Текебаевди абактан ооруканага жаткырышты

Өмүрбек Текебаев. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/«Спутник»

Парламенттин экс-депутаты Өмүрбек Текебаевди №47 Улуттук кардиология борборуна жаткырышты. ЖАМКнын билдиришинче, саясатчы кардио борбордо текшерүүдө күзөтчүлөрдүн байкоосунда болот.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматынан кабарлашкандай, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевди врачтардын сунушу боюнча ооруканага 31-июлда жаткырышкан. Азырынча саясатчы кардио борбордо канча убакытка чейин жатаары белгисиз.

ЖАМКнын өкүлүнүн маалыматына карганда, Текебаев колонияда да даарыларды ичип турган. Бирок депутаттык комиссия саясатчынын толук дарылануу курсунан өтүшү керек экенин белгилешкен.

Саясатчынын адвокаттары бир нече жолу жүрөк жана гипертония ооруларынан жабыркаган Текебаевге медициналык жардам көрсөтүүнү өтүнүшкөн. Алардын айтымында, колонияда «жетишээрлик деңгээлде медициналык жардам көргөзүүгө шарттар түзүлгөн эмес».

2017-жылы ноябрь айында Кыргызстандын Жогорку соту Текебаевди орусиялык бизнесмен Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алуу боюнча айыптаган.

Тергөөнүн жоромолу боюнча, ошол убакта Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары болгон Текебаев параны алган соң, Маевскийге «Мегаком» уюлдук операторун башкарууга шарт түзүп бермек.

Саясатчыны мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратышкан. Бирок Текебаевге карата мунапыс колдонулган соң анын абак мөөнөтү 4 жарым жылга кыскартылган.

Текебаев өзүнө каршы ачылган иш саясий мүнөздүү болгон деп эсептейт. Ал эми тагылган айып ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигин сынга алганы үчүн болгонун байма-бай айткан.