Ош шаарынын борбордук аянтында окулган Курман айт намазына мэриянын эсеби боюнча 12 миңден ашуун киши катышты.

Майрамдык намаз шаардын казысы Убайдылла ажы Сарыбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сөзүнөн кийин таңкы саат 07:45 башталды. Ушундай эле намаз калаадагы башка 30дан ашуун мечиттерде да окулду.

Борбордук аянттагы намазга келген кишилердин коопсуздугун 50гө чукул тартип сакчылары, бир өрт өчүргүч жана эки тез жардам кызматы көзөмөлдөп турду.

Майрамдык намаздар ар дайым Ош шаарынын борбордук аянтында окулуп келген. Бирок буга чейин, 15-июнда, Айт намазы борбордук аянттагы оңдоо иштерине байланыштуу «Сулайман Тоо» мечитинде окулган.

Кытайдын «Чайна Роад» компаниясы ушул жылдын 11-майында борбордук аянтты оңдоого киришкен болчу. Оңдоо иштери дээрлик үч айга созулуп, ага компания 27 млн сомго чукул өзүнүн каражатынан жумшаган.

Курман айт майрамына Ош шаарынын казысы Убайдылла ажы Сарыбаев, шаар мэри Таалайбек Сарыбашов жана Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев катышты.

Майрамдык намаз башталаардан мурун Ош шаарынын казысы Сарыбаев өзүнүн жарым сааттык диний насаатында Курман айттын максатына токтолду.

«Чындыгында инсан жалгыз бул дүйнөдө эч нерсеге жете албайт. Анын чөйрөсү, үй-бүлөсү, жоро-жолдоштору, айылы бар. Момун мусулман ар бир ийгилигин коом менен бөлүшүүнү адат кылышы керек экен. Курман айт майрамы, курмандык маалы мына ушуну бизге үйрөтүп жатат. Күн бою эт союлат. Бул малдын бир бөлүгүн элге жеткирейин, колу-кошунага берийин дегендиги бизге башка бирөөнүн камын ойлогонго, башканын да бактысына өбөлгө болууга үйрөтүп жатат», — деди Убайдылла ажы.

Ошондой эле Сарыбаев курмандык чалуунун эрежелерин түшүндүрүп өттү.

«Базарга барганда эч качан койду тандоодо шашылбаңыздар. Койдун көзү көр болбосун, буттары чолок болбосун, кулактарынын үчтөн биринен көбү кесик болбосун, өтө арык болбосун деген таржымалы бар. Сойгон адамга терисин же башын берүүгө болбойт, акысын акча менен гана берүү керек. Жандыкты кыбыланы каратып союу керек», — деди ал өз сөзүндө.

Сүрөттөрдүн автору: Майрамбек Камытов
Редактору: Элвира Акимова