Бишкек шаарынын жаңы мэри Азиз Суракматов. «Клооп» үчүн Айдай Эркебаеванын сүрөтү

Бишкек шаардык кеңеши (БШК) Азиз Суракматовду мэр кылып дайындады. Ага 43 депутат добуш берип, бирөө каршы болгон.

Бул шайлоодо альтернатива болгон жок, себеби бул кызматка Суракматовдон башка талапкер болгон эмес.

Суракматов Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы тарабынан сунушталып, ал эми оппозициялык фракциялар өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүшкөн эмес.

Шайлоо учурунда Бишкек шаардык мэриясынын алдында 20га жакын жарандык активисттердин катышуусунда митинг өттү. Алар шаардык кеңештин таркашын жана түз шайлоо жүргүзүлүшүн талап кылып жатышты.

Шайлоо кандай өттү?

Депутаты горкенеша избирают мэра Бишкека

Posted by Kloop on Tuesday, August 7, 2018
Бишкек шаардык кеңешинде өткөн шайлоодон түз эфир

Аткаминерлер Суракматовдун программасын укпастан, дароо эле добуш берүүгө өтүштү. Ага чейин талапкер депутаттардын алдында биринчи кезекте бир нече көйгөйдү чечээрин убада берген:

  • Бишкетин жолдорун оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүү;
  • Эл ташуучу унаалар көйгөйүн чечүү;
  • Жаңы 35-50 миң бак-даракты отургузуу;
  • Магистраль жолдорду жарыктандыруу жана шаар четин көрктөндүрүү;
  • Кыргыз тилиндеги окуу куралдарынын жетишсиздигин жоюу;
  • Шаардык поликлиникаларды техника менен жабдуу;
  • Бири-бирине окшош шаардык структураларды кыскартуу.

Добуштарды саноо тартиби. «Клооп» үчүн Айдай Эркебаеванын сүрөтү

Шайлоодон кийин Суракматов БШК аткаминерлерин жана тандоо комиссиясына ыраазычылыгын билдирди.

«Мен жүктөлгөн жоопкерчиликти түшүнүп жатам жана мага болгон үмүттү актоого аракет жасайм. Шаардын жакшыруусуна, тазалануусуна колумдан келгенин жасайм. [...] Мурда башталган иштерди улантабыз, дагы да өркүндөтүүгө аракет кылабыз. Бюджеттин кирешесин көбөйтүп, экономиканы өнүктүрөбүз», — деди ал.

Интригасыз

Бишкек мэрин шайлоо шаардыктар калаа башчысын өздөрү тандашы керекпи деген талкуулар менен коштолду. Азыркы иштеп жаткан Кыргызстандын мыйзамы боюнча, мэрди шаардык кеңеш шайлат.

Жарандык активисттер түз шайлоо жүргүзүлүшүн талап кылып, Суракматовду каттоодон чыгаруу тууралуу шайлоо комиссиясына арыздарды жөнөтүшкөн. Бирок алардын талаптары канааттандырылган эмес.

Калича Умуралиеванын айтымында, аткаминерлер жарандар бийликке лоялдуу карабаган, ыңгайсыз мэрди тандап коёт деп коркушкандыгы үчүн түз шайлоо жүргүзүшпөйт.

Бул тууралуу парламенттин депутаты Кенжебек Бокоев да айтып, Ош жана Бишкек шаарындагы шайлоолордо талапкерлерди шайлоочуларына программаларын сунуштабагандыгы үчүн сынга алган.

БШК төрагасы Алмаз Кененбаевдин айтымында, Кыргызстанда туруктуу экономика болгондо гана түз шайлоо жүргүзүүгө болот.

«Шаарды өнүктүрүүгө каражат жетишсиз. Административдик салыктардын 50 пайызын шаар үчүн калтырыш керек», — деп «Азаттык» Кененбаеди сөзүн цитата келтирген.

Мурда Кененбаев коалиция эмне үчүн Суракматовду курулуш бизнесине тиешеси бар болгонуна карабастан мэрликке сунуштаганын анын Бишкек Башкы архитектура жана БШКда иш тажрыйбасы бар болгону менен түшүндүрдү.

«Мэрия сыяктуу чоң чарбачылыкка да жакшы менеджер керек. Менимче, бул жакшы сапат [...] Биз ар дайым жаман жагын карайбыз, эмнеге жакшы жагынан карасак болбойт?  Эмнеге бул адам ичинен кандай билээрин карап, түшүнсөк болбойт?» — дейт БШКнын төрагасы.

Курулуш менен байланышы

Суракматов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин заманында парламенттин депутаты жана БШКнын төрагасы болгон. Бир нече курулуш компаниялары менен байланышы бар.

Аны уулу жана эжеси курулушка тиешеси болгон «Елизавета», «Столица Строй», «Самолёт» жана «Юрист Риэлт Строй» компанияларына ээлик кылышат.

Бул төрт ишкананын негизгиси «Елизавета» Бишкекте бир нече көп кабаттуу үйлөрдү жана бизнес-борборлорду курган. Азыркы тапта дагы бир имаратты салууда.

Жарандык активисттер бул жерде кызыкчылыктардын кагылышуусун көрүп жатышат: шаардын мэри курулуш компаниялардын ээси болуп калууда.

«Биринчи кезекте Суракматов — куруучу. Ал эми курулушчуга уруксаат кагазы менен жер керек. Бул документтерди ким берет? Албетте, мэр. Мэр бардык уруксат кагаздарын, жерди жана шаардын так пландоо долбооруна буйрутма берет», — деп айткан укук коргоочу Умуралиева.

Суракматовдун сынчыларынын бири — бул парламенттин депутаты Жанар Акаев. Ал дагы мэрлик кызматка курулуш компанияларга байланышы бар талапкерди чыгаруу жакшы эмес деп күмөн санаган.

«Паркты бузуп, стратегиялык объекттин жанына мыйзам бузуу аркылуу үйлөрдү курган Азиз Суракматов Бишкекке кантип жан дили менен күйөт? Коомчулукка жабык, Бакиевдердин жакын санаалашы экенин билебиз го. Шаардык кеңешке шайланган башка деле партиялар, түзүгүрөөк талапкер алып чыккандан мынча коркосуңар? Шайлоочуларыңардын үнүн укпайсыңарбы?» — деп жазган Акаев фейсбукта.

Суракматов бул ишканалар менен байланышы болгондугун тастыктап, бирок мэрлик кызматта кантип кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө тууралуу ойлоноорун билдирди.

Авторлошу: Элдияр Арыкбаев