Бишкектин жаңы башчысы Азиз Суракматов. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/«Спутник»

Азиз Суракматов Бишкектин мэри болуп шайлангандан кийин журналисттердин суроолоруна кыскача жооп берди. Ал борбор калаадагы тыгынды азайтаарын, «Елизавета» курулуш компаниясы менен кызыкчылыктардын кагылышуусун чечүүнү, аны сындагандар менен сүйлөшөөрүн убада берди.

Суракматовду шаардык депутаттар кантип шайлаганы тууралуу бул жерден окуңуз.

Мэрлик кызматтагы биринчи кадамдар. Суракматов биринчи кезекте жол оңдоо иштерин текшерип, Бишкек шаарын тыгындардан арылтуу үчүн бул процессти сентябрь айына чейин тездетээрин айтты. Андан кийин калааны көрктөндүрүүгө жана санитардык көйгөйлөргө өтөөрүн белгиледи.

Кызыкчылыктардын кагылышуусу. Суракматовдун үй-бүлөсү «Елизавета» курулуш компаниясына ээлик кылганы кызыкчылыктардын кагылышына негизи болушу ыктымал. Себеби курулуш баштоо үчүн уруксатты мэрия берет. Ал журналисттерге берген интервьюсунда эгер кызыкчылыктардын кагылышуусу болсо, аны мыйзам чегинде чечээрин айтып, бирок кандай жол менен чечээрин тактаган эмес. Суракматов аталган ишкана менен болгон байланыш боюнча «”Елизаветада” иш жүзүндө эмгектенбейм» деп жооп берди.

Коомдук транспорт көйгөйү тууралуу. Суракматов автобустардын санын 800гө, троллейбустардыкын 400гө чейин көбөйтүүгө аракет кылаарын айтты. Бирок, анын айтымында, жаңы транспорт быйыл келээри күмөн. Ал коомдук транспортто жол кире төлөш үчүн карта системасы пайда болуп калышын кошумшачалап кетти. Бул убаданы мурунку мэр Иса Өмүркулов да берген, бирок андай система азыркы күнгө чейин пайда боло элек.

Ага карата айтылган сын пикир тууралуу. Шайлоо учурунда мэриянын алдында митинг өтүп, анда Суракматовду мэрликке келбөөсүн талап кылышкан. Суракматов сын көз карашты урматтап, митингге чыккандар менен конструктивдүү түрдө маектешип, бардык суроолорду чечээрин билдирди.

Камалып калуу коркунучу. Суракматов 2020-жылга чейин Бишкек шаардык кеңешинин мөөнөтү бүткөнчө таза иштээрин убада кылды. Ал өзүнүн сөзүндө камактан коркпой турганын айткан, өзүнөн мурун калаа башчылык кызматты ээлеп турган Албек Ибраимов коррупция боюнча айыпталып, учурда камакта.