Райымбек Матраимов. Коллаж: «Азаттык»

Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-июлда Райым-миллион деген каймана ат менен белгилүү Райымбек Матраимовду бажы кызматынын төрага орун басарлык кызматына кайтаруу боюнча токтом чыгарды.

Анын өкүлү Татьяна Карыжинскаянын пикири боюнча, Матраимов «административдик кызматты ээлеп турган кезде саясий мүнөздүү» жумуштан бошотуп салышкан.

Матраимов 2017-жылдын ноябрында кызматтан алынган. Аны ошол учурда премьер-министрлик кызматта отурган Сапар Исаков «көмүскө схемаларга тартылгандыгынан» улам отставкага кетирген.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Матраимовду бажы кызматындагы көмүскө схемалардын «кардиналы» деп атаган — бул жөнүндө ал үстүбүздөгү жылдын март айынын аягында билдирген.

«Мурдагы жылы көмүскө схемалардын айынан бюджетке 10 млрд сом түшпөй калган. Өткөн жылы премьер-министр Сапар Исаковдон бул схемадагы кардиналдардын бири “Райым миллионду” кызматтан алышын катуу сурангам. Ал Матраимовду 23-ноябрда бошоткон. […] Эгерде сен коррупция менен күрөш жөнүндө кыйыкырып жатсаң, анда сенин жакындарыңда, досторуңда эч кандай “Райым-миллиондор” болбошу керек», — деп билдирген экс-президент.

Бирок Матраимовдун агасы жана Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов мындай чечимге макул болбой аны мыйзамсыз деп атаган.

«Мен ошол замат премьер-министр Сапар Исаковго кирип, жөн-жайын сурагам. Исаков экс-президент Алмазбек Атамбаев “кызматтан бошот деп айтты, ошондуктан мен иштен алдым” деди. […] Аны жөндөн-жөн эле кызматтан алышты», — деп билдирген апрелде Искендер Матраимов.

2016-жылдын февралында «Азаттык» үналгысынын журналисттери иликтөө жүргүзүшүп, анчейин чоң эмес расмий кирешеге карабастан Матраимов Ош шаарында эки «Народный» супермаркети менен «Эрем» спорттук комплексине ээлик кылаарын аныкташкан.

Журналисттер Матраимов өзү Бишкетин Эркиндик бульвары менен Жибек-Жолу проспектисинин кесилишинде кымбат баадагы үйлөрдүн биринде жашаарын жазышкан. Матраимовдун Бишкектеги батиринин жалпы аянты 256 чарчы метр жана ал апасына каттатылган.

2015-жылдын салык декларациясына ылайык, Матраимов 57 жана 39 чарчы метрди түзгөн эки батир менен «Лексус-GX460» үлгүсүндөгү машинага ээлик кылат. Андан сырткары, «Азаттык» үналгысынын журналисттери Матраимовдун баласы чет жактагы курорттордун кемелеринде эс ала турганын аныкташкан.

Матраимовду кызматка кайтаруу жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөш боюнча билдирүүлөрүнө карабастан болду.

Кыргызстанда 2018-жылдын апрелинен тарта коррупция үчүн айыпталып бир нече жогорку кызматтагы аткаминерлер кармалган, бирок УКМКнын тергөө изоляторуна негизинен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары камалган. Тергөө изоляторунда отургандардын арасында ноябрда Матраимовду кызматтан алган экс-премьер министр Сапар Исаков да бар.

ТЕМА БОЮНЧА: