Иллюстративдик сүрөт. Nick J Webb/Flickr

Эмне болду?

Кыргызстандын өкмөтү жарандардын уюлдук телефондорун каттоону милдеттендирүүнү сунуштады. Өкмөттүн токтомунун долбоорунда ар бир аппарат үчүн 100 сомдон алынаары айтылган.

Бул сим-карта салына турчу бардык түзмөктөргө тийиштүү: телефон, планшет, ноутбук, акылдуу саат, айгай баскычы бар брелок жана башкалар.

Бийлик бул демилгени Кыргызстан үчүн «тиричилик муктаждыгы» менен түшүндүрүүдө.  Алардын пикири боюнча, бул аткезчилик менен күрөшүүгө жана өлкө ичинде уурдалган телефондорду табууга жардам берет.

Негизинен мыйзам долбоорундагы ар бир уюлдук телефону үчүн 100 сомдон алуу пункту нааразылыкты жараткан. Кыргызстандыктар бул акчаны төлөөгө жарандарды милдеттендирет деп божомолдошууда.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев бул сумманы бюджетке ар бир жаран эмес, болгону өлкөгө телефон ташыгандар гана төлөшөт деп айтууда. Биринчи кезекте бул аппараттарды сатуу менен иштегендер.

Бирок ошол эле учурда чет өлкөдөн телефон сатып алып, аны Кыргызстанга көтөрүп келгендер да төлөп калышат.

Бакыт Шаршембиев

Өкмөт дүйнөдө расмий өндүрүлгөн бардык телефондордун IMEI-коддорунан турган базаны чогулткусу келүүдө. Андан сырткары, ал телефондордун үч тизмесин жүргүзмөкчү: «ак», «боз» жана «кара».

«Ак» тизмеге расмий өндүрүлгөн жана катталган телефондор кирет. Ошондой эле, ага мыйзам долбоору кабыл алынганга чейин Кыргызстанда колдонулган аппараттын бардыгы кошулат.

«Боз» тизме — учурда Кыргызстанда каттоого алына элек телефондор. Өлкө аймагында байланыш үчүн мындай аппараттарды 60 күнгө чейин колдонууга мүмкүн. Андан соң аны каттатуу керек болот.

Ал эми «кара» тизмеге 60 күн ичинде каттоодон өтпөгөн телефондор киргизилет. Андан тышкары, 60 күн колдонулгандан кийин бул тизмеге бардык аткез телефондор киргизилет да, аларды каттоого мүмкүн болбой калат. «Кара» тизмедеги телефондор Кыргызстандын аймагында таптакыр тейленбей, пайдасы жок темир, айнек же желим буюмдун кесиндисине айланат.

Телефондорду жеке же юридикалык жактарга катташат. Тактап айтканда, Кыргызстандын аймагына сатуу максаты менен  телефондорду киргизип жаткан болсоңуз, анда аны сиз өзүңүзгө (же өз компанияңыздын атына) каттатышыңыз керек. Кардар сизден телефонду сатып алгандан кийин ал түзмөктү кайра өзүнө каттатып алышы зарыл. Ошондо бул акысыз болуп калат.

Маанилүү эскертүү: Телефондорду каттоо боюнча өкмөттүн токтомунун долбоору азыр кабыл алынышы ыктымал же кабыл алынбашы мүмкүн. Бул азырынча өкмөттүн идеясы гана болууда. Эгерде сизде документке карата нааразылык болсо, анда аларды төмөндөгү электрондук дарекке жөнөтсөңүз болот: gosnadzor.kg@gmail.com

• Мен телефонду чет өлкөдөн сатып алып, анан аны Кыргызстанда каттатууда аппарат «боз» же «кара» тизмеде экенин айтса кандай болот?

Жооп: Сиз ал телефонду Кыргызстанга киргизе аласыз, бирок 60 күндөн кийин аны байланыш үчүн колдоно албай каласыз. Мамлекеттик байланыш комитети сиз эмне кылышыңыз керектигин билбейт. Балким, телефон сатып алууда ал расмий өндүрүштөн чыккан же чыкпаганын текшерүүчү сайт пайда болушу ыктымал. Бул аткез товардан кутулууга жардам берет.

• Эгерде мен телефонду колдон же дүкөндөн сатып алган болсом кайра каттатуу кандай болот?

Жооп: Дүкөндүн сатуучусу сизге документ бериши керек. Сиз анын жардамы менен түзмөктү мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталында өзүңүзгө каттатып алсаңыз болот. Эгерде сиз телефонду колдон сатып алып жатсаңыз, анда сиз аны сатып жаткан адам менен бирге өзүңүзгө каттатып алышыңыз керек.

• Телефонду каттатуу кандай болот? Ал үчүн ким жооптуу? Товарды чек арадан өткөрүп жатып 100 сомду кимге төлөш керек?

Жооп: Азыр токтомдун долбоору иштелип чыгуунун үстүндө жана бул боюнча кеңири маалымат жок.

• Мыйзам күчүнө киргенден кийин телефон жана планшеттердин баасы көтөрүлбөйбү?

Жооп: Аткаминерлер телефондорду каттатуу муктаждыгы Кыргызстандын базарындагы атаандаштыктан улам анын баасына өтө деле таасир этпейт деп божомолдошууда.

• Мыйзамдын аткарылышы үчүн канча акча керек жана андан улам бюджетке канча акча түшөт?

Жооп: Мыйзамды аткарууга 43 млн сом пландалууда, бирок аткаминердер анын өлчөмүн дагы деле так билишпейт. Ошондой эле, аткаминерлер азырынча мыйзам бюджетке канча акча алып келээрин да айта алышпайт.

• Бул аймактарда кандай иштейт?

Жооп: Азырынча белгисиз. Мамлекеттик байланыш комитети жарандарга эмне үчүн кайра каттатуу керектигин түшүндүрүү үчүн байланыш операторлору менен иштешиши мүмкүн.

Өкмөт сунуштап жаткан демилге жөнүндө көптөгөн окурмандар билсин десеңиз, анда бул макаланы бөлүшүңүз: