Тажикстанда журналист жана жергиликтүү КВН лигасынын мүдүрү Хайрулло Мирсаидовго карата өкүм жокко чыгарылды. Июль айында ага «коромжулук» боюнча айып тагылып, 12 жылга кесилген. Буга чейин Мирсаидов жергиликтүү аткаминерди коррупция боюнча айыптап, анын үстүнөн президентке арызданган.

Мирсаидов 17 жылдан бери Тажикстанда жергиликтүү ЖМКларда журналист катары эмгектенип келет жана маал-маалы менен чет өлкөлүк басылмаларга да макалаларды жазып турат. Ошондой эле, ал КВНди өнүктүрүүнүн үстүндө иштейт жана жергиликтүү лиганы жетектейт.

Ал 2017-жылы Согди облусунун Спорт жана жаштар иштери боюнча башкармасы Олим Зохирзодага тажик квнчилери үчүн микрофон сатып берүүнү өтүнгөн. Бирок аткаминер баш тартып койгон.

Мирсаидов жабдуулар үчүн каралган акчаны Зохирзода өзүнө кымырып алган деп билдирген. Аткаминер бул айыптоону четке кагып, журналист жалган-жалаа айтып жатат деп арыз жазган.

Ошондон кийин Мирсаидов Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун администрациясына жагдайга көнүл бурууну өтүнүп ачык кат жазган.

Мирсаидов кайрылуу жөнөткөндөн кийин эки апта өткөн соң 2017-жылы 5-декабрда камакка алынган. Тергөөчүлөр ага акчаларды ыйгарып алуу, документтерди жасалмалоо жана жалган айтуу боюнча айып тагышкан. Журналисттин өзүнүн айтымында, тергөө жарым жылга уланып, эки жолу жылдырылган.

2018-жылы 11-июлда Мирсаидов Хужант шаардык соту тарабынан 13,5 миң долларды короткон делип, ошондой эле, башка айыптар боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал 12 жылга эркинен ажыратылып, 13 миң доллар өлчөмүндө штраф төлөөгө милдеттендирилген.

Мамлекеттик айыптоочу Рауфхон Ализода сотто билдиргендей, Мирсаидов КВН командасын «мыйзамсыз» уюштурган. Ал эми Мирсаидов өзү сот отурумундагы акыркы сөзүндө КВНди Тажикстандын беделин жакшыртуу үчүн өнүктүрүүн үстүндө иштегенин айткан.

«Мен өз эмгегим үчүн эч кимден кызмат, наам жана акча да сураган эмесмин», — деп билдирген ал.

#FreeKhayrullo

Өкүм чыккандан кийин Мирсаидовдун достору менен кесиптештери интернетте «#FreeKhayrullo (Хайруллону бошоткула)» деген аталышта акция өткөрө башташкан.

Даниялык журналист Майкл Андерсен акция дүйнө жүзүндөгү адамдар Мирсаидовду колдоо максатында өз сүрөттөрүн жөнөтө башташы үчүн атайылап уюштурулганын билдирди.

«Биз аны сот чечими жарыялангандан кийин бир саат өткөн соң эки досум жана Хайруллонун кесиптештери менен баштаганбыз», — деди ал.

Мирсаидовду «Хьюман Райтс Вотч», Журналисттерди коргоо комитети жана «Фридом Хаус» сыяктуу эл аралык укук коргоо уюмдары колдоп чыгышкан. Алар Мирсаидовго карата чыгарылган өкүмдү сынга алып, аны «саясий мүнөздүү» деп аташкан. Мындан тышкары, алар Тажикстандын бийлигин журналистти бошотууга чакырышкан.

Ошондой эле, журналистти АКШнын, Германиянын, Улуу Британиянын жана Франциянын дипломатиялык миссиялары колдоого алышкан. Алар Мирсаидовго карата өкүмдү өлкөдөгү сөз эркиндикке карата мамилени чагылдырат деп эсептешкен.

Натыйжада Согди облустук соту 22-августта шаардык соттун өкүмүн кайра карап чыгып, Мирсаидовду сот залынан бошоткон. Актоо чечимине карабастан, журналист мамлекетке 8 миң долларга чукул штраф төлөп берүүгө милдеттүү.

«Бирок Хайрулло Мирсаидов темир тор артында 9 ай отурганындыктан, болгону штраф гана төлөшү керек», — деди анын адвокаты.

«Хьюман Райтс Вотчттун» Борбор Азия боюнча эксперти Стив Свердлоу Мирсаидовго карата чыгарылган актоо чечимди Тажикстан үчүн «маанилүү» деп атады.

«Бул тергөө изоляторунан бошотулган саясий камактагылардын бирөөсү. Балким анын артынан башка саясий камактагылар да бошотулушу мүмкүн», — деп үмүттөнөт ал.

Ал эми Мирсаидов өзү айрым бир убакыт үй-бүлөсү менен болуп, андан соң өкүмдү даттана турганын маалымдады.

Авторлошу: Камилла Садыкова