Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы мэрлик кызматка Азиз Суракматовду көрсөттү. Шаардык кеңеш калаа башчысын 8-августта шайлайт.

Суракматовдун талапкерлигин Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы (КСДП) көрсөтүп, көпчүлүк коалициянын калган фракциялары аны колдошту. Бишкек шаар башчысын шайлоо 8-августта өтөт.

Азырынча Суракматов мэрлик кызматка жалгыз талапкер. Ошондой эле, өз талапкерлерин 31-июлга чейин шаардык кеңештин башка фракциялары же премьер-министр да сунуштай алышат.

Суракматов буга чейин мэрияда Бишкек башкы архитектуранын жетекчилик кызматында иштеген, андан тышкары, ал эки жыл Бишкек шаардык кеңешин башкарган. 2010-жылы Суракматов «Ата Журт» фракциясынан парламенттин V чакырылышында депутат болуп келген.

Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов 19-июлда отставкага кетирилип, ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аны коррупцияга шектүү деп кармаган. Ибраимов үч кылмыш ишинин фигуранты болуп өтүүдө. Ал жөнүндө бул жерден окуй аласыз.

Ибраимов — Кыргызстанда жогорку кызматты ээлеген экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы тарапкери болчу. Ибраимовго чейин өз кызматтарынан экс-премьер-министр Сапар Исаков, башкы прокурор Индира Жолдубаева, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев жана президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов кеткен. Сапар Исаков да коррупцияга айыпталып тергөө изоляторуна камакка алынган.