Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы УКМК кызматкерлерине мамлекеттик батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземинде. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

1991-жылы эгемендикке ээ болгондон бери Кыргызстанда мугалимдерге жана врачтарга батир бөлүштүрүлгөн эмес. Бул маалыматты мамлекеттик органдар «Клооптун» кабарчыларына билдирген.

Бирок жүздөгөн батирлер күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине жана аскерлерге берилген. Алардын көпчүлүгү 2011-жылдан 2017-жылга чейин Алмазбек Атамбаев президенттикте турганда берилген.

Мугалимдер, врачтар жана социалдык тармактын кызматкерлери мамлекеттен жеңилдетилген ипотека түрүндө жардам алышат, бирок маянанын аздыгынан улам бул жардамды колдонууга мүмкүн эмес.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, билим берүү тармагында орто айлык 11600 сомду түзөт, ал эми саламаттык сактоо тармагында адистикке жараша орточо 6 миңден 12 миңге чейин.

«Төлөй алгыс ипотека»

Айбике (аты өзгөртүлгөн) Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунда иштейт. Бирок өзүнүн көз карандысыздыгына карабастан, ал ата-энеси менен жашайт. Анткени анын маянасы Бишкекте бир бөлмөлүү батирди да ижаралоого жетпейт.

Мамлекеттик ипотека жөнүндө сөз кылып да болбойт. Себеби Айбике айына болгону 6 миң сом айлык алат. Жан багыш үчүн ал түнү менен клубда администратор болуп иштейт.

«Бизде врачтардын баары кошумча башка жерде иштешет. Мамлекеттин врачтар менен иши жок — турак жай, акча эч нерсе жок. Мед академияда 6 жыл жөн эле окуйсуң, андан кийин сени маяна аз төлөнгөн жумуш күтөт», — дейт ал.

Тынчтыкбек — билим берүү министрлигинде мамлекеттик ипотека алган кызматкерлердин бири. Бирок ал жалгыз ипотеканы төлөй албагандыктан, аялы экөөлөп төлөөгө мажбур.

«Мен батир сатып алуу үчүн 1 миллион сомго жакын 15 жылдык ипотека алгам. Чындыгында менин маянам бир айлык ипотеканын төлөмдөрүн да жаба албайт. Ошондуктан аялым да төлөшүүгө аргасыз. Менимче ипотеканы көпчүлүк албагандын бирден-бир себеби да ушунда. Эгер сенин жакшы каражат тапкан аялың же күйөөң болбосо, бул ипотека көпчүлүк үчүн төлөй алгыс», —  дейт ал.

Тынчтыкбектин айтымында, ипотеканы албоонун дагы бир тоскоолдугу документтердин бюрократиясы.

«Бирок ошентсе да мамлекеттик ипотека программасынын пайыздары өлкө боюнча эң эле төмөнү 6 пайыз. Аз да болсо бул билим берүү кызматкерлерине жардам», — дейт мекеменин кызматкери.

«Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине гранттар»

Парламентте батирлерди адилетсиз бөлүштүрүү суроосу 2017-жылы ноябрь айында көтөрүлгөн. Анда Наталья Никитенко мындай жол менен Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөттүн аякташы менен «бийликтен кетүүсүн коопсуздандырып жатат», — деп айткан.

«Балким бийлик кызматтан кетүүсүн коопсузтандыруу аракетин көрүп, мыйзамсыз кылмыш иштери үчүн бардык "кызмат өтөгөн" күч түзүмдөрүнө, сотторго жана прокурорлорго ыраазычылык билдиргиси келүүдө», — деп айткан Никитенко.

Депутат Жанар Акаев бул кырдаалды «адилетсиздик» деп атап, мугалимдер менен врачтар сыналгыдан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине батирлер акысыз берилип жатканын көрүп «ыза болуп» жатышканын айткан. Ошондой эле, эл өкүлү алар ипотеканы жылдар бою төлөөгө аргасыз экенин кошумчалаган.

Ал эми Атамбаев ошол эле айда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде күч түзүмдөрүнө батирлер көп берилип атканын түшүндүргөн. Анын айтымы боюнча, батирлер күч түзүмдөрү үчүн «алууга оңой» башка өлкөлөрдүн гранттарына курулууда.

«Врачтар, мугалимдер батирлер жалаң күз түзүмдөрүндө иштегендерге салынган деп таарынганда, мен бул үйлөр ар кайсы өлкөлөрдөн келген гранттарга салынганын ачык айта алам. Бул гранттарды күз түзүмдөрүнүн кызматкерлерине алуу оңой болгон. Себеби, калганын айтпасам деле болот — бул мамлекеттик сыр», — деп актанган ал.