду таштап, кандайдыр бир башка жумушка өткөн күндө деле мен өзүмдү камсыз кыла алмак эмесмин», — дейт ал.

Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, пенсиядагы ар бир төртүнчү кыргызстандык толук кандуу тамактанбайт, ал эми ар бир үчүнчүсү дарылоодон өтүүсүн төлөй албайт. Алардын буга акчалары жок. Ошондуктан Кыргызстандын пенсионерлеринин дээрлик жарымы иштегенге аргасыз, ал эми алардын ичинен 34% — ишкерлер. Ошол эле учурда ар бир үчүнчү пенсионер өз балдарына материалдык жактан кам көрөт.

Бирок Гүлнара менен кошо башка миңдеген пенсионер эртең аларды жумуштан айдап салышпай турганына ишенишпейт.

Пенсияга чейинки жана пенсия курагындагы кыргызстандыктарды байма-бай эле жумуштарынан бошотушат, бирок кызматкерди жаш курагына карап бошотуу мыйзамсыз. Ошондуктан алардан өз каалоосу менен жумуштан кетүү боюнча арызын жазууну суранышат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда эң эле аз делген пенсиянын өлчөмү 1800 сомго чукул. Ал эми 2018-жылдын башына карата жашоо минимумунун өлчөмү 5 миң сомдун тегерегинде. Кыргызстандын улгайган адамдарынын үчтөн бири гана бул акчадан көбүрөөк пенсия алат.

Андан сырткары, эч качан расмий иштебеген кыргызстандыктар да бар — бул, мисалы, эрте турмушка чыгып билим албай калган, өмүр бою жер айдоо аянттарында иштеген, үй-чарбасын жүргүзгөн, бала баккан, улгайган жана оорулуу туугандарын караган аялдар.

Улгайган куракта алар болгону 1000 сомдук жөлөкпулга үмүт арта алышат. Ошондо да бул акчаны мамлекет алар 65 жашка чыккандан кийин гана төлөп берет.

«Жашы жеткендин бардыгын жумуштан алышты»

Малика (аты өзгөртүлдү) Токмок шаардык мэриясында башкы адис болуп иштеп жүргөн. Ал ооруп жаткандыгына байланыштуу эмгек өргүүсүнөн кийин келгенде аны мэриянын аппаратынын жетекчиси чакырткан. Аппарат жетекчиси ал жумуштан өз каалоосу менен кетиши керектиги жөнүндө мэрдин каалоосун билдирген.

«Мен нес болуп калгам. [...] Алар мени жашым жеткендиги үчүн бошоткулары келип атканы белгилүү эле болчу. Мен кеткенден кийин алар акырындык менен жашы жеткендердин бардыгын бошотушту. Мен 53 жашымда жумуштан кетип, бош отуруп калдым, ал эми пенсияга чейин дагы беш жыл бар эле», — дейт ал.

Малика — муниципиалдык кызматтын отличниги. Анын үстүнө Малика пенсия деп жылдар бою өтөгөн эмгеги үчүн маяна ала албаган жумушсуз аял болуп калды.

Ушундай эле кырдаалга кабылган пенсияга чейинки жана пенсия курагындагы кыргызстандыктар жумуштарынан кеткенден кийин документтерди тариздөөсүз эле башка ишке орношууга аргасыз болушууда. Бул деген алар ооруп жаткандыгына байланыштуу даарыланууга кетүүгө жана эмгек өргүүсүнө чыгууга укуктары жок экенин, андан сырткары, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшпөйт дегенди билдирет.

Акыйкатчы институту тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун катышуучуларынын бири дал ушундай мекемелердин биринде иштейт. Ал 60 жашта жана тигүү цехинде иштөөгө мажбур.

Күндөрдүн биринде ал ооруп калып жумушка бара албай калган. Ошондон кийин цехтин башчысы улгайган аялга кыйкырып, иштей албасаң «үйдө отур, балдарың же неберелериң багышат» деп айткан.

«Ал бул камкордук мекеме эмес, бул тигүү цехи деп айткан. Мага жумуш керек. Эми ооруп жатканыма карабай жумушка чыгууга аргасызмын», — дейт ал.

Дарья Удалованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

Сизди жашыңызга байланыштуу бошотуп салса эмне кылуу керек?«Прецедент» компаниясынын юристи Ильяна Жедигерова сот арызын бекемдей алган далилдерди чогултуу керектигин сунуштайт.

«Эгерде жаран аны мыйзамсыз бошотушкан деп эсептесе, анда ал сотко кайрылууга укуктуу. Албетте, аудио жазма жана күбөлөр эмгек талашын кароодо далил болуп бере алат», — деди Жедигерова.

Жедигерова эгерде улгайган кызматкер басмырлоо менен жумуштан айдалса, анда ал сот аркылуу кызматтан алынышын талашып, кайра ээлеген кызматына келе алат деп айтууда.

Врач Бурул Алмазбекова эки жолу сот аркылуу саламаттык сактоо системасында иштөө укугун талашып, жеңип алган.

2017-жылдын ноябрында Бурулду жана пенсия курактагы дагы беш башкы врачты кызматтарынан бошотуп жиберишкен. Ал учурда саламаттык сактоо министри болуп турган Талантбек Батыралиев «жаштарга жол берип жатканын» айткан.

«Дүйнө ордунда турган жок. Кызматтарынан алынган жетекчилер — бул пенсия курактагы адамдар. Алар өлкө жарандарына медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн зор салымын кошушкан, бирок алдыга умтулуп, жаштарга жол бериш керек», — деп айткан ал ошол учурда.

Шаардык периноталдык борборду жетектеген Алмазбекова кызматынан кетип жаткан учурда 67 жашта болчу. Ал өмүрүнүн 40 жылдан ашыгын медицинага арнаган.

«[Саламаттык сактоо министрине] менин ордум керек болуп аткандай сезилген. Ал жакта аябагандай кысым болду. Саламаттык сактоо министрлиги бизди иштетпей жатты. Алар улам-улам текшерүү жөнөтүп туруп алышты», — дейт ал.

Врачтын айтымында, текшерүүлөр эч бир мыйзамсыздык тапкан эмес. Ал түгүл Алмазбекованы ооруп жаткандыгына байланыштуу эмгек өргүүдө жүргөн кезде жумуштан бошотуп салышкан — бул мыйзамга каршы келет.

Ал сотко кайрылып, катары менен эки инстанцияда Саламаттык сактоо министрлигин жеңип чыккан. Сот аны кызматка кайтарууну жана аргасыздан жумушка келбеген күндөрү үчүн маяна төлөп берүүнү токтом кылган.Ошентип Алмазбекова 19-июлда периноталдык борбордогу жумушуна кайтып барган. Буга чейин ал сегиз ай пенсиясына жан багып, балдарым жардам берет деп кубанып жүрчү.

Эл аралык AgeNet International уюму пенсия курактагы адамдарды жумуштан алууну Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан демилгеленген басмырлоо деп атады.

«Кыргызстан сыяктуу укуктук мамлекетте мындай чечимдер жумуш берүүчүлөр тараптан пенсияга чейинки жана пенсия курактагы адардарга карата басмырлоочулук абалды чыгышына шарт түзүп, эмгек келишимин узартууда же аларды жумушка алууда баш тартууга негиз болуп бериши мүмкүн», — деп жазат уюм.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына ылайык, адамдын жаш курагы кызматкерлердин натыйжалуулугун баалоо үчүн ишенимсиз индикатор. Бирок Кыргызстанда улгайган адамдарды жашына карап жеке компания же мамлекеттик ишкана болобу экөөнөн тең бирдей бошотуу практикасы уланууда.

Дарья Удалованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

Кантип кыргыз мыйзамдары улгайган адамдарды басмырлайт?

Кыргызстандын башкы мыйзамы — Конституцияга ылайык — эмгек тармагында адамды жаш курагы боюнча басмырлоого тыюу салынган. Бул жөнүндө Эмгек кодексинде да айтылат. Ар бир жаран өз эркиндиги менен эмгек укугун ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүккө ээ.

Конституциялык сот 2008-жылы бул мыйзамдан мамкызматкерлерди улгайган курагынан улам жумуштан бошотуу мүмкүнчүлүгүн алып салган — бул пункт басмырлоочулук деп табылган. Бирок алты жылдан кийин Конституциялык соттун ордуна келген Конституциялык палата бул жобону кайра кайтарып койгон.

Кыргызстандын акыйкатчы институту мындай чечимдер изилдөөлөрдөн кийин гана кабыл алынышы керек деп эсептейт, тактап айтканда улгайган кызматкерлер кыйынчылык тартып аткан иштердин түрүн аныктоо керек.

Мамлекет жумушунан бошотулган жана жумушка муктаж адамдарды ишке орноштурууга жардам бере алмак. Бирок пенсионерлер жумушка акысыз орношууга расмий жардам берчү ошол эле Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгына «калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө мыйзамы» боюнча каттоого тура алышпайт.

Бирок ал мыйзам боюнча пенсионерлер жумушсуз деп эсептелбейт, анткени пенсия алышат.

Ошол эле себептер боюнча улгайган кыргызстандыктар адистикти жогорулатуу же профессионалдык жактан кайра даярдоо боюнча акысыз иш-чаралардан өтө албай келишет. Ал эми мамлекет башка жарандарга жогоруда аталгандарды кепил кылат.