Бийлик «Коопсуз шаарды» 2019-жылдын жазына чейин ишке киргизүүнү убада кылууда

Иллюстративдүү сүрөт. Flickr / Eric Pesik

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТБМК) башчысынын орун басары Кубаныч Шатемиров «Коопсуз шаар» долбоору 2018-жылдын аягында же 2019-жылдын башында ишке кирээрин жана система толук кандуу беш жылдан кийин иштей турганын билдирди.

Бийлик 2018-2019-жылдары камераларды Бишкектин 38 кесилишине, андан тышкары, Бишкек — «Манас» аэропорту, Бишкек — Кемин, Бишкек — Чалдыбар жана Бишкек — «Ак-Жол» көзөмөл өткөрмө бекетине барчу жолдорго орнотууну пландоодо.

«Коопсуз шаар» долбору боюнча камераларды орнотуу үчүн кесилиштердин картасы. Булак: МТБМК

2020-жылга чейин камералар Ошто, Жалал-Абадда, Ысык-Көлдө, Ош — Кара-Балта, Каракол — Балыкчы жана Балыкчы — Торугарт жолдорунда орнотулат.

Бийлик беш жылда «Коопсуз шаар» долбоорунан жолдордогу өлүмдөрдүн санынын кыскарышын, штрафтан түшкөн жыйымдын (18 пайыздан 32 пайызга чейин) өсүшүн жана эреже бузуулардын эки эсе кыскарышын күтүүдө.

Шатемировдун айтымында, эреже бузуу катталгандан кийин камера машинанын номери, эреже бузуу катталган жер менен убактысы жөнүндө маалыматты анык убакыт тартибинде Маалыматтарды иштетүү борборуна жөнөтүп турат.

«Өкмөт тарабынан мониторинг борборун түзүү боюнча маселе жигердүү каралып жатат. Бир нече аянт каралууда. Ошол жакка баардык маалымат, анын ичинде транспорт агымы жөнүндө маалымат да түшүп турат», — деди Шатемиров. Шатемиров түшкөн билдирүүлөрдүн бардыгын механикалык катанын бар жогуна көзөмөлдөгөн ИИМдин кызматкери эреже бузуу жөнүндө ар бир автоматтык отчётту текшерээрин кошумчалады.

«Ал жакта 25 адамдан кем эмес кызматкер иштейт. [...] Бир эреже бузууну талдоого адис 30 секундга чукул убакыт кетирет. [...] Айдоочуга штраф дүмүрчөгү бир сутканын ичинде барат», — деди ал.

МТБМКнын башчысынын орун басарынын айтымы боюнча, камераларды орноткон компания ар бир чогултулган штрафтан 240 сомдон алып турат. Мурдараак бийлик «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүү үчүн 2,5 млрд сомго тендер жарыялаган. Шатемиров жеңүүчү бааны арзандатуу боюнча аукцион аркылуу тандалаарын ырастады.

Камералардын Бишкекте сыноо тартибинде иштеши

Шатемиров билдиргендей, сыноо учурунда Бишкектин кесилиштериндеги төрт камера 2 миллиондон ашуун машинаны тартып, дээрлик 144 миң эреже бузууну каттаган. Август айынын башында өкмөт жол кыймылынын эрежелери жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген.

Бийлик мындай жол менен айдоочуларды «Коопсуз шаардын» ишке берилишине даярдагысы келет. Алар штраф системасын өзгөртүп, андан тышкары упай системасын киргизүүнү сунушташкан. Ага ылайык, бир жыл ичинде 100 упай топтогон айдоочу үч айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылмакчы.

«Коопсуз шаар» — мамлекеттик «Таза коом» программасындагы «Акылдуу шаар» долбоорунун бир бөлүгү. Бийликтин ою боюнча, «Акылдуу шаар» долбоорунун ишке кириши менен кыргызстандыктардын коопсуздугу жогорулап, ал эми мамлекеттик кызматтарды онлайн алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул долбоордон аткаминерлер коррупциянын төмөндөшүн жана мамлекеттик органдардын эффективдүүлүгүнүн жогорулашын күтүүдө.

2018-жылы январь айында кыргыз өкмөтү Кытайдын «Хуавэй» компаниясы менен шаардын көчөлөрүнө камераларды орнотуу боюнча келишим түзгөн. Бирок, белгиленген убакытка карабастан камераларды орнотуу жана ишке киргизүү мөөнөтү бир нече жолу жылдырылган.

Жыйынтыгында бийликтегилер «Хуавэй» компаниясы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу түрдө бузгандыгын айтып чыккан. Бул маалыматтан кийин өкмөттөгүлөр «Коопсуз шаар» долбоорун өз күчү менен ишке киргизээрин билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА: