Кыскача

13-июль. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Ибраимовдун отставкасы үчүн добуш беришти. Ал эми аткаминер өзү бул чечимди «саясий буйрук» деп атады.

19-июль. Ибраимов кармалды. Ал 21-августка чейин камакта болот.

20-июль. Адвокат Сергей Слесарев Ибраимовдун камалышын «мыйзамсыз» деп атады. Анын айтымында, айып «алдамчылык» беренеси боюнча тагылып, кылмыш иши козголгон эмес. Ошол эле күнү «Кактус» басылмасынын сайтына Ибраимовдун Арашан айылындагы жер участогу тууралуу материал чыккан. Басылманын билдиришинче, жердин аянты болжолдуу 50 гектарды түзөт.

23-июль. Ибраимовго коррупция боюнча айып тагылды.

Албек Ибраимов мэрликтен коррупция боюнча айыпталуучуга чейин кадамды алты күндө басып өттү. Кантип экс-мэр камакка алынып, буга эмне түрткү болгонун айтып беребиз.

Кененирээк

Тынчтыкты алган жума

Албек Ибраимов Жээнбековдун учурунда кызматын аркалап жаткан Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин командасындагы акыркы жогорку кызматтагы аткаминери болгон. Бардыгы 13-июль жума күнү өзгөрүлүп, шаардык кеңештин депутаттары Ибраимовдун оставкасы үчүн добуш беришти. Мэрдик кызматтан кетишин 40 депутат колдоду. Алардын арасында буга каршы болгон же добуш берүүдөн тартынып койгон бир да депутат болгон жок.

Шардык кеңештин жыйынында Ибраимов өзү болгон жок. Ал жыйын учурунда эмгек өргүүсүндө тоодо эс алып жүргөн. Бирок ал мэрликтен кете элек учурда эле депутаттардын чечимине комментарий берип койгон. Ал аны «саясий буйрук» деп атап, бул жөнүндө кыйла эле кеч угуп калганын билдирген.

Ибраимовду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) анын шаардын чет жакасындагы үйүнөн «ТНК Дастан» заводуна байланыштуу кылмыш иши боюнча шектүү катары кармаган. Ибраимов бул ишканада 2011-2012-жылдары башкармалыктын төрагасы болуп иштеген.

УКМК ошондо Ибраимов тергөөчүлөрдүн суракка чакырууларын этибарга албай, эгерде кармала турган болсо «куралчан каршылык көрсөтүү» менен коркутканын айтышкан. Ал эми 21-июлда интернетте бул нерсени далилдеши ыктымал аудио жазма пайда болгон. Экс-мэрдин адвокаты Сергей Слесарёв аудио жазманы «чагым» деп атаган.

Азыр экс-мэр камакта. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча ал бери эле дегенде 21-августка чейин камакта болот.

Ибраимовдун кайсы кылмыш иштерине тиешеси бар?

Биринчи кылмыш иш: «ТНК Дастан акционердик коомунун мүлкүн орунсуз жок кылган»

Албек Ибраимовдун биринчи жолу расмий түрдө алган айыптоосу.

Иликтөө иштеринин маалыматы боюнча Ибраимов 2012-жылы «ТНК Дастан» жана «Дастан Инжиниринг» ЖЧКнын ортосундагы келишим баасынын жогорулашына тиешеси бар. Эки ишкананын келишим баасы 533 миң долларды түзгөн. Бул акчага

«Дастан Инжиниринг» коргоого багытталган буюмдарды сатып алып  «ТНК Дастан» ишканасына жеткирүүгө милдеттенген. Бирок келишим боюнча каржыланган акча 63 миң долларды түзгөн.

УКМКнын берген маалыматында «Дастан Инжиниринг» керектүү буюмдарды украинанын мамлекеттик компаниясынан арзандатылган баада сатып алган. Ошого байланыштуу «ТНК Дастан» 470 миң доллар зыян тарткан.

«Ибраимов ТНК “Дастан” ААК башкармалыгынын төрагасы болуп турган учурда ТНК “Дастан” ААК коргонуу каражаттарын сатып алуу боюнча ири контрактка келишим түзүү үчүн сатуучудан сый акы катары  270 000 АКШ доллар алган», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Экинчи иш. «Муниципиалдык жерди мыйзамсыз берүү»

Бул иш боюнча Ибраимовго айып 23-июлда тагылган: ал коррупцияга жана эки муниципиалдык жерди мыйзамсыз жеке жакка өткөрүп берүү боюнча айыпталууда. Бишкектин түштүк бөлүгүндөгү өткөрүлүп берилген жерлердин жалпы аянты 5 гектарды түзөт.

УКМКнын пикири боюнча, Ибраимов кызмат абалынан пайдаланып кылмыштуу схема түзгөн. Ал аркылуу муниципиалдык жерлер биринчи өздөрүнө тиешеси бар тараптарга каттталып, андан соң алар жер участокторун кымбат баада башкаларга сатышкан.

Ошондой эле, бул ишке фигурант болуп биринчи вице-мэр Ренат Макенов жана жер ресурстары башкармалыгынын начальниги Урмат Мурзаканов өтүүдө. Алар 6-июлда эле кармалган.

Үчүнчү иш. «"Нурлуу жээк" пансионатынын сатылышы»

Бул пансионат «ТНК Дастан» ишканасынын менчиги болгон, ал эми Ибраимовдун учурунда пансионат сатылып кеткен. Тергөө бул иштен улам компания 152 млн сомдон ашуун зыян тарткан деп эсептейт. Бул азырынча экс-мэрге расмий айып тагыла элек жалгыз иш.

«Дастан» ишканасынын кызматкери. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Ибраимовду коргоо тарабы эмне деп жатат?

Адвокат Сергей Слесарёв Ибраимовдун кармалышы менен анын эркиндигин чектөөнү мыйзамсыз деп эсептейт.

«Мэр кармалып жаткан учурда калаа башчысы болчу. Ал эмгек өргүүдө жүргөн. Дегеле үйүндө болчу. Тергөө процессти бузуу менен спецназдын күчү аркылуу мажбурлап УКМКга алып келүүгө аракет кылган. Ошол эле учурда УКМК Албек Ибраимов тергөөдөн жашырынып жүрөт деп билдирүүдө. Эгерде ал үйүндө отурса кантип тергөөдөн жашырынмак эле?», — деп нааразы болгон Слесарёв «Кактус» басылмасына курган маегинде.

Ал Ибраимовго каршы иш эреже бузуу менен жүрүп атат деп эсептейт:

  • Экс-мэрге «Алдамчылык» беренеси боюнча айып тагып, бирок бул берене боюнча ага каршы кылмыш иши жок.
  • УКМК Ибраимовдун «ТНК Дастан» ишканасынын мүлкүн коротууга байланышын иликтөөгө укуктуу эмес болчу. Бул ишти каржы полициясы менен ИИМ жүргүзүшү керек болчу.
  • УКМКда Албек Ибраимов тагылган кылмышты жасагандыгы боюнча кескин далилдер жок, демек ага тагылып жаткан айыптар мыйзамсыз.

Слесарёв Бишкек шаардык сотуна арызданып койгон. Ал райондук сот тарабынан Ибраимовго белгиленген баш коргоо чарасын даттанат.

Арашандагы жер

Албек Ибраимов кармалган шартта пресса Арашан айлында анын жер участогу бар экендиги жөнүндө жаза баштаган.

Анын аянты 50 гектарды түзөт, ал эми бул участок чындыгында эле Ибраимовго таандык экени жөнүндө маалыматты басылманын журналисттерине мурдагы аткаминердин аялы тастыктаган.

Айнура Ибраимова жерлердин көпчүлүгү айыл чарба багытында колдонууларын жана аларды жергиликтүү тургундардан сатып алганын журналисттерге айтып берген.

«Айылдыктар келип эле макулдугун берип сатышкан. Аларды болжолдуу 2008-жылдан тарта сатып ала баштаганбыз», — деп билдирген Ибраимова.

Бишкектиктердин экс-мэрге суроосу

Албек Ибраимов эки жылдан бир аз көбүрөөк убакыт Бишкек мэринин кызматын аркалады. Анын учурунда шаар бийлиги Кытайдын грант каражаттарынын эсебинен жолдорду оңдоп, аларды кеңейте баштаган. Бул 2017-жылы бак-дарактардын массалык кыйылышы менен коштолгон.

Бул окуя көптөгөн бишкектиктердин нааразычылыгын жараткан. Алар бактардын кыйылышынан улам жада калса мэрге «Албек отун кыйгыч» деген лакап ат коюп алышкан.

2018-жылы апрелде Ибраимов менен шаар мэриясына кайрадан суроо жаралган. Ал суроо «Бишкек жашыл чарба» ишканасынын кымбат баалуу көчөттөрдүн сатып алуусуна байланыштуу болгон. Алар шаар көчөлөрүнө 2017-жылы күзүндө отургузулган. Бир көчөттүн баасы 4,5 миң сомдон 9 миң сомго чейин жеткен.

Журналист Булат Сатаркулов менен активист Адил Турдукулов бул сатып алуу тууралуу репортаж даярдашкан. Кыргызстанда мындай көчөттөрдү он эсе арзан сатып алууга болоорун репортажда ырасташкан.

«Бишкек жашыл чарба» ишканасы кымбат баада алынган көчөттөрдүн сатылып алынышын алардын ири көлөмдүү экени менен түшүндүргөн. Алар жашы улуу дарактын көлөмүнө чейин тез өсүп, агрессивдүү шаар чөйрөсүнө тез көнөт. Ошондуктан «Бишкек жашыл чарба» ишканасы массалык түрдө кыйылган бак-дарактардын ордун толуктоо үчүн аларды отургуздТу.

2017-жыл. Токтоналиев көчөсүндөгү бактардын кыйылышы. Даниль Усмановдун «Клооп» үчүн сүрөтү

Ибраимовго тийиштүү дагы бир ызы-чуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экс-мэрдин аялы Айнура Ибраимовадан сатып алган жер участогуна байланыштуу болгон.

Бул жөнүндө 2016-жылы сентябрда оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаев айтып чыккан. Текебаевдин айтымында, Атамбаев Ибраимовдон 27,5 гектар жерди белекке алган. Ал эми бир жылдан кийин Ибраимов шаар мэри болуп калган.

Мамкаттоодо жердин өткөрүлүшү жөнүндө маалыматты четке кагып коюшкан. Мекемеден билдиришкендей, Атамбаев Ибраимовдун аялынан 27,5 гектар жерди белекке алган эмес, бирок андан 2,7 гектар жер сатып алган. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, бул макулдашуу үчүн Атамбаев Ибраимовга 33 млн сом төлөп берген. Бирок Айнура Ибраимова бул жер участогун 24 млн сомго сатып алган.