ЖАК кыргыз окумуштууларынын диссертацияларын ачыктоодон баш тартты

Жогорку аттестациялык комиссиянын сайты

Жогорку аттестациялык комиссия (ЖАК) Орусиянын «Диссернет» уюму кыргыз окумуштууларынын диссертацияларынан «плагиат таап чыкканы тууралуу» маалыматы бар экенин билдирди.

Материал жарыкка чыгып аткан күнгө карата «Диссернет» 12 илимий иштен плагиат таап чыккан, анын ичинде Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаковдун диссертациясы да бар.

«ЖАКка аталган адамдардын илимий иштеринде ачыкка чыккан плагиат жөнүндө белгилүү», — деп жооп берди «Клооптун» суроосуна төрайымдын орун басары Нурлан Атабаев.

Атабаевдин айтымында, комиссия «аталган адамдарга карата мыйзам чегинде чара көрмөкчү», бирок ал ЖАК кандай чара көрөөрүн тактаган эмес.

Ошондой эле, комисссия «Клооптун» редакциясына диссертациялардын көчүрмөсүн берүүдөн баш тартты. ЖАК бул аракетин «комиссиянын диссертациялар боюнча өзгөчө укукка ээ» экени менен түшүндүргөн.

Мурдараак ЖАКтын сайтында жарыяланган диссертацияларга кирүү мүмкүнчүлүгү жоголуп кеткен.

«Диссертациялар — бул авторлордун ЖАКка өткөрүлүп берилген интеллектуалдык менчиги, ошондуктан биздин [бардык диссертациялардын көчүрмөсүн бөлүшүүгө] укугубуз жок», — деп айтылат ЖАКтын жообунда.

Юрист Эдил Эралиевдин айтымында, комиссия диссертацияларга кирүү мүмкүндүгүн бербөө тууралуу мыйзамдагы беренени так көрсөткөн эмес.

Анын айтымында, маалыматка жетүүгө тыюу салуу тууралуу мыйзамда чектөөлөр анчейин деле көп эмес. Диссертациялар бул чектөөлөрдүн бирине да кирбейт.

«Маалыматка болгон чектөө улуттук коопсуздукту, ден соолукту коргоо, адеп-ахлакты, укук жана эркиндикти коргоо максатында, ошондой эле, мамлекеттик, коммерциялык сырлар, персоналдык маалыматтар жана тергөө учурунда оперативдүү маалыматтар жарыяланбашы мүмкүн», — деп түшүндүрөт Эралиев.

Бул ЖАКтын плагиатка карата биринчи реакциясы. Комиссия эки аптага уланган кат алышуудан кийин «Клооптун» суроолоруна алгачкы ирет жооп берди.

Июндун башында «Диссернет» илимий иштерде плагиаттарды таап чыккандан кийин ЖАК сайтындагы диссертацияларга кирүү мүмкүнчүлүгүн бөгөттөгөн.

Мурдараак vak.kg/lib шилтемеси боюнча ЖАКтын сайтына кыргыз авторлорунун 1000ден ашуун илимий иши жарыяланган, бирок июнь айынын башынан бери бул база пайдаланууга жеткиликсиз болуп калган.

ЖАКтын сайты жаңыртылып, бирок порталдын эски версиясына кирүү мүмкүнчүлүгү дагы эле ачык бойдон турат. Ошентсе да, азыр ал жакта диссертациялардын авторефераттары гана жеткиликтүү.

«Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жобого» ылайык, комиссия илимий иш жактоого кабыл алынгандан кийин өз сайтында автореферат менен диссертациянын өзүн жарыялашы керек.