«Тумар» бий тобу Бишкектин Аламүдүн базарындагы пандусту сыноодон өткөрүп көрдү. Бүтүм — майып коляска менен пандустан көтөрүлүүгө мүмкүн эмес.

«Тумар» бий тобунун мүчөсү Эрмек жана майып коляскада брейк данс бийлеген топ Аламүдүн базарында жайгашкан пандус мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыктуу эмес дешет. Алар муну өз тажрыйбасы аркылуу көрүп-билип, анан видео тартышкан.

Ал жерде пандусдун бурчу 90 градус, ал тургай ага биздин физикалык жактан күчтүү балдарыбыз да чыга алышпады.

«Биз чоочун бирөөнүн жардамы жок падуска чыга албайбыз. Майыптардын арабасын мындай кой, жөнөкөй балдардын арабасы менен деле чыгуу өтө оор», — деди ал «Клооптун» кабарчыларына.

Мүмкүнчүлү чектелген аялдардын укугун коргогон жарандык активист Үкөй Мураталиева, кадимки пандустун бурчу 9 градус (90 градус эмес!) болуш керек, ал эми узундугу 9-10 метрге жетиш керектигин «Клооптун» кабарчыларына айткан. Дал ушул учурда гана арабада отурган адамдар пандустарга чыга алышат, бирок Бишкекте андайлар дээрлик жокко эсе.