Азиз Суракматов. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Азиз Суракматов мэрлик кызматка көрсөтүлүп, аны Бишкек шаардык кеңештин депутаттары толук колдоду. Бирок талапкердин курулуш компаниялар менен байланышы бар. Бул карама-каршылыктардын жана кызыкчылыктардын кагылышы боюнча суроолор жаралууда.

Бишкек мэри болуп калышы ыктымал талапкер Суракматов жөнүндө алгач ЖМКлардан белгилүү болду. «Кактус» басылмасы бул тууралуу 16-июлда билдирип, ал эми бир нече аптадан кийин Бишкек шаардык кеңешинин коалициясы аны бирдиктүү талапкер катары көрсөттү.

Коалициянын Суракматовду расмий көрсөтүүсү депутаттардын көпчүлүгү аны колдогонун билдирет жана чындыгында ал Бишкек мэрлигине шайланып калышы мүмкүн.

Азиз Суракматов «Ата Журт» фракциясынан парламенттин V чакырылышында депутат болгон жана кулатылган президент Курманбек Бакиевдин учурунда Бишкек шаардык кеңешин башкарган. Ошондой эле, ал Бишкек башкы архитектура мекемесинде да иштеген.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев мэрлик кызматка талапкерди тандоодо Суракматов жалгыз адам болгонун «Клооптун» кабарчыларына билдирди. Кененбаевдин айтымында, Суракматов өз тажрыйбасынан улам «иштин бардыгын ичинен билет».

«Ал бийликтин аткаруу бутагында иштеген. Ал ишти шаардык кеңеш менен да, мэрия менен да эриш-аркак жүргүзө алат деп ойлойм. Ал шаар туругуну катары көптөгөн көйгөйлөрдү билет», — деди шаардык кеңештин төрагасы.

Алмаз Кененбаев. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/«Спутник»

Курулуш менен байланыш

Суракматовдун курулуш менен байланышы анын мэрлик кызматта калыс иштешинен шек жаратууда. Анын эжеси Гүлбара Суракматова төрт курулуш компаниясына ээлик кылат: «Елизавета», «Столица Строй», «Самолёт» жана «Юрист Риэлт Строй».

Төртөөнүн ичинен негизги компания — бул «Елизавета». Ал Бишкекте бир катар көп кабаттуу үйлөрдү жана бизнес-борборлорду куруп, азыр болсо «Поларис Полис» аттуу турак жайды куруп жатат.

Калича Умуралиева. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Кыймылсыз мүлк тармагындагы маселелердин үстүндө иштеген укук коргоочу Калича Умуралиева Суракматов мэрликке шайлынып калса, анда анын «Елизавета» менен болгон байланышынан улам коркунуч пайда болушу мүмкүндүгүн айтууда.

«Азыркы тапта Суракматовдун эки жүзү бар. Биринчи кезекте ал — курулушчу, ал эми курулушчуга уруксаат кагазы менен жер керек. Бул документтерди ким берет? Албетте, мэр. Мэр бардык уруксат кагаздарын, жерди жана шаардын так пландоо долбооруна буйрутма берет. Бул жерде жүз пайыз кызыкчылыктардын кагылышы бар», — дейт ал.

Умуралиеванын айтымында, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мэрди бир добуштан тандап алышат, анткени эгерде мэр шайланбай калса шаардык кеңештин таркатылышынан коркушат.

«Алар тандоо алдында турушат: бул жакка барсаң — башыңды жоготосуң, тиги жакка барсаң — миңген атыңды жоготосуң. Депутаттар чоң жоготууга баргысы келген жок. Тактап айтканда алар болгону тандоо принцибин бузуп, миңген атынан айрылууну туура көрүшүүдө», — дейт ал.

Юрист Нурбек Токтакунов юридикалык жактан караганда Суракматовдун көрсөтүлүшүндө эч бир мыйзамсыздык жок деп айтууда. Бирок юристтин айтышынча, калаа башчысын шайлоо — бул саясий тандоо жана депутаттар талапкердин курулуш компаниялар менен байланыштыгын эске алышы керек.

«Депутаттар Суракматовдун бизнестен кетишин же аны ишеним башкармалыкка калтырып коюушун божомолдосо болот. Бирок депутаттар эгерде аны шайласа, анда алар, албетте, жаңылышкан болушат, анткени ал өз бийлигин жеке кызыкчылыгына колдонушу мүмкүндүгүн божомолдосо болот. Анысы аз келгенсип бул курулуш компанияларга дооматтар көп», — деди Токтакунов.

Суракматовдун сынчыларынын бири — бул парламенттин депутаты Жанар Акаев. Ал дагы мэрлик кызматка курулуш компанияларга байланышы бар талапкерди чыгаруу жакшы эмес деп күмөн саноодо.

«Паркты бузуп, стратегиялык обьекттин жанына мыйзам бузуу аркылуу үйлөрдү курган Азиз Суракматов Бишкекке кантип жан дили менен күйөт? Коомчулукка жабык, Бакиевдердин жакын санаалашы экенин билебиз го. Шаар кеңешке шайланган башка деле партиялар, түзүгүрөөк талапкер алып чыккандан мынча коркосуңар? Шайлоочуларыңардын үнүн укпайсыңарбы?» — деп жазган Акаев фэйсбукта.

Депутат премьер-министр Мухаммед Абылгазиевге өз укугун колдонуп, «курулуш магнатын эмес», өзүнүн «иштерман», «коомдо кадыр-баркка ээ болгон» талапкерин көрсөтүү сунушун айтып чыккан.

«Бизнесте мыкты болсо анда ал жакшы менеджер»

«Елизаветанын» директору Нуржан Тынымсеитова КСДП партиясынан Бишкек шаардык кеңеште депутат катары мүчө. «Елизаветадан» тышкары, ал Суракматовдун үй-бүлөсүнүн башка компанияларын жетектейт же жетектеген. Ал мекемелер: юридикалык «Слон» агенттиги жана «Sphere KG» компаниясы.

Канатбек Музуралиев

«Республика — Ата Журт» фракциясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев «Елизавета» компаниясын Тынымсеитова жетектегени белгилүү болгондугун айткан. Бирок азырынча алар бул нерседен тыянак чыгара алышпасын «Клоопко» билдирди.

«Мисалы Стамбулдун мэри миллионер. Анын кафе, ресторан жана бизнеси бар. Мен Суракматов менен жолуккан соң гана ал мэр катары иштеп же иштей албашы тууралуу бир нерсе деп айта алам», — деди депутат.

Мүзүралиевдин айтымында, алардын фракциясы талапкер менен жолугуша элек, анткени ал шаардык кеңештин оппозициясында. Ошого карабастан, депутат Суракматов Бишкек мэрлигине шайланган соң ага иштөөгө убакыт берүү керек деп эсептейт.

«Анын колунан келет же келбейт деп айтуудан мурда биз аны байкап көрүшүбүз керек. [...] Кийинки аптада биз аны фракциянын жыйынына чакыралы деп турабыз», — деди ал.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев Суракматовдун курулуш бизнеси тууралуу ага эч нерсе белгисиз экенин айтууда, анткени ал компаниялардын уюмдаштыруу документтерин көрө элек. Бирок, анын айтымында, эгерде адам бизнесте мыкты болсо демек ал «жакшы менеджер».

«Мэрия сыяктуу ири чарбага да мыкты менеджер керек деп ойлойм. Мен бул жакшы сапат деп эсептейм [...] Биз дайыма эле жаман жактарын карай беребиз, эмне үчүн жакшы жактарын карап көрсө болбойт? Эмне үчүн бул адам иштин көзүн билип билбесин карап жана түшүңүп көрсө болбойт?», — деди Кененбаев.

Бишкекке карата план азырынча белгисиз

Суракматов «24.kg» басылмасына курган маегинде депутаттар менен болгон жолугушууда шаардын программасын, аны өнүктүрүү боюнча көз карашын кыскача айтып берип, шаардык кеңеш менен тыгыз иштешээрин убада кылган.

«Депутаттар айткандай шаарыбызды өнүктүрүү үчүн каражат жетишпейт. Акча өтө эле тартыш. Бул көйгөйдү чечүү үчүн шаардык бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу керек. Акча табуунун булактарын издеп, бизнес үчүн жагымдуу шарт түзүп берүү зарыл. Чыгымдарды оптималдаштыруу жана ошондой эле салыктарды башкаруу абзел», — дейт ал.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаевдин айтымы боюнча, жолугушууда Суракматов жер колдонуу жана имарат куруу тууралуу эрежелерди өзгөртүү муктаждыган айткан. Бирок кайсы эрежелер экени азырынча так белгисиз.

Кененбаевдин айтымында, Суракматов өзүнүн иш ордуна дайындалган соң социалдык-экономикалык өнүгүү программасы менен тааныштырышы керек. Ага чейин эски программасы менен иштей берсе болот.

«Суракматов тарабынан мурдагы жылдын октябрында шаардык кеңеште иштелип чыгып, кабыл алынган программанын негизинде иштөө сунушталган», — дейт Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы.

Шаардык кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Рыспай Аматов «Клооптун» журналисттерине билдиргендей, көпчүлүк коалиция менен жолугушууда Суракматов программа даярдоону убадалап, бирок так мөөнөтүн ачыктаган эмес.

«Азыр социалдык тармактардан анын [Суракматовдун] курулуш ишканалары бар экенин окуп жатам. Адамга сын көз караш менен кароо этикага жатпайт. Жумуштарына, даярдаган программасына караш керек», — дейт Аматов.

Бул материалды даярдоо учурунда Суракматов менен «Елизавета» ишканасынын директору Нуржан Тынымсеитовадан комментарий алууга мүмкүн болбоду.

Жаңы мэрди тандоо муктаждыгы мурдагы калаа башчысы Албек Ибраимов бул кызматтан алынып, атайын кызматтар тарабынан коррупция боюнча шектелип кармалгандан кийин жаралган.

Авторлоштору: Регина Им, Рустам Халимов.

Бул материалда сиз Ибраимов менен эки аптанын ичинде эмне болгонун жана кантип ал Бишкекте бийлигинен кол жууп калганы тууралуу кененирээк окуй аласыз.

Мэрлик кызматтан түрмөгө. Кантип Албек Ибраимов эки аптада бийлигинен кол жууп калды?