Чыр-чатак жана экстремизм маселелерин чагылдырууну үйрөтөбүз

«Клооп Медиа» Internews уюмунун колдоосу менен чыр-чатактарды жана зомбулукка алып барган радикализмдин алдын алууга байланыштуу темаларды чагылдыруу боюнча тренинг өткөрөт.

Тренинг Европа Биримдигинин колдоосу менен Internews ишке ашырып жаткан «Борбор Азия өлкөлөрүндө туруктуулук менен тынчтыкка көмөктөшүү» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Качан:

• 9-11-сентябрь — чыр-чатактарды чагылдыруу боюнча тренинг

• 1-3-октябрь — зомбулукка алып барган радикализмдин алдын алууга байланыштуу темаларды чагылдыруу боюнча тренинг

Кимдер үчүн:

Бишкек шаарында өтө турган бул тренингге Бишкекте, Чүй жана Талас облустарында жашап иштеген журналисттер, блогерлер, фрилансерлер, жарандык активисттер жана болочоктогу конфликтологдор катыша алышат. Аймактардан келген катышуучулардын жол киресин, жашаган жерин жана тамак-ашын уюштуруучулар каржылайт.

Эмнени үйрөнөсүз:

• Орчундуу темалар жөнүндө кантип жөнөкөй жана түшүнүктүү жазууну;

• Кандай чыр-чатактар болоорун;

• Материал жазууда кантип душман тилинен качуу керектигин;

• Кыргызстанда кандай диний агымдар бар экени жана алар бири-биринен эмнеси менен айрымаланып турааары менен тааныша аласыз;

• Internews уюмунун чыр-чатактарды чагылдыруу боюнча чакан грантын алууну кааласаңыз, тренинг жыйынтыкталгандан кийин сиздин билдирмеңизге артыкчылык берилет.

Катышуучулар үчүн талаптар:

1. Сизде буга чейин чыр-чатактарга же экстремизмге байланыштуу жарык көргөн материалыңыз болушу шарт.

2. Ар бир тренингден кийин сиз алган билимиңизди бекитүү үчүн эки материал чыгарышыңыз керек. Бул макалаларды даярдоодо сизге биздин менторлор жардам беришет.

Текстке 31-августта толуктоо киргизилди. Калган облустар үчүн кийинки айларда өзүнчө кулактандырабыз. Буга чейин билдирме жөнөтүп, кабыл алынган болсоңуз, өзүңүздүн аймакта өтүлө турган тренингге чакырыласыз.

Билдирме кабыл алуу мөөнөтү аягына чыкты.