Бишкекте бактардын кыйылышына каршы чыккан экоактивист 5 күнгө камалды

Иллюстративдик сүрөт. 2017-жылы Токтоналиев көчөсүндөгү бактарды кыюу. Сүрөт: Данил Усманов

«Кыргызстандын жашылдар партиясынын» мүчөсү Александр Толмачёв Бишкектин Баялинов көчөсүндө бактардын кыйылышына каршы акция уюштурганы үчүн бейбаштык боюнча айыпталып, беш күнгө камакка алынды.

Толмачёвду 4-августта Баялинов көчөсүндө (эски Ленинград көчөсү) бактарды кыюуга каршы акция уюштургандыгы үчүн камакка алышкан. Шаардык бийлик жолдорду оңдоо үчүн жалпысынан 150 бак-даракты кыюуну пландап жатат.

Акциянын катышуучулары — беш адам, алардын арасында «Жашылдар партиясынын» өкүлдөрү бактарды кыюуну токтотууга аракет жасап, бирок алардын үстүнөн «Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери милицияга арызданышкан. Ошондуктан активисттердин жарымы кармалган.

Кармалгандардын арасында Толмачёв да бар. Ал бейбаштык боюнча айыпталып, 5-августта беш күнгө камакка алынган. Активисттердин калганы коё берилди.

Анын айтымында, сот «бир тараптуу» өтүп, анда «Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин кызыкчылыктары гана корголгон. Сот Абдуразак Боромбаев окуя болгон жердеги күбөлөрдү суракка алган эмес, ал эми кармалган активиcттин өкүлдөрүн сот залына киргизбей коюшкан.

«Бул сот эмес — опузалоо. [...]  Биздин бир дагы өтүнүчүбүз кабыл алынган жок. Кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылышты, мен кыргызча билбейм. Бизге иштин материалы менен да таанышууга мүмкүнчүлүк берилген жок. Мен баары бир алар уюштурган бак-дарактарды массалык кыюуга нааразымын», — дейт ал.

«Кыргызстандын жашылдар партиясы» Толмачёв менен эки күндөн бери байланыша албай жатышкандыгын билдиришти. Партия сот чечимин даттанат.

Адвокат Роман Ремневдин айтымы боюнча, сот чечиминде Толмачёвдун сот отурумунан камакка алынышы жөнүндө бир да сөз болгон эмес.

Былтыркы жылдын июнь айында ушуга окшош эле окуя болуп, «Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Токтоналиев көчөсүндө 110го чукул бак-даракты жолду кеңейтүү үчүн кыйган.

Жакынкы үйлөрдүн жашоочулары жана эколог активисттер каршы чыгууга аракет кылышкан. Алардын жарымы көчөгө плакаттар менен чыгып, ал эми калгандары техникалардын астын тороп, бактарды кыюуну токтотууну каалашкан.

Анда каршылыкка чыккандардын онго чукулу кармалып, кийинчерээк Бишкектин Биринчи май райондук соту аларга эскертүү гана берип, камакка алуудан баш тарткан.