«Манастагы» Американын базасынын жабылышын Трамптын үзөңгүлөшү орус миллиардеринин акчасы менен сүрөмөлөгөн

Пол Манафорт. ABC/ Ida Mae Astute

АКШнын президенти Доналд Трамптын шайлоо штабынын башчысы Пол Манафорт 2005-жылы Кыргызстанда Орусиянын кызыкчылыгын, анын ичинде Американын «Манас» аба майданындагы авиабазасынын жабылышын сүрөмөлөгөн. Бул тууралуу «Проект (Долбоор)» басылмасынын иликтөөсүндө айтылат.

Иликтөөнүн авторлору белгилегендей, Манафорттун Кыргызстандагы ишин Орусиянын президенти Владимир Путиндин үзөңгүлөштөрүнүн бири жана орусиялык миллиардер Олег Дерипаска каржылаган.

Басылманын маалыматына ылайык, Манафорт Орусиянын кызыкчылыктарын Кыргызстанда дагы бир саясий технолог Константин Килимник менен бирге сүрөмөлөгөн. Килимник ошол кездеги президент Курманбек Бакиевге иштеген. Буга чейин Манафорт Килимник менен бирге Орусиянын Украинадагы сүрөөнчүсү болуп жүргөн.

«Долбоор» басылмасынын маалыматы боюнча, Килимник менен Манафорт  2005-жылы Кыргызстанда Американын «Манастагы» авиабазасын жабууну негизги максат кылган.

Американын базасы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылгандан кийин төрт жыл өткөн соң биротоло 2014-жылы гана жабылган.

2005-2007-жылдары Кыргызстандын премьер-министрлик кызматын аркалаган Феликс Кулов ал кезде Манафорт менен да, Килимник менен да жолугушпаганын «Клооптун» кабарчыларына билдирди.

«"Манас" авиабазасынын жабылышы тууралуу маселе президент Бакиевдин администрациясынын компетенциясында болгон», — деди Кулов.

Манафорт деген ким?

Манафорттун полиция бөлүмүндөгү сүрөтү

Пол Манафорт — 2016-жылы Дональд Трамптын шайлоо штабын жетектеген америкалык саясий технолог (Трамп ошол убакта АКШнын президенти болуп шайланган).

2017-жылдын октябрь айында Манафорт жана анын өнөктөшү Рик Гейтс Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого тиешеси жөнүндө иликтөөнүн биринчи фигуранттары болуп калышкан.

22-августта Американын соту Манафортту айыптоо корутундусундагы 18 пунктун сегиз бөлүмү боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок, бул пункттардын түздөн-түз шайлоого тиешеси жок. Аны банк алдамчылыгы, салык төлөөдөн жана чет өлкөлүк эсептерди декларациялоодон баш тартуу боюнча күнөөлүү деп табышкан.

Айыптоочу тараптын версиясы боюнча, Манафорт Украинанын экс-президенти Виктор Януковичтин жана анын партиясынын кызыкчылыгын сүрөмөлөө үчүн бери эле дегенде 15 млн доллар каражат тапкан. Бирок, ал бул кирешеден салык төлөгөн эмес.

Ал эми Манафорт өзүн күнөөлүү деп эсептебейт.

Айрым ЖМКлардын («Долбоор» басылмасынын иликтөөсүн тастыктаган) версиясы боюнча, ал Украинада тапкан кирешесинин жарымын Кыргызстандын «АзияУниверсалБанкындагы» өзүнө тиешелүү эсептер аркылуу изин жашырган. Ошол убакта аталган банкты Курманбек Бакиевдин баласы Максимдин жакын санаалаштары башкарып турган.

«Долбоордун» иликтөөсү менен көптөгөн Америкадагы басылмаларда Манафорт жана анын командасы Дерипасканын Украинадагы инвестициялык долбоорлорго, андан сырткары, Орусиянын бийлигине байланыштыгы бар делген украиналык олигарх Дмитрий Фирташтын иштерине тартылганы айтылат.